Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.

Киев жана Харьков кайрадан жапырт бутага алынды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:36 20.5.2024

Орусияда согушка каршы көз караштагы дагы бир жаран боюнча сот өкүмү чыкты. “Свобода” радиосу бүгүн 20-майда "Зона солидарности" телеграм-каналына таянып билдиргендей, Новосибирск шаарынын Аскердик соту 24 жаштагы жергиликтүү тургун Илья Бабуринди «аскер комиссариатын өрттөп жиберүүнү пландаган” деген айып менен 25 жылга эркинен ажыратты.

Сот Бабуринди терроризм, мамлекетке чыккынчылык жана мыйзамсыз куралдуу топко катышуу тууралуу бир нече берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Бабурин өзү айыптоолордун көбүн четке кагууда. Ал жаза мөөнөтүнүн биринчи беш жылын түрмөдө, калган 20 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөгө милдеттүү болот.

Орусиянын Украинага кол салышын айыптаган пикирди карманган, бирок эч кандай нааразылык акцияларына катышпаган Бабуринди 2022-жылдын сентябрь айында кармап кетишкен.

“Аскер комиссариатына өрт коюуну пландаган” деген иштин айрым жагдайын ал моюнуна алган, бирок жактоочусу Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) чагымы болгонун билдирген.

Кийинчерээк Бабуринге “мамлекетке чыккынчылык кылган”, “украиналык «Азов» батальону менен байланышта болгон”, “музыкалык мектептин имаратын өрттөөнү көздөгөн” деген да айыптар тагылган. Өзү мунун баарын четке каккан. Тергөө менен келишим түзүүдөн баш тарткандан кийин тергөө абагында кысымга кабылганын билдирген.

2022-жылы февралда Украинага кол салгандан кийин Орусияда мобилизация жарыяланган. Аскерге жөнөтүлө турган курактагы эркектердин айрымдары башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Согушка баруудан баш тарткан орусиялыкар өзүнө жана аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон окуялар катталган.

Орус бийлигинин Украинага агрессиясын айыптаган, тынчтыкка үндөгөн, согушка баруудан баш тарткандар «чет элдик агент», «террорчу» деген сыяктуу айыптар менен камакка алынууда.

Бабуриндин өкүмү мындай иштердин эң катаалы болууда.

16:34 20.5.2024

Украина бүгүн 20-майдын таңында Орусия Харьков облусуна дрон менен чабуул койгонун билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 29 жолу учурулган «Шахед» жанкечти дрондорунун баары атып түшүрүлдү.

Украин аскерлери билдиргендей, Орусия «Искандер-М» баллистикалык ракетасы менен да сокку урду. Бирок аны токтотуп калууга үлгүрүштүбү же жокпу, айтылган жок.

Дрон чабуулу Одесса, Николаев, Полтава жана Львов облустарынын аймагына да жасалды.

19-майда Украинанын чыгышында Орусиянын соккуларынан кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалган. Ал эми Орусия учкучсуз учактар чабуулуна кабылганын билдирген.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 18-майда AFP агенттигине курган маегинде Орусия Украинанын түндүк-чыгыш тарабындагы чабуулдарын күчөтүп жатканын, бирок украин аскерлеринде фронттогу алдыңкы тилкени колдон чыгарбай кармап турууга зарыл болуп жаткан абадан коргонуу системаларынын төрттөн бири гана бар экенин билдирген.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

23:26 18.5.2024

Орусиянын Крым жарым аралына жакын Новороссийск шаарында электр көмөкчордону өрттөнүп, 26 миң киши жарыксыз калды. Бул тууралуу калаа жетекчиси Андрей Кравченко Телеграм-каналында кабарлады.

Өрттүн себептери аныктала элек. Калаа жетекчиси үйлөргө электр энергиясын берүү акырындап калыбына келтирилип жатканын кабарлады.

Astra Телеграм-каналы жазгандай, жергиликтүү тургундар бул аймакта түнкүсүн дрондордун үнүн угушкан. Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Краснодар крайы боюнча бөлүмү өрттүн аянты 25 чарчы метрди түзгөнүн билдирүүдө.

Москва Украинага ири масштабда согуш ачкандан бериОрусиянын аймактары утур-утур аткылоолорго жана дрон чабуулдарына туш болуп келет. Жыл башынан бери Орусиянын ондон көп аймагында 15тей мунай заводуна дрондор чабуул койгон.

Орус тарап "чабуул жасаган дрондордун баары Украинаныкы экенин" билдирсе. Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларды расмий комментарийлебейт.

18:03 17.5.2024

Орусиянын бир катар аймагы 17-майга караган түнү жапырт дрон чабуулуна кабылды. Новороссийск шаарынын портунда жарылуу болгону, Туапседе мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды.

Жергиликтүү тургундардын эсебинде, түнү менен Новороссийскиде 35тей жарылуу болду. Телеграм-каналдар дрон чабуулу портко багытталганын жазышты.

Аналитиктердин эсебинде, Орусия оккупацияланган Крымдагы Кара деңиз флотунун жарымын былтыр күзүндө дал ошол жакка көчүргөн.

Орус бийлиги Краснодар аймагында жайгашкан Новороссийск шаары жана аннексияланган Крымдагы Севастополь калаасы дрондордун жапырт чабуулуна кабылганын билдирди. Андан тышкары Туапседеги мунай иштетүүчү завод учкучсуз аппараттардын соккусуна туш болгону, ал эми Белгороддо дрон автоунаага тийип, эне-бала мүрт кеткени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, Новороссийскиде чабуул эки сааттан ашуун уланды. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, порттон тышкары соккуга темир жол бекети да кабылды.

Калаа тургундары бомбадан коргой турган жайлар жабык экенине нааразы болушту. Мэрия шаар жашоочуларын көчөгө чыкпоого чакырды. Кайсы бир убакытка коомдук транспорт токтоп, иши кийин калыбына келтирилди.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев шаарга жасалган чабуулду “ийгиликсиз” деп мүнөздөп, украин армиясына төңкөдү.

Киев эч кандай комментарий берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 17-майга караган түнү оккупацияланган Крымдын аймагында 50дөн көп, Краснодар крайында 44, Белгороддо алты жана Курск облусунда бир дрон атып түшүрүлгөн же мизи кайтарылган.

Түнкү чабуул орус армиясы Харьковдун түндүгүндө соккусун күчөткөн маалда жасалды. Расмий Киев бул облустагы Волчанск багытында абал турукташканын билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG