Украинанын чыгышындагы фронтто акыркы күндөрү кырдаал катуу курчуду. Бул тууралуу ишембиде украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Телеграм каналына жазды.
Анын сөзүнө караганда, март айындагы Орусиянын президентин шайлоодон соң орус аскерлери чабуулду күчөттү. Ал шайлоодо Владимир Путин бешинчи ирет 87% ашуун добуш менен шайланды.
Сырскийдин маалыматына ылайык, орус аскерлери Лиман жана Бахмут багытында бронетехниканын жардамы менен чабуул коюуда, Покровскиде алар ондогон танк жана бронетехниканын колдоосунда украиндердин коргонуусун жарып өтүүгө аракет кылып жатат.
"Оор жоготууларга карабай, орус аскерлери кээде ийгиликтерге жетишип атат", - деп жазды Сырский.
Украин жана Орусиянын Телеграм каналдарында, маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүлөргө ылайык, акыркы күндөрү орус аскерлери активдүү чабуулун Часов Яр аймагына жасоодо. Бул Бахмуттун жана Авдеевканын батышындагы украиндер үчүн эң маанилүү аймак.
Украиндердин DeepState каналы орус аскерлери аталган аймак менен коңшу турган Богдановка айылын басып алганын билдирди. Украинанын Коргоо министрлиги ишембиде эртең менен Богдановкада "айыгышкан салгылаш" жүрүп жатканын кабарлаган. DeepState украин аскерлери чегинип баратат делген тасмасын жарыялаган. Согуш учурунда маалыматтарды жеринен тактоо мүмкүн эмес.
Орус армиясынын жарандык инфратүзүмдөргө жасаган чабуулунан ишембиде Донецк облусунда 3 киши мерт кетти, дагы 4 адам жараат алды. Авиачабуул Покровск районундагы Нетайлово жана Новоселидовка кыштактарына жасалды, Очеретино шаарчасында көп кабаттуу үй талкаланганы кабарланды. Бул айылдар орус армиясы чабуулун күчөтүп жаткан Авдеевканын батышында жайгашкан.
Континенттер аралык баллистикалык ракета Капустин Яр полигонунда сыноодон өткөнүн ТАСС агенттиги жазды
Орусиянын Коргоо министрлиги "жыйынтык орусиялык ракеталардын ишенимдүүлүгүн көрсөтөт" деп билдирген.
"2024-жылы 12-апрелде Астрахан облусундагы Капустин Яр полигонунда Стратегиялык мааниси бар ракеталык бөлүгү тарабынан топуракта кыймылдай алган комплекс аркылуу континенттер аралык баллистикалык ракета сыноодон өттү. Жыйынтык ракеталар Орусия Федерациясынын стратегиялык коопсуздугун сактоодо ишенимдүүлүгүн көрсөттү", - дешкен мекемеден.
Рейтер агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, континенттер аралык ракета сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жазды.
Калган көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.
Орусия Украинада согуш баштагандан бери бир нече жолу ракета менен сокку урган. Алардын көбү калктуу конуштарга тийип кыйроолорго жана өлүмгө алып келүүдө.
Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Запорожье облусунун Токмак шаарында уранды астынан дагы төрт адамдын сөөгү алынды. Ошентип, кечээ кечинде болгон атышуудан каза болгондордун саны онго жетти. Бул тууралуу Орусия дайындаган аймактын башчысы Евгений Балицкий билдирди.
Каза болгондордун арасында үч бала бар. Эки адам дайынсыз, он сегиз адам жабыркаганы айтылууда.
Ишемби күнү эртең менен уранды астынан беш адам куткарылды.
"Денеси күйгөн жана жараат алган адамдар медициналык мекемеге жеткирилди, алардын үчөөнүн абалы оор", - деп жазды Балицкий.
12-апрель күнү кечинде Балицкий Украинанын аскерлери тарабынан Токмактагы көп батирлүү үйлөр аткыланганын билдирген. Натыйжада жеке сектордогу 25 үй жана көп кабаттуу 9 үй газсыз калган.
Бул окуяга Украина тарап комментарий берген жок.
- Запорожье облусундагы Токмак шаары орус аскерлеринин көзөмөлүндө. Запорожье облусунун бир бөлүгүн согуш башталганда эле Орусия басып алган, бирок анын борбору Запорожье шаары Украинанын көзөмөлүндө турат.
- 2022-жылы сентябрда Владимир Путин Запорожье облусунун Орусияга кошулуусу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул чечимди дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү тааныган эмес.
12-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 17 “Шахед” жанкечти дрону жана Х-59 башкарылуучу авиациялык ракета менен сокку урду.
Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, дрондор аннексияланган Крымдын Чауда тумшугунан, ал эми ракета Донецк облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн учурулган.
Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетровск, Винница, Хмельницк облустарында 16 дрон абадан атып түшүрүлгөнү кабарланды.
Днепропетровск облусунда дрондун калдыктары маанилүү инфратүзүм объектисинин аймагына кулап, өрт тутанган.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Ростов жана Белгород облустарында беш дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. “Астра” Телеграм-каналы өз булактарына таянып, дрон чабуулу Ростов облусундагы Новошахтинск мунай иштетүүчү заводуна жасалганын жазды. Атып түшүрүлгөн аппараттардын бири заводдун аймагынан табылган.
Буга чейин “Настоящее время” телеканалы маалымдагандай, жыл башынан бери украиналык дрондор Орусиянын 10 регионундагы 15 мунай иштетүүчү заводуна сокку урган.
10-апрелде Брюсселде уюмдун кеңсесинде Финляндиянын президенти Александр Стубб менен сүйлөшүү жүргүзгөн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг бул маселеге токтолуп, Украина агрессиядан коргонуп жаткан өлкө болгондуктан сырттагы "легитимдүү аскердик максаттарды" бутага алууга укугу бар экенин билдирди.
Анын белгилешинче: "Эл аралык укук ченемдерине ылайык, Украина өзүн өзү коргоо укугуна ээ. Мындай укук Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында да жазылган. Биз ага НАТОнун мүчөлөрүн бул кармашка катыштырбай жардам бере алабыз. Өзүн өзү коргоо – бул Украина өзүн коргош үчүн сыртка да сокку ура алат дегенди туюндурат".
9-апрелде Bloomberg АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге шилтеме берип, украин куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай иштетүү заводдоруна урган соккулары дүйнөнүн энергетика тармагына залака тийгизерин маалымдады.
Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын танып, аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет. Ал эми украин бийлиги Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулар үчүн расмий жоопкерчилик ала элек.