Харьковдо аба соккуларынан өлгөндөр алты адамга жетти
30-августта Харьковго жасалган аба соккуларынын натыйжасында каза тапкандардын саны алты адамга жетти. Облус аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, 12 кабаттуу үйдүн урандыларынын арасынан дагы бир аялдын денеси чыгарылган.
Ал эми окуядан 80дей адам жаракат алган.
30-август күнү орус аскерлери Харковго беш жолу аба соккуларын жасашты. Индустриалдык райондо 12 кабаттуу үйдү да аткылашкан.
Облус аскердик администрациясынын башчысынын айтымында, Харьковго жасалган соккудан улам жаракат алган кеминде 20 адам оор же абдан оор абалда.
Орус аскерлери украин аймактарын үзгүлтүксүз түрдө ар кандай курал-жарактар менен, анын ичинде сокку уруучу дрондор, ракеталар менен аткылап жатышат.
Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинадагы шаарлар менен айылдардын жарандык инфраструктурасына атайын сокку урганын, жарандарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу камсыздоо объектилерин талкалаганын четке кагууда.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды согуштук кылмыштар катары баалап, алардын атайын жасалып жатканын баса белгилешет.
Зеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алды
Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-августта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещукту кызматтан алды. Мындай чечим F-16 учагы кыйрап, учкучу каза болгон окуядан кийин кабыл алынды.
Николай Олещук мунун алдында кырсыктын себебин жана жооптууларды аныктоо боюнча “кылдат анализ” жасалып жатканын айтып, “иликтөө иштерине АКШдагы өнөктөштөр да катышууда” деген.
Орусиянын жапырт чабуулунун мизин кайтаруу учурунда учкуч Алексей Месь каза тапканын, окуя 26-августта болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрү 29-августта кабарлаган. CNN телеканалынын маалыматына караганда, Украина окуянын себеби учкучтун катасында деп эсептебейт. Кырсык боюнча иликтөө уланууда жана ага эл аралык эксперттер катышууда.
Орусия басып киргенден бери украин бийликтери Батыштан заманбап F-16 согуштук учактарын берүүнү суранып келген. 2023-жылы бир нече өлкө АКШнын макулдугу менен мындай учактарды Киевге өткөрүп берүүгө макул болгон.
Украина аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын алганын быйыл август айында ырастаган.
F-16 эң ийгиликтүү согуштук учак деп аталган. Анын баштапкы үлгүсү алгач ирет 50 жыл илгери абага көтөрүлгөн. Ошондон бери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү үчүн 4600дөн ашык F-16 жасап чыгарылган.
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Федерациясынын Украина аймагына жасаган ракеталык жана дрондук чабуулун кайтаруу учурунда F-16 учагы кырсыкка учураганын тастыктады. Бул тууралуу маалыматты "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
29-августта Башкы штаб Фейсбук баракчасында украиналык F-16 учактары орус ракеталары менен аба салгылашуусуна кирип, душмандын төрт канаттуу ракетасын жок кылганын билдирген: «Кийинки максатка учуп бара жаткан учурда бир учак менен байланыш үзүлдү. Кийинчерээк белгилүү болгондой, учак кырсыкка учурап, учкуч каза болгон».
Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн Коргоо министрлигинин атайын комиссиясы түзүлгөнү Башкы штабдан кабарлашты.
Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх F-16 учагынын кырсыкка учураганы тууралуу кабарларды көргөнүн, бирок бул окуядан кийин жардам сураган кайрылуулар болгонун билбей турганын айтты. Ал брифинг учурунда кошумча маалымат жок экенин белгилеп, учкучтардын АКШда машыгуудан өтүп жатканын жана алардын согушта туш болгон кыйынчылыктарын эске салды.
Украинанын Аба күчтөрү учкуч Алексей Мес болгонун, ал Орусиянын массалык чабуулун кайтаруу учурунда каза болгонун билдирди. Аба салгылашуусунда үч канаттуу ракета жана бир дрон жок кылынган.
The Wall Street Journal гезити 26-августта кырсыкка учураган F-16 учагы тууралуу алгачкы маалыматты таратты. Гезитке шилтеме берген атын атагысы келбеген америкалык чиновниктин айтымында, окуя массалык орус ракеталык чабуулу учурунда болгон, бирок баштапкы маалыматтарга караганда, учак душмандын огунан атып түшүрүлгөн эмес, балким учкучтун катачылыгынан улам кырсыкка учураган.
Бирок CNN кабарлагандай, булактарга ылайык, украин аскерлери бул окуянын себеби учкучтун катачылыгы деп эсептешпейт. Кырсыктын иликтөөсү улантылып, ага эл аралык эксперттер катышат.
Быйыл 4-августта Украина аба күчтөрү америкалык F-16 кыргын салуучу учактары алынганын ырастап, аны биринчи жолу көрсөткөн жана согушта колдонула баштаганын билдирген.
Президент Владимир Зеленский Киевдин өнөктөштөрүнө, тагыраак айтканда, Нидерланд менен АКШга Украинага F-16ларды берүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.
Кийин Нидерланды Украинага берилген F-16 учактарын Орусиянын аймагында колдонууга уруксат бергенин жарыялашкан.
«Биз согуш мыйзамдарына ылайык, F-16 учактарын колдонууга жана учуу аралыктарына чектөө койгон жокпуз», — деди Нидерландиянын Куралдуу Күчтөрүнүн башчысы генерал Онно Эйхельсхайм коомдук телерадио компаниясы NOSко берген маегинде.
Украин бийлиги Батыштан чыккан кыргын салуучу учактарды берүүнү Орусия кол салган 2022-жылдын башынан бери сурап келген.