Швейцария бул өлкөдө камакка алынган орусиялык активдердин жалпы суммасы былтыр жыл соңунда 5,8 миллиард швейцариялык франкка (6,36 миллиард доллар) барабар болгонун 23-апрелде Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылык (SECO) билдирди. Швейцария өкмөтүндө бул катчылык санкция маселелерин көзөмөлдөйт.
Санкция салынган орусиялыктардын активдерин Швейцария камакка алган 2022-жылдын соңунда бул сумма 7,5 миллиард франк болчу. Бир жыл ичиндеги 1,7 миллиард франктык төмөндөөнүн негизги себеби деп акциялардын жана башка каржылык активдердин базар наркынын арзандоосу аталды.
Талдоочулар мындай олуттуу төмөндөө бейтарап макамды карманган Швейцарияга Орусияга Украинага кол салганы үчүн эл аралык басымын катуулатуу талабын күчөтөрүн белгилеп жатышат.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Швейцарияда орусиялыктардын активдеринин жалпы суммасы дээрлик 150 миллиард франк түзөт.
Орусия 23-апрелге караган түнү Украинанын аймагына жанкечти дрондор жана баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун украин аскерлери билдиришти. Өлкөнүн Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 16 учкучсуз учактын 15и атып түшүрүлдү, «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан экөө учурулду, алар кармалбай калды.
«Шахед» дрондору Киевди жана Одессаны бутага алганы маалымдалды. Одессада, Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, үйлөр жана башка социалдык инфраструктура объектилери талкаланды, 34 адам куткарылып калды, ал эми жараат алган тогуз кишинин төртөө балдар.
Харьков шаарында дүйшөмбү күнү телемунара Х-59 ракетасы менен бутага алынган. Бүгүнкү күндө санарип эфир сигналдары калыбына келтириле элек экенин облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, радио, интернет жана мобилдик байланыш үзгүлтүккө учураган жок.
Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон.
АКШнын Өкүлдөр палатасы бир канча жумага созулган талкуудан кийин Украинага 61 млрд долларды бөлүүнү колдоп, добуш берди. Бул Вашингтонго бир канча айдан бери токтоп турган аскердик жардамды Киевге жеткирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Би-Би-Си мыйзам долбоорун демократтар жана республикачылар болуп 311 конгрессмен колдогонун, 112си каршы болгонун жазды. Демократтардын 210у Украинага жардам берүүгө макул экенин билдирген. Республикачылардын 101и "макул", 112си "каршы" болгон.
Мыйзам долбоорун эми Сенат кайрадан бекитүүгө тийиш. Андан кийин АКШ президенти Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт.
Долбоорго ылайык, Украинага жардам 60,84 млрд долларды түзөт. Анын 23,2 млрд доллары Киевге берилген аскердик жардамдын запасын кайра толуктоого, 11,3 млрд доллары украиналык аскерлерди аймакта жана НАТОго мүчө өлкөлөрдө окутуу үчүн каралган.
"Свобода" радиосу 14 млрд доллар алдыңкы куралдарды сатып алууга жумшаларын, 10 миллиарды Украина келечекте кайтарып бере турган экономикалык жардам катары берилерин жазды.
Politico жана Washington Post ушул жумада Пентагон Украинага берилчү жардамды камдап койгонун, аны Украинага жардам жеткирүүгө бир жумадан азыраак убакыт кетерин жазышкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондогу добуш берүүнү кубаттап, мунун жыйынтыгы "миңдеген өмүрлөрдү куткара турганын" жазды. "Биз мыйзам долбоору Сенатта колдоо таап, Байденге жөнөтүлөрүнө ишенебиз, Америка рахмат", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Телеграм-каналына "Кошмо Штаттардын Украина, Израил жана Тайванга бөлгөн аскердик жардамы дүйнөдөгү кризистик кубулуштарды тереңдетет" деп жазды. Украинага жардамды Захарова "террордук ишмердүүлүккө түз демөөрчү болуу" деп атады.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Израилге, Украинага жана Кошмо Штаттардын башка да союздаштарына аскердик жардам көрсөтүү тууралуу бир нече мыйзам долбоорун талкуулап, добушка коё турганы 15-апрелде белгилүү болгон.
Мыйзам долбоорлору былтыр күзүндө иштелип чыккан. Бирок Конгресстеги республикачылардын жана демократтардын талашынан улам кабыл алынбай келген.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда "Украина. 2024-жыл" форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
20-апрелде Орусиянын армиясы Белгород облусу жана Кара деңиз тараптан Украинаны жети ири ракета менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлады.
Мунун ичинен авиациялык эки “Кинжал” ракеталары атып түшүрүлгөн. Мындан сырткары Орусиянын чалгындоочу дагы үч учкучсуз учагы жок кылынган.
Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын танып, аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет. Ал эми украин бийлиги Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулар үчүн расмий жоопкерчилик ала элек.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.
Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. Конгрессте сунуш кылынган мыйзам долбоорлору колдоо таба элек.