Орусиянын армиясы 10-майга карагана түнү Украинанын Харьков облусуна ракеталык сокку урду. Аймак башчысы Олег Синегубов кабарлагандай, соккудан 11 жаштагы кыз жана 72 жаштагы аял жабыркады.
Ал эми Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, үч менчик үйдө өрт тутанып, эки турак жай толугу менен талкаланды. Жалпысынан 26 там жабыркап, сексенден көп конуш электр жарыксыз калганы кабарланды.
Мэрдин айтымында, сокку С-300 ракетасы менен жасалган. Облус прокуратурасы ал Белгород облусунан учурулганын билдирди.
Жалпысынан 10-майга караган түнү орус күчтөрү Украинанын аймагына он жанкечти дрон жана эки С-300/С-400 ракеталары менен чабуул койгонун украин армиясы билдирди. Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттын баары абадан атып түшүрүлгөн.
Игорь Терехов апрель айынын башында орус армиясынын тынымсыз соккуларынан мамлекеттик жана жеке энергетикалык инфратүзүмдөрдүн дээрлик баардыгы кыйраганын билдирген.
Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык жайларга сокку урганын төгүндөп, бир гана аскердик обьектилерди бутага аларын айтып келет.
Орус аскерлери Харьков шаарына сокку урганда беш киши, арасында үч өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу облус губернатору Олег Синегубов маалымдады. Анын айтымында, 12, 13 жана 15 жаштагы эркек балдар жарадар болду, биринин абалы оор деп бааланууда.
Синегубов бир дүрмөт билим берүү мекемесинин короосундагы балдар сейилдеп жүргөн стадионго тийгенин кошумчалады.
Харьков облусунун полиция башчысы Владимир Тимошко балдар футбол ойноп жатканда сокку урулганын билдирди. Ал эки өспүрүмдүн абалы оор деп айтты, биринин бутун кесүүгө туура келет.
Өткөн айдын башында жергиликтүү бийлик Харьковдо орусиялык ракета соккуларынан мамлекеттик жана менчик энергетикалык инфраструктуранын дээрлдик бардыгы талкаланганын билдирген. Киевдин маалыматына ылайык, өлкөдөгү экинчи ири шаарга күн сайын С-300 ракеталары, дрондор жана башкарылган жабдыктардан сокку урулуп келет.
8-майга караган түнү украин аймагына 50 ракета жана 20 дрон атылганы кабарланган.
Орусия далилдерге карабай, карапайым кишилерди жана жарандык жайларды бутага алганын танып келет.
Украинада 4-майга караган түнү орус армиясынын дрон чабуулунан алты киши жабыркады. Төртөө Харьков, экөө Днепропетровск облустарында экенин жергиликтүү бийлик башчылары маалымдашты.
Харьковдо ооруканага түшкөндөрдүн бири - 13 жаштагы бала, экөө пенсия курагындагы аялдар.
Иран өндүрүшүндөгү "Шахед" жанкечти дрондорунун сыныгы кулаганда Харьковдогу эки кабаттуу кеңсе имараты күйүп кетти. Өрт бак-дарактарга да жабылганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.
Днепропетровск облусунун жетекчиси Сергей Лысак эки адам бейтапканага түшкөнүн маалымдады. Дрон сыныктары банк имаратына, беш үйгө, лицейге тийип, айрымдарында өрт тутанган. Электр энергиясына зыян келтирген.
Украинанын армиясы ишембиге караган түнү Орусия 13 дрон, С-300 үлгүсүндөгү төрт ракета учурганын билдирди. Дрондордун баары атып түшүрүлгөн, ракета соккулары тууралуу маалымат бериле элек. Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок.
Соңку суткада орус аскерлери Украинага ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуулду улантты. Украин армиясынын Башкы штабынын маалыматына караганда, ракетадан 32 жана 64 жолу абадан сокку урду. Украинанын аскерий позицияларына жана калктуу аймактарына бир нече ракеталык системалардан 60 жолу чабуул жасаган. Жай тургундардын арасында жараат алгандар бар экени кабарланууда. Көп кабаттуу жана менчик турак үйлөр, жарандык инфратүзүмдөр кыйрап, зыянга учураганы Башкы штабдын баяндамасында белгиленген.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус аскерлери аннекцияланган Крым жарым аралындагы Чауд тумшугунан төрт, Херсон облусунун оккупацияланган аймагынан беш дрон учурган. Украин тараптын белгилешинче, Белгород облусунан С-300 зениттик комплексинин ракетасы учурулган.
Орус армиясынын жекшембиге караган түнү жасаган чабуулунан Николаев шаарындагы мейманкана зыянга учурап, өрт чыкты. Ага жакын жайгашкан дагы бир отел, автоунаа жана жарандык инфратүзүмдөр бүлүнгөн. Бул тууралуу Николаев облусунун жетекчиси Виталий Ким билдирди. Жайкын тургундар арасында жабыркагандар жок. Кимдин айтымында, сокку шаардын аскерий объектилери жок, тарыхый бөлүгүнө жасалган. "Бул чабуул биздин бизнеске, экономикабызга каршы багытталган", - деп жазды ал телеграммга.
Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги Николаевде орус армиясы кеме куруучу завод жана чет элдик жалданма аскерлер жашаган мейманканага чабуул жасаганын билдирди.
Бирок согуш шартында бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.