Ровеньки мунай базасына жасалган чабуулдан үч киши мерт болуп, дагы жети адам жараат алды. Жарадар болгондордун арасында бала бар. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары өзүн "Луганск элдик республикасы” ("ЛЭР") деп атаган жикчил аймак башчыларына шилтеме кылып жума күнү маалымдашты.
Чабуулдан мунай базасы өрттөнүп кеткенин РБК агенттиги жикчил аймактын башчысы Наталия Пащенкого шилтеме кылып жазды.
Маалыматты көз карандысыз булактан тастыктоого азырынча мүмкүн эмес.
Луганск облустук аскердик администрациянын башчысы Артём Лысогордун мунай базасына урулган соккудан кийин "баскынчыларда күйүүчү май жетишсиздиги пайда болду" деген сөзүн РБК-Украина агенттиги жазды.
Мурдараак кабарлангандай, 7-май күнү Луганск шаарын аткылоодон Орусиянын көзөмөлүндө турган аймакта мунай базасы өрттөнүп кеткен. Өзүн "ЛЭР" деп атаган аймактын Москва дайындаган жетекчиси Леонид Пасечник чабуул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптаган.
Украинада армиядан качкан 11 миң жаран коңшу Румынияга мыйзамсыз кире качкан. Бул тууралуу румын чек ара полициясы билдирди. Сигету-Мармацией шаарындагы чек ара полициясынын жетекчиси Флорин Командын айтымында, 18ден 60 жашка чейинки украиналык эркектер дароо румын бийлигинен башкалка сураган. Ал чек араны кесип өтүү аракетин көргөн 19 адам набыт болгонун билдирди. Алардын он бири Украина менен Румыниянын ортосундагы Тиса дарыясына чөгүп кеткен.
Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам 11-апрелде Жогорку Радада экинчи, жыйынтыктоочу окууда каралып, кабыл алынды.
Долбоордо үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин аскерден бошотуу тууралуу да жобо бар эле. Бирок аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду. Демобилизация тууралуу мыйзам өзүнчө иштелип чыгары айтылды.
Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушуп келет.
3-апрелде Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айткан. Бирок, анын белгилешинче, бул "адилеттик маселеси". Былтыр 19-декабрдагы пресс-конференцияда Зеленскийдин аскерге 500 миң кишини чакыруу сунушталганы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.
2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
Орусиянын Калуга облусундагы мунай иштетүүчү заводго дрондор менен чабуул жасалды. Алгач бул тууралуу 10-майда SOT Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга таянып жазды. Маалыматка караганда, алар дрондордун үнүн, көп өтпөй мунай заводунун аймагынан жарылуулардын үнүн угушкан. Башка дагы бир катар каналдар мунай заводунда тутанган өрт делген видеолорду таркатышты.
Калуганын “Бирдиктүү нөөмөттөгү диспетчердик кызматы” заводдогу өрт өчүрүлгөнүн билдиргенин кремлчил Readovka Телеграм-каналы жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-майга караган түнү беш дрон абадан атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алардын үчөө Брянск облусунда, бирөө Белгород, дагы бири Москва облусунда кулатылган. Мекеме алардын "баары Украинаныкы" экенин айтты. Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларды расмий комментарийлебейт.
Москва Украинага ири масштабда согуш ачканы, Орусиянын аймактары утур-утур аткылоолорго жана дрон чабуулдарына туш болуп келет. Жыл башынан бери Орусиянын ондон көп аймагында 15тей мунай заводуна дрондор менен кол салынган. Росстаттын маалыматына караганда, Орусияда мунай чыгаруу 14,3% кыскарды.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага HIMARS ракеталык системасынан үчтү жеткирерин билдирди. Бул тууралуу ал АКШдагы сапары маалында 9-майда жарыялады.
“Биз америкалыктар менен кызматташтыкта Украинага үч HIMARS системасын жеткире турганыбызды ырастай алам”, - деди Писториус. Маалыматка караганда, системалар америка куралдуу күчтөрүнүн запасынан жиберилет, акчасын Берлин төлөйт.
Бул ракеталар 80 чакырым радиуска чейин сокку ура алат. Буга чейин Вашингтон Киевге 30 HIMARS берген.
2024-жылдын февралында Украина менен Германия Киевге узак мөөнөттүк колдоо көрсөтүү жана коопсуздук тармагында макулдашууга кол коюшкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский аны "буга чейин болуп көрбөгөндөй макулдашуу" деп мүнөздөгөн. Келишимдин алкагында Берлин Киевге бул жылы 7 миллиард евролук жардам көрсөттү.
Ал эми апрелде Германия бийлиги Украинага орус армиясынын чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн Patriot абадан коргонуу системасын жеткирерин жарыялаган.
Зеленский ыраазычылыгын билдирип, башка лидерлерди немис канцлери Олаф Шольцтон үлгү алууга чакырган.