Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55
Дрон тийген автобус. Днепровпетровск
Дрон тийген автобус. Днепровпетровск

Украина: Орусиянын дрон соккусу 10дон ашык кенчинин өмүрүн алды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:25 26.7.2024

Орус армиясы Украинадагы энергетикалык жайларга сокку урду

Орусиянын армиясы 26-июлга караган түнү Украинанын аймактарына 22 "Шахед" дрондору жана "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен сокку урду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди. Маалыматка ылайык, дрондордун көбү Херсон, Сумы, Житомир жана Чернигов облустарында атып түшүрүлгөн.

"Укрэнерго" билдиргендей, учкучсуз аппараттардын чабуулунан Житомир жана Чернигов облустарындагы энергетикалык жайлар жабыркады. Жыйынтыгында Житомир аймагынын тургундары электр жарыгысыз калды. Облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Вячеслав Чаус Нежин шаарындагы инфратүзүм объектисине жана жатаканага сокку урулганын жазды. Бир киши жараат алганы маалым болду.

Ал эми фронтто соңку бир суткада 147 аскердик кагылышуу катталган. Айыгышкан салгылаштар Покров багытында жүргөнүн 26-июлдагы билдирүүсүндө украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады.

Соңку айларда фронт тилкесинде радикалдуу өзгөрүүлөр болгон жок. Орус армиясы негизги күчүн Покров багытына салып, стратегиялык деп саналган Покровск-Константиновка кан жолун тороп салууну көздөп жатышат.

11:20 22.7.2024

Жекшемби күнү орусиялык аскерлер Украинанын Сумы облусундагы 12 районду 44 жолу аткылаган. Андан бир киши өлүп, 128 жарылуу болгон. Бул тууралуу аймактагы аскердик администрация маалымдаганын Би-би-си жазды. Ошондой эле орус аскерлеринин чабуулунан Херсондун 65 жаштагы тургуну жаракат алган.

Акыркы суткада орус тарап да украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-июлда Украинанын 47 учкучсуз учагы беш аймакта жана Кара деңиз менен Азов деңизинин жээктеринде атып түшүрүлгөнүн билдирди. "РИА Новости" агенттиги жана аймактык расмий өкүлдөр Краснодар чөлкөмүндөгү Туапсе мунай иштетүүчү заводуна зыян келтирилгенин кабарлаган. Краснодар облустук администрациясы Орусиянын мунай гиганты “Роснефтке” таандык Туапсе мунай иштетүүчү заводу дрондун калдыктарынан өрт чыкканын билдирди.

Министрлик учкучсуз учактардын көбү Ростов, Белгород, Воронеж, Смоленск жана Краснодар облустарынын үстүнөн түшүрүлгөнүн, 17си деңиз үстүндө жок кылынганын маалымдады.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет.

16:01 20.7.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп телефондон сүйлөштү.

Бул тууралуу эки саясатчы тең социалдык тармакка жазышты.

“Мен Республикачылар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп чыгышы менен куттуктоо жана Пенсильваниядагы кол салууну айыптоо үчүн Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Ага күч-кубат жана келечекте толугу менен коопсуз болууну кааладым”, - деп жазды Зеленский Х социалдык түйүнүнө.

Ал "Украинанын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн Кошмо Штаттардын эки партиялуу жана эки палаталуу колдоосу маанилүү экенин" белгилеген. Саясатчылар “дүйнөнү адилеттүү жана чындап туруктуу кыла турган” кадамдарды жеке жолугушууда талкуулоого макул болушканы айтылат.

Трамп Зеленский менен сүйлөшүүсүн “абдан жакшы” деп баалап, АКШнын президенти болуп калса “дүйнөгө тынчтыкты орнотуп, согушту токтотууга сөз берерин” кайталаган.

АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт.

16:00 20.7.2024

Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү Украинанын алты аймагына ракета жана дрондор менен сокку урду. Транспорт жана энергетикалык инфратүзүмдөр жабыркап, Тез жардам автоунаасы күйүп кетти. Эки киши каза болгону кабарланууда.

Украинанын Аба күчтөрү орусиялык күчтөр Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов жана Киев облустарына чабуул жасаганын билдирди. Маалыматтарга ылайык, аталган аймактарга "Искандер" ракетасы, 17 учкучсуз учак менен сокку урулган. Алардын 13ү атып түшүрүлдү.

Харьков облусунун Барвенково шаары ракета соккусуна кабылды. Аймактык полициянын жетекчиси Владимир Тимошконун маалыматында, эки киши каза болуп, үчөө жараат алды. 50дөй турак үй, административдик имараттар, чарба курулуштары жана автоунаалар зыян тартты.

Харьков облусунда темир жол чабуулга кабылып, төрт киши жараат алганын, имарат зыян тартканын "Укрзалізниція" компаниясы кабарлады. Мындан улам Киевден Харьковго чейинки жүргүнчү ташыган поезддер кечикти. Полтавада түнкү чабуулдан кийин 3,8 миң киши жашаган 16 калктуу конушта электр жарыгы өчтү.

"Украинская правда" билдиргендей, Херсон облусуна дагы дрондон чабуул жасалып, оорукананын жанында турган эвакуация кылчу машина күйүп кеткен.

Маалыматтарга караганда, аты аталбаган административдик мекемеге сокку урулган, 105 турак жай зыян тарткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG