Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:36
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.

Киев жана Харьков кайрадан жапырт бутага алынды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:56 20.4.2024

20-апрелге караган түнү Орусиянын сегиз аймагында кеминде 50 дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлап, муну үчүн Украинаны айыптады.

Мекеме билдиргендей, 26 дрон Белгород облусунда, 10 дрон Брянск, сегиз дрон Курск, эки дрон Тула облустарында жана Смоленск, Рязанск, Калужск, Москва облустарында бирден дрон атып түшүрүлгөн.

Белгород облусунун Пороз деп аталган айылында учкучсуз учактар таштаган жардыруучу заттардан жеке турак жай өрттөнүп, эки адам каза болду. Калужск жана Брянск облустарында учкан дрондор энергетикалык объектилерге зыян келтирген. Смоленск облусунда күйүүчү-майлоочу кампа күйүп кеткен.

Орус аскерлеринин Украинага каршы кеңири масштабдагы кол салуусу башталган 2022-жылдан бери Орусиянын өзүнүн аймактары да ар кандай аткылоолорго жана дрон чабуулдарына кабылып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги муну үчүн украин тарапты айыптап, ракеталар жана дрондорду атып түшүрүп жатканын маалымдап турат. Ошол эле маалда мындан кыйроолор жана курмандыктар да катталып турат. Бул чабуулдардын көбүнө Киев эч кандай комментарий бербейт.

01:11 19.4.2024
Украина: Черниговдо Орусиянын чабуулунан 18 киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:55 0:00

15:57 18.4.2024

Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын 17-апрелдеги ракеталык чабуулунан каза болгондор 18ге жетти. Бул тууралуу 18-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Жараат алгандар 78 киши, алардын үчөө балдар экени, жалпысынан орус аскерлери шаршемби күнү шаардын борбордук бөлүгүнө үч жолу ракета менен сокку урганы, үйлөр, окуу жайлар, ооруканалар жана башка социалдык инфраструктура мекемелери талкаланганы кабарланды. Бүгүн Черниговдо Аза күтүү күнү жарыяланды.

18-апрелде Ивано-Франков облусу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн облустук аскердик администрация башчысы Светлана Онищук билдирди.

Фронт тилкесинде соңку суткада жалпысынан 87 жерде кагылышуу болгону, орус аскерлеринин чабуулу Бахмут жана Новопавловск багыттарында көбүрөөк катталганы маалымдалды.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский НАТОнун Европадагы бириктирилген куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, АКШнын Европадагы Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Кристофер Каволи менен сүйлөшкөнүн 18-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Фронттогу абал, Украинанын муктаждыктары жана өнөктөштөрдүн жардамы тууралуу сөз болгону кабарланды.

Александр Сырский Орусия өз аскерлерине 9-майга чейин Донбасстагы Часов Яр шаарын ээлеп алуу тууралуу тапшырма бергенин жакында айткан.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.

Президент Владимир Зеленский 17-апрелде Черниговдогу чабуулдан кийин да "Украинада абадан коргонуу системасы жана дүйнөнүн орусиялык террорго каршы чечкиндүүлүгү жетиштүү деңгээлде болсо азыркыдай абал жаралбайт эле", - деди.

15:25 15.4.2024

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылганын 15-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облусунда, Орусия ээлеп алган Бахмуттан анча алыс эмес аймакта жайгашкан Северск шаары жекшембинин кечинде реактивдүү артиллериядан аткыланып, 36 жаштан 86 жашка чейинки курактагы төрт кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Ушул эле облустун жети айылы да бутага алынып, Очеретино кыштагында бир аял каза болду.

Сумы облусу бир күндө 19 жолу аткыланганы, 76 жерде жарылуу болгону, жекшемби күнү дрондон ташталган жардыргыч зат жүк ташуучу машинага тийип, айдоочусу каза болгону кабарланды.

Фронтто соңку суткада 54 жерде кагылышуу катталганын, алардын эң көбү Донецк облусунда болгонун 15-апрелде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын февралында кабылган. Өлкө президенти Владимир Зеленский 14-апрелде да союздаштарына кайрылып кошумча жардам сурады жана «жардам жетпеген ар бир күн көп сандаган кыйроого, өмүрлөрдүн талкаланышына алып келип жатканын» айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG