Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:14 4.9.2024

Владимир Зеленский: Полтавада жарадарлардын саны 271 кишиге жетти, 51 адам каза тапты. Буга чейин 235 киши каза болгону кабарланган.

17:58 3.9.2024

3-сентябрда орус армиясынын Украинанын Полтава шаарына жасаган аба соккусунан 50дөн ашуун киши набыт болуп, 270тен көп адам жараат алды.

Алдын ала маалыматка караганда, калаага эки баллистикалык ракета менен сокку урулган. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Чабуулда Байланыш институтунун имараттарынын бири жарым-жартылай талкаланган. Ошондой эле соккулардын бири ооруканага тийген.

"Полтава үчүн абдан кайгылуу күн",-деп жазды Полтава облусунун башчысы Филипп Пронин калаа тургундары кан тапшырып жатканын билдирди.

Чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Орусиялык аскердик Телеграм-каналдар Полтавага "Искандер-М" ракеталары менен чабуул жасалганын жазышты. Алар ырастагандай, украин армиясы үчүн "байланыш адистерин даярдаган борбор" бутага алынган.

13:01 3.9.2024

Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын 3-сентябрга караган түнү жасаган чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды. Бул тууралуу Запорожье облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров билдирди.

“Тилекке каршы, эки адам, анын ичинде сегиз жаштагы бала каза тапты. Дагы эки адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз жарадар болду. Ал азыр реанимацияда. Душмандын чабуулунун натыйжасында имарат жарым-жартылай талкаланган”, - деп жазды Телеграмм-каналына.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына ар кандай курал-жарактар анын ичинде учкучсуз учактар, ракеталар менен байма-бай чабуул жасап жатат.

10:29 3.9.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Курск облусунда 600дөн ашуун орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал Киевде Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф менен бирге өткөн брифингде айтты. Буга Орусиянын Курск облусундагы август айындагы салгылашуулардын натыйжасында жетишилгенин кошумчалады.

"Курск операциясы жана алмашуу боюнча. Алмашуу фонду толукталып жатат жана алмашуу жүрө баштады", – деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG