Соңку суткада Орусиянын артиллериялык жана минометтук чабуулдарынан Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарында кеминде жети киши жараат алганын 29-апрелде Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Сумы облусу да аткыланганы, жалпысынан бул облуста кечээтен бери 127 жарылуу болгону кабарланды.
Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, фронтто соңку суткада 131 жерде кагылышуу болду.
Бир күн мурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, Орусия фронттун бардык тилкелеринде чабуулдарын активдештиргенин, айрым багыттарда алар тактикалык ийгиликке жетишип жатканын билдирген.
«Покров жана Курахов багыттарында абал эң оор, ал жакта айыгышкан кармаш жүрүүдө», – деди ал.
Германияда 27-апрелде киши колдуу болгон эки украиналык жаран аскер кызматкери экенин, алар немис ооруканасында медициналык реабилитациядан өтүп жатканын Украинанын Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Бул кылмыш үчүн 57 жаштагы киши кармалганы, ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-апрелге караган түнү Краснодар аймагын бутага алган 68 дрон жок кылынганын, анын экөө аннексиялаган Крымда атып түшүрүлгөнүн, кара май заводунда өрт чыкканын кабарлады.
ТАСС агенттиги "Славянск Эко" компаниясынын өкүлүнө шилтеме кылып, заводдун иши жарым-жартылай токтогонун, өрт өчүрүлгөнүн жазды.
Аталган крайдын губернатору Вениамин Кондратьев дрондор менен Славянск, Северск жана Кущевск райондорундагы кара май сакталган жайлар, инфраструктуралар бутага алынганын, "ондогон дрон" жок кылынганын билдирди. Кондратьев жана Коргоо министрлиги чабуулдарга байланыштуу Украиананы айыптады.
Киев бул кол салуу тууралуу расмий комментарий бере элек. Айрым Телеграм-каналдарда Кущевск станциясындагы аэродромдо да өрт чыкканын, учактар жабыркаганын жана алардын саны такталып жатканын жазышты.
Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Соңку айларда Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго дрондон чабуул күчөдү. Жергиликтүү бийлик буга байланыштуу украин аскерлерин айыптап келет. Чабуулда заводдор талкаланып, өрттөнүп, бензиндин жана дизелдик отундун өндүрүү көрсөткүчү апта сайын төмөндөгөн учурлар катталды.
Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 51 679 орусиялык набыт болгонун чогуу аныктап чыкты.
Ага ылайык, набыт кеткендердин 6159у мобилизацияга тартылгандар, 10,5 миңден көбү абактан согушка жөнөтүлгөндөр.
Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсеге көп.
Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылышат.
АКШнын Коргоо министрлиги Украинага баасы 6 миллиард долларлык аскердик жабдык, ок-дары жөнөтүлөрүн билдирди. Бул Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден берки Вашингтондун Киевге көрсөткөн бир жолку ири жардамы болуп калмакчы.
Жабдыктардыр арасында Patriot абадан коргонуу комплеси үчүн ракеталар бар, бирок бул жолку жардамга комплекстин өзү кирген эмес.
АКШнын президенти Жо Байден 24-апрелде Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койгон.
Вашингтон курал-жарак Украинага ушул жумада жеткириле баштарын билдирген. Бир миллиард долларлык биринчи пакетке абадан коргонуу күчтөрү, артиллерия, ракета системалары үчүн ок-дары жана бронетехника болгон.
Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон.
Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.