Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:29 1.9.2024

Жекшембиге караган түнү Москванын түндүгүндөгү Тверь аймагындагы дрондун чабуулунан кийин Конаков мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкты.

12:25 1.9.2024

Орусия 1-сентябрга караган түнү 158 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Бул рекорддук көрсөткүч, буга чейин бир күндө 100дөн ашуун учкучсуз учактар катышкан чабуулдар болгон. 14-августта Орусиянын Коргоо министрлиги сегиз аймакта 117 учкучсуз учак жок кылынганын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15 аймакта 159 учкучсуз учактын чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады.

Украина тарап комментарий бере элек.

10:33 1.9.2024

Москванын мунай иштетүүчү заводуна дрон чабуулу болду.

Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

«Биз Москванын мунай заводунун аймагында учкучсуз учакты атып түшүрдүк. Кыйроолор жана курмандыктар болгон жок, Москвадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун ишине эч кандай коркунуч жок”, - деп айтылат Собяниндин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Анын маалыматына караганда, дагы бир дрон Раменский районунда атып түшүрүлгөн.

Собянин түн ичинде Москваны көздөй учурулган беш дрон Москва облусунда атып түшүрүлгөнүн айтты. Бул бир түндө Москвага чабуул койгон жетинчи дрон болуп калды.

Украин бийликтери 1-сентябрга караган түнкү дрон чабуулдары тууралуу комментарий бере элек.

18:56 31.8.2024

Бүгүн, 31-августта Харьков шаарына бир күн мурун жасалган Орусиянын аба соккусунан каза болгондорду эскерүү үчүн аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Харьковдун мэри Игорь Терехов Телеграм баракчасына жазды. Анын айтымында, чабуулдан 6 адам каза болгон жана 80 адам жаракат алган, алардын ичинде 22 бала бар. Жаракат алгандардын эң кичүүсү 10 айлык.

Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

30-август күнү орус аскерлери Харьков шаарына беш жолу аба соккуларын жасап, анын ичинде 12 кабаттуу үйдү да аткылашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG