Орус армиясынын ишембидеги соккусунан Харьков облусундагы Буда айылында кеминде эки адам мерт болуп, дагы 25 киши, алардын арасында эки бала жараат алды.
Облустук прокуратурадан кабарлашкандай, темир жол станциясы “Искандер” ракетасы менен аткыланган. Расмий Москва буга байланыштуу комментарий берген жок.
Орусиячыл аскердик блогерлер, комментаторлор чалгын дрону менен тартылган чабуул деген видеолорду таратышты.
Тасмадан станцияда техника жүктөлүп турган эшелон аткыланганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи жолу сокко урулган.
Натыйжада куткаруу кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы менен бир полициячы мерт болду. Жараат алгандардын ичинен бешөө темир жол кызматкерлери, үчөө куткаруучу.
Согуштун шартында бул маалыматты бейтарап булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.
Соңку жарым жылдын ичинде Украинадагы согушта Орусия бери дегенде 10 014 аскерин жоготту.
Бул тууралуу Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.
Алардын маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 56 168 орусиялык жаран набыт болду.
Мерт болгондордун арасында мобилизацияга тартылгандар жана абактан согушка жөнөтүлгөндөр да көп.
Журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Иликтөөчүлөр реалдуу сан кеминде мындан эки эсеге көп экенин белгилешет.
Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.
Донецк облусунун Мирноград, Лиман жана Константиновка шаарларына жума күнү Орусиянын соккусунда кеминде алты адам мерт болуп, дагы 19 жаран жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин билдиришинче, Мирноградда эки жерде жардыруу болгон, бомбалардын бири административдик имараттын, экинчиси аялдаманын жанында жарылган. Бул соккуда алты адам мерт болуп, тогуз киши, алардын арасында бир бала жараат алды.
Константиновкада авиабомба ишканалардын биринин аймагына түшүп, эки жумушчунун өмүрү кыйылып, үчөө жараат алды. Ал эми Лимандагы соккуда жети киши жараат алды.
Орусия Донецкинин фронто жакын аймактарына күн сайын чабуул жасап жатат.
Москва Украинанын калктуу конуштарын атайлап бутага алат деген дооматтарды четке кагып келет.
Украина бүгүн 12-июлда Орусиянын чабуулдарынан 13 киши жабыркаганын, алардын бирөөнү сактап калуу мүмкүн болбогонун билдирди. Улуттук полициянын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер Донецк облусундагы Мирноград шаарын бутага алып, башкарылуучу беш авиабомба менен сокку урду.
15 жаштагы бала ошол жерден каза болгону, 13 жаштагы кыз жана бала жараат алганы, жалпысынан 13 киши жабыркаганы, 43 үй, эки окуу жай имараты, дүкөн, автомашиналар талкаланганы маалымдалды.
11-июлдун кечинде Орусия Украинанын аймагына стратегиялык авиация учактары алып жүрүүчү Х-101 канаттуу ракеталарынан бешти, ал эми түндө Shahed дрондорунан 19ду учурганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук кабарлады.
Анын айтымында, негизинен Хмельницкий облусундагы Староконстантинов шаары бутага алынды. Ракеталар Сумы жана Черкасск облустарында, жанкечти дрондор Николаев, Киев, Винница, Хмельницкий, Херсон жана Сумы облустарында да атып түшүрүлдү.