Орус аскерлери жекшембиде Харьков шаарына 10 чакты сокку урду. Шаар бийлиги маалымдагандай, 40тан ашык киши жабыркады. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, дүрмөттөрдун бири менчик үйлөр жайгашкан районго тийген, бир нече жайды, анын ичинде бир супермаркетти өрт чалды.
Облус администрациясынын башчысы Олег Синегубов жарандык инфраструктура, анын ичинде спорттук комплекс жана почта бөлүмү зыян тартканын билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, соккулар ракеталар менен урулган.
Украиналык медиа маалымдагандай, Харьковдогу Спорт сарайы да бутага алынган. Имарат конгресс борбору катары да пайдаланылып келген.
Президент Владимир Зеленский 30дан ашык киши жарадар болгонун билдирип, соккулардын кесепети тартылган видеону жарыялады.
Кийин жабыркагандар 40тан ашканы маалымдалды.
Жараат алгандардын арасында эки медициналык кызматкер бар деп кабарланды.
Орусиялык аскерлер азырынча ал соккуларды комментарийлеген жок.
Бийликчил блогерлер чабуулдар украиналык жоокерлер жүргөн жерлерге коюлганын жазууда, бирок далилдерди келтиришкен жок.
Харьков аткылангандан көп өтпөй Орусиянын Белгород шаарында сокку коркунучу жарыяланды. Baza Телеграм-каналы сүрөт жарыялап, калаа чабуулга туш болгонун, бир машине өрттөнгөнүн, жабыркагандар бар экенин маалымдады. Бийлик азырынча маалымат бере элек.
Ишембиде Харьковдо аза күтүү күнү жарыяланган. 30-августта Орусиянын аба соккусунан 12 кабат турак үйдө алты киши, арасында 14 жаштагы өспүрүм каза тапты. Жүзгө чукул киши жабыркады.
Харьков акыркы айларда ракета жана авиабомбалардан көп аткыланып келатат. Натыйжада шаар тургундары каза таап, жарадар болууда.
Орусиянын бийлиги Украина 1-сентябрда таң эрте өлкөнүн бир нече аймагына дрон менен чабуул койгонун билдирди. Москва жана Тверде электр станциялары менен мунай иштетүүчү заводду өрт чалды.
ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип кабарлагандай, 158 дрон атып түшүрүлдү. Министрлик Украина менен чектешкен Курск, Брянск, Воронеж жана Белгородго рекорддук 122 дрон учурулганын Телеграмдагы постунда маалымдады.
Согуш маалында бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
ТАСС ошондой эле Москва облусунда пилотсуз учактар Кашир райондук электрстанциясына чабуул коюуга аракет кылганын жазды. Москва шаарында дрондордун бири Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго тийгенде өрт чыкты. Калаанын мэри Сергей Собянин өрт ооздукталганын, заводдун ишине коркунуч жаралбаганын билдирди.
Москванын түндүгүндөгү Твер облусундагы Конаков райондук электрстанциясында өрт чыкканы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.
Чабуулдардан улам орус башкалаасындагы Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропорттору ишин убактылуу токтотушкан. 43 учак башка аэропортторго конууга аргасыз болду.
Маалыматтарга караганда, бул – Москвага коюлган эң массалык чабуулдардын бири болуп калды.
Украинанын куралдуу күчтөрү азырынча комментарий жасай элек.
Ишембиде орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасына 200дөн ашуун пилотсуз учак жана ракеталар менен сокку урган. Бир нече киши каза тапкан, жарадарлар бар.
Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат.
ТАСС агенттиги Москванын түштүк-чыгышындагы Капотня районундагы мунай иштетүүчү завод тууралуу сүрөттөрдү таратты.
Расмий маалыматтарга караганда, учкучсуз учактын чабуулунан ишканада өрт чыккан. Дрондун сыныктары заводдун жанындагы имаратка гана тийген.
ТАССтын сүрөттөрүндө жалын же түтүн көрүнбөйт, бирок кире бериште "Тез жардам" жана башка чукул жардам көрсөтүүчү автоунаалар турганын көрүүгө болот.
Дрон чабуулуна байланыштуу ишин убактылуу токтоткон Москва аэропорттору кадимкидей тартипте иштей баштады.
Бул тууралуу Росавиация билдирип, Москва убактысы боюнча саат 09:05тен баштап Орусиянын баш калаасынын бардык аэропорттору кадимкидей иштеп жатканын кабарлады.
1-сентябрга караган түнү жапырт дрон чабуулунан улам аэропорттордо каттамдарды кабыл албай, учуу убактылуу токтогон болчу.
74 рейстин учуу убактысы кечигип, 43 рейс башка аэродромдорго жөнөтүлгөн.