Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:47 3.9.2024

Орусияда Украинанын соккусунан кийин күйө баштаган мунай базасындагы өрт эки аптадан кийин гана өчүрүлдү. Ростов облусундагы Пролетарск шаарында жайгашкан базада өрт дрон чабуулунан кийин 18-августта башталган, ал толук өчүрүлүп бүткөнүн 2-сентябрда өзгөчө кырдаалдар мекемесине таянып ТАСС маалымдады.

Өрт он миңдеген чарчы метрге жайылганы, жарылуу коркунучу жок экени, зыян зат жайылбаганы жана тегеректеги калкты эвакуациялоо зарылчылыгы жок экени кабарланган.

Дизелдик май куюлган жыйырма чакты цистерна күйгөнү айтылып, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Беш күндөн кийин өрттөнүп жаткан мунай базасы кайрадан чабуулга кабылган.

Орусия бул соккулар үчүн Украинаны айыптаган. Украин тарап чабуулдарын тастыктап, Орусиянын «аскердик-экономикалык мүмкүнчүлүгүн алсыратуу» максаты коюлганын билдирген.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтууда.

18:28 2.9.2024

Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Сумыдагы соккуда жабыркагандар 18ге жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, анын алтоо балдар. Буга чейин Сумынын полициясы 13 адам жабыркаганын, анын ичинде төртөө бала экенин билдирген.

1-сентябрда орус аскерлери балдардын социалдык-психологиялык реабилитациялоо борбору жана балдар үйү жайгашкан билим берүү мекемесине сокку урган. Имарат жарым-жартылай талкаланып, өрт чыккан. Жардыруудан жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилген.

12:46 2.9.2024

Киев жана башка шаарларга абадан сокку урулду

2024-жылдын 2-сентябрынын түнүндө жана таңында Украинага ар кандай типтеги сокку уруучу учкучсуз аппараттар жана ракеталар менен аба соккусу жасалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Түндүк тараптан өлкөгө бир нече «Шахед» тобу чабуул койгон, ошондой эле Ту-95тин учактарынан сокку жасалган.

Орусиянын аскерлери 2-сентябрга караган түнү Киевге ракеталык чабуул жасап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди. Маалыматка караганда, абадан атып түшүрүлгөн орусиялык ракеталардын сыныктарынан шаардын кеминде төрт районунда өрт чыкты.

Святошинск районунда ракетанын сыныктары түшкөн жайлардын биринде төрт автоунаа күйүп, бир имараттан өрт чыкты. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган “Святошина” метросунун станциясы, анын жанындагы күркө жабыркаган.

Шевченко районунда бир адам жаракат алды. Виталий Кличконун айтымында, Орусиянын ракета чабуулунан эки адам жабыркап, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Киев шаардык аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко Киевди түнкү аткылоо учурунда абадан коргонуу күчтөрү ондон ашык канаттуу жана онго жакын баллистикалык ракеталар атып түшүрүлгөнүн айтты.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат.

12:37 2.9.2024

Белгород ракеталык чабуулга кабылды

2024-жылдын 2-сентябрынын таңында Орусиянын Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылды. Губернатор Вячеслав Гладков бул үчүн Украинанын Куралдуу Күчтөрүн күнөөлөдү. Анын айтымында, шаарда абадан коргонуу системасы иштеп, чабуулдун натыйжасында «бир социалдык жана бир коммерциялык объектке түздөн-түз тийүү» болгон. Ошондой эле эки жеке турак үй жана бир жеңил унаа жабыркаган. Гладков өзүнүн Телеграм каналында жабыркаган «Львенок» аттуу бала бакчанын сүрөтүн жарыялады.

Кийинчерээк, облус башчысы Белгород районунун Дубово кыштагынан бир аял минанын жарылуусунан жаракат алып, мээси чайкалып, аны тез жардам бригадасы облустук борбордогу №2 шаардык ооруканага жеткиргенин билдирди.

Белгороддогу бир катар мектептер ушул жумада аралыктан окутуу режиминде гана иштеп, аймактагы бала бакчалар жумушун токтотот деп чечилди.

1-сентябрда Белгороддо болгон чабуул учурунда көп кабаттуу үй жана бир нече унаа жабыркаган. 11 жай тургун жаракат алган, алардын арасында эки бала да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG