Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:57 5.9.2024

Гросси: Запорожье АЭСиндеги мунараны бузуу зарыл болот

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Запорожье АЭСиндеги сууну муздаткан мунараны (градирня) келечекте бузуу зарыл болорун айтты. 11-августта станция өрттөн зыянга учураган. Гросси 4-сентябрда Орусия оккупациялаган АЭСке барып көргөн.

“Бүгүнкүгө чейин зыяндын масштабын баалоо үчүн бул жерге чейин чыга алган эмеспиз. Бул чоң конструкция болочокто пайдаланууга жарабайт, ошондуктан аны бузуп салууга туура келчүдөй”, - деп жазды Гросси Х социалдык тармагына жарыялаган видеодо.

11-августтагы өрт тартылган видеону украин президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарга чыгарган. Тараптар өрт үчүн бири-бирин айыпташкан. Москва Украинанын армиясы дрондор менен чабуул койгондо өрт тутанганын айтып келди. Киев Орусия шалаакылык кылган же атайлап өрт койгон деп билдирген.

Гросси кийинчерээк өрт АЭСтин өзөктүк коопсуздугуна таасир этпегенин айткан. Ошол эле маалда кырсыктын тобокелдигин көбөйткөн чабуулдарды токтотууга чакырган.

Европадагы эң чоң атомдук станция 1981-жылы курулган. Анын кубаты 6000 МВтты түзөт.

Орусия Украинага каршы согуштун алгачкы күндөрүндө ишкананы ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен, АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт.

Ушу тапта станция электр энергиясын иштеп чыкпайт, аткылоолордон кийин реакторлорунун иши токтотулган.

14:56 5.9.2024

Орус аскерлери бейшембиге караган түнү Украинага дрондор менен чабуул койду. Киевдин мэри Виталий Кличко жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко эртең менен тургундарга башкалкалоочу жайлардан кетпей турууну эскерткен.

Натыйжада көчөлөрдө тыгындар, метро, автобус аялдамаларында узун кезектер пайда болду. Шаар бийлиги дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирди.

Орусиянын куралдуу күчтөрү пилотсуз учактар Чернигов, Киев, Сумы облустарына багыт алганын маалымдашкан. Чабуулдун кесепети тууралуу кабарлана элек.

Ал арада Беларустун Коргоо министрлиги дрондор деп болжолдонгон жабдуулар чек араны бузганын, бардыгы жок кылынганын билдирди.

Ага чейин Телеграм-каналдар Орусиянын Украинага багытталган «Шахед» дрондорунун бир нечеси Беларуска учуп киргенин жазышкан. Маалыматка караганда, кыргын салуучу учактар асманга көтөрүлдү, жардыруулардын добушу угулуп, өрт өчүрүлүп жатты.

Эки дрон Гомелди көздөй учканы маалымдалды. "Флагшток" каналы жазганына караганда, аппараттын сыныктары түшкөндө эки жерде чакан өрт тутанып, тез эле өчүрүлдү. Маалыматка караганда, 2022-жылдан бери сыноодон өткөрүлүп келген элге эскертүү берген система дрон чабуулу маалында иштеген жок.

Мындан бир жума мурун, 29-августта Украина тараптан учуп кирген дрон атып түшүрүлгөнүн "Беларускі Гаюн" Телеграм-каналы жазган.

14:43 4.9.2024

Львовго урулган соккудан каза тапкандардын саны жети кишиге жетти. Набыт болгондордун арасында үч бала бар. Тогуз жаштагы кыздын сөөгүн уранды астынан куткаруучулар тапканын облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий билдирди. Жараат алгандардын саны 40 кишиге жакындады, бешөө оор абалда.

4-сентябрь күнү эртең менен орус аскерлери Львовго ракета менен сокку урган. Кошуна өлкөдөгү "чыңалган абалдан" улам Польша бир жумада үчүнчү ирет согуштук учактарын жогорку даярдыкка келтирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Шаардын мэри Андрей Садовыйдын айтымында, борбордук вокзалдын айланасындагы үйлөр өрттөндү, терезелери күбүлүп түштү, эки мектепке зыян келтирилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, орус армиясы Львовго "Кинжал" ракеталары менен сокку урду.

Украин бийлиги калаанын үстүнөн дрондор учуп жүргөнү байкалганын маалымдаган. Абадан коргоо күчтөрү да орусиялык бир нече канаттуу ракеталардын тобу Львов, Ивано-Франковск, Тернополь жана Хмельницкий облустарына багыт алганын аныкташкан.

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Сергей Лысак маалымдагандай, Кривой- Рог шаарына коюлган чабуулдан беш киши жабыркады, мейманкана, дүкөндөр менен дарыкана, машинелер, төрт окуу жайы зыян тартты.

"РБК Украина" шаршембиге караган түнү Украинада абадан сокку уруу коркунучу жарыяланганын, Орусия дрондор жана ракеталар менен аткылаганын, жарылуулар Сумы, Киев, Ровно жана Киев облустарында угулганын жазды.

Орус аскерлери Львовго урулган соккуну комментарийлешкен жок.

12:40 4.9.2024

4-сентябрда таңга жуук орусиялык армия Львовго ракета менен сокку урду. Алдын ала маалыматта орусиялык армия шаарды "Кинжал" ракетасы менен аткан. Шаардык мэриянын билдиришинче, жети киши каза болду. Анын үчөө бала.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG