Москванын Басманный соту коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду 23-июнга чейин камакка алды. Ага ири өлчөмдөгү пара алган деген айып тагылды.
Коопсуздук кызматы аткаминерди шейшембиде кармап, Тергөө комитетине жеткирген. Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, Иванов "үчүнчү жактар менен макулдашып кылмышка барган". Соттордун биргелешкен басма сөз кызматы аны менен кошо дагы бир нече киши акча алууга катышкан деген шек менен кармалганын билдирди.
Алардын бири Сергей Бородин паракорлукка айыпталып, эки айга камалды.
ТАСС агенттигинин булагы министрликте аскерлерди турак жай менен камсыздоо, курулуш, ремонттук иштерге көз салган Ивановдун артынан бир нече убакыттан бери байкоо салып жүрүшкөнүн айтып берди. Ага каршы материалдар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жана оперативдик иш-чараларга негизделген.
Коргоо министрлигинин сайтына чыккан маалыматка караганда, 49 жаштагы Иванов бир кездерде отун-энергетикалык комплексте, Москва облусунун өкмөтүндө иштеген, "Оборонстрой" ишканасын жетектеген. Азыркы кызматына 2016-жылы дайындалган.
Иванов АКШ, Еврошаркет, Британия жана Канаданын санкциялар тизмесине киргизилген.
2022-жылы декабрда Алексей Навальныйдын командасы анын үй-бүлөсү тууралуу иликтөө чыгарган. Материалда Иванов жубайы менен эс алууга, яхта, виллалардын ижарасына, кымбат буюмдар менен кийим-кечеге бир миллиондон ашуун евро короткону айтылган. Андан тышкары аялынын чыгымдарын согушта талкаланган украиналык Мариупол шаарын калыбына келтирүү менен алектенген фирма төлөгөнү ачыкка чыккан.
АКШ Конгрессинин жогорку палатасы Кошмо Штаттардын өнөктөштөрүнө 95,3 млрд долларлык аскердик жардам, анын ичинде Украинага 61 млрд доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоду. Чечимге сенаторлордун 79у “макул”, 18и “каршы” добуш берди.
Жардамдын калганы Израилге, Тайванга жана башка өлкөлөргө берилет.
Сенаттагы консервативүү республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы чыгып, Ак үйдөн Америка Кошмо Штаттарынын өзүнүн түштүк чек арасын бекемдөөнү жана башка нерселерди талап кылып келишкен.
Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан. Президент Жо Байден кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет.
22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык президент Жо Байден Кошмо Штаттар “Украинанын согуштагы жана абадан коргонуудагы чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коопсуздук боюнча олуттуу жаңы жардамды тез арада жөнөтөрүн” билдирди. Байдендин айтымында, аталган мыйзамга ал “Сенат жактырар замат кол коет”.
Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди. Бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.
Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган.
АКШ Конгрессинин Сенатында бүгүн 23-апрелде Украина үчүн дээрлик 61 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болот. Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан.
Президент Жо Байден кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет. 22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык президент Кошмо Штаттар «Украинанын согуштагы жана абадан коргонуудагы чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коопсуздук боюнча олуттуу жаңы жардамды тез арада жөнөтөрүн» билдирди. Байдендин айтымында, аталган мыйзамга ал «Сенат жактырар замат кол коет».
Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди, бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.
Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды кайтарылгыс насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган.
Швейцария бул өлкөдө камакка алынган орусиялык активдердин жалпы суммасы былтыр жыл соңунда 5,8 миллиард швейцариялык франкка (6,36 миллиард доллар) барабар болгонун 23-апрелде Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылык (SECO) билдирди. Швейцария өкмөтүндө бул катчылык санкция маселелерин көзөмөлдөйт.
Санкция салынган орусиялыктардын активдерин Швейцария камакка алган 2022-жылдын соңунда бул сумма 7,5 миллиард франк болчу. Бир жыл ичиндеги 1,7 миллиард франктык төмөндөөнүн негизги себеби деп акциялардын жана башка каржылык активдердин базар наркынын арзандоосу аталды.
Талдоочулар мындай олуттуу төмөндөө бейтарап макамды карманган Швейцарияга Орусияга Украинага кол салганы үчүн эл аралык басымын катуулатуу талабын күчөтөрүн белгилеп жатышат.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Швейцарияда орусиялыктардын активдеринин жалпы суммасы дээрлик 150 миллиард франк түзөт.