Украинада Орусиянын чабуулунан фронтко жакын аймактарда адамдар жараат алганын бүгүн 26-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Балаклея шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан темир жол вокзалынын имаратында терезе, чатыр талкаланды, жараат алгандардын саны 11ге жетти.
Донецк облусунун аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин Донбасста 25-апрелдеги чабуулдан беш кишинин өмүрү кыйылганын, сегиз киши жараат алганын билдирди.
Днепропетров, Николаев, Запорожье жана Одесса облустары да орус аскерлеринин соккусуна кабылганы маалымдалды.
Бүгүн 26-апрелде «Рамштайн» форматындагы кезектеги жолугушуу онлайн форматта өтөрүн, анда Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү тездетүү маселеси караларын украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул форматка Украинанын 50гө жакын союздашы мүчө.
25-апрелде Киевде Улуу Британиянын каржы министри Жереми Хант менен жолугушууда, Зеленскийдин айтымында, Орусияга каршы санкция саясаты талкууланды.
Орусия Украина менен согуштан улам жер которгон балдардын маселесин биринчи жолу түз талкууланганын билдирди. Катардын арачылыгы менен Доха шаарында өткөн сүйлөшүүгө катышкан Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованын айтымында, Украинага 29 бала, Орусияга 19у жөнөтулөт, тизме түзүлүп бүттү.
Бирок украин тараптын өкүлү, парламенттин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец Дохадагы кездешүүдөн кийин бул маалыматты бышыктоодон баш тартты. Ал эки өлкөнүн «бул маселе боюнча түз байланышы жок» деп кошумчалады. Бул тууралуу АFP агенттиги жазды.
Киев Москваны 19 минден ашуун украиналык баланы күчтөп чыгарып кеткени үчүн айыптап келатат. Львова-Белова бул маалыматты жалган деп четке кагууда.
Январда Лубинец согуш башталгандан бери 517 бала жана 2828 чон киши кайтарылганын билдирген. Былтыр декабрда Львова-Белова андан мурдагы жылы фронттун сызыгы өзгөргөндө жакындарынан бөлүнүп калган жеткинчектер үй-бүлөлөрүнө кайтканын айткан. Украинага кайтарылган балдар тууралуу ал акыркы жолу быйыл 21-мартта маалымдаган. «Коммерсантъ» гезити ошондо беш украиналык жана бир орусиялык бала тууралуу жазган.
Киев жеткинчектер орус аскерлери басып киргенден кийин ээлеп алган аймактардан депортацияланганын айтса, Москва аларды коопсуздук үчүн эвакуациялашканын билдирип келет.
Былтыр мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту президент Владимир Путин менен Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар Украинадан «балдардын мыйзамсыз депортациясына байланышкан согуш кылмышы үчүн жооптуу болушу ыктымал» деп айтылган. Орусия ал соттун юрисдикциясын тааныбайт.
АFP маалымдагандай, 2023-жылдын июлунан бери Катар украиналык ондогон баланы орус армиясы оккупациялаган аймактарынан кайтарууга жардам берген.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы эл аралык санкцияларды кеңейтүүгө чакырды.
25-апрелде Киевде Британиянын финансы министри Жереми Хант менен жолукканда президент Украинадагы кырдаалды жана Орусияга каршы жазалоочу чараларды күчөтүүнү, санкцияларды буйтап өтүүсүн алдын алууну талкуулады.
Зеленский ошондой эле Х социалдык тармагына жазган постунда жаңы аскердик жардам пакети үчүн Британияга ыраазычылыгын айтты. 622 миллион долларга тете жардам берилерин британ премьер-министри Риши Сунак жуманын башында Польша сапары учурунда жарыялаган.
Лондон быйылкы каржы жылында Киевге убада кылган аскердик жардамдын жалпы көлөмүн 3,71 млрд долларга жеткирди.
Хант Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал менен да жолугуп, аскердик жабдык пакетинин мазмунун, абадан коргонуу системаларын жана энергетикалык жабдууларды жеткирүү маселелерин талкуулады.
Британиялык министрдин сапары алдында АКШнын президенти Жо Байден Киевге 61 млрд доллар аскердик жардам берүү мыйзамына кол койгон.
Ал ортодо Орусиянын аскерлери кошуна өлкөсүн аткылоону улантуда. 25-апрелде Черкасы облусунда бир нече киши жарадар болгонун, маанилүү инфраструктура зыян тартканын жергиликтүү бийлик билдирди.
Днепропетровскиде энерегетикалык жай жана газ түтүгү жабыркады.
Донецк облусунда төрт киши, Херсондо үчөө жараат алды. Чабуулга Запорожье облусу да кабылды.
Москвада быйыл 9-майда «Өлбөс полктун» жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн «Осторожно, Москва» Телеграм-каналы уюштуруучуларга шилтеме жасап жазды.
Мамлекеттик Думанын эмгек, социалдык саясат жана ардагерлердин иши боюнча комитетинин төрага орун басары Елена Цунаева жүрүш «коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына» байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөсүн билдирди. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.
Буга чейин Орусиянын бир нече аймагында Жеңиш күнүнө арналган парад жана «Өлбөс полктун» жүрүшү болбой турганы кабарланган. Эскерүү иш-чараларын онлайн уюштуруу сунуш кылынган. Парад Курск, Брянск, Белгород, Рязань жана Псков облустарында болбойт.
Былтыр салттуу парад 23 аймакта өткөрүлгөн эмес. Украина менен чек аралаш Курск, Белгород жана Брянск аткылоого туш болуп келатат. Жергиликтүү бийлик чабуулдар украин тараптан коюлганын айтса, Киев ал маалыматтарды комментарийсиз калтырууда.
«Өлбөс полктун» жүрүшү Кыргызстанда да уюштурулуп жүрөт.
Акцияны Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-жылдары жүрүш болгон эмес.
Маршка каршы болгондор Орусия Украинага басып киргенден кийин мындай жүрүштү өткөрүүнүн кереги жок деген пикирди айтышат.