Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Иран Орусияга жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды берген болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке каккан жок. Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында Песков Москва менен Тегеран «бардык тармактарда, анын ичинде сезимтал чөйрөдө» кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын жана мындан ары да улантарын билдирди.
Ирандан ракеталарды алуу тууралууу кабарларга кайрылып, «бул өңдүү маалыматтар дайым эле чындыкка дал келбесин» белгиледи.
Тегеран Москвага Украинадагы согушта пайдалануу үчүн деген ракеталарды өткөрүп бергенин булактарга таянып, The Wall Street Journal гезити жана CNN телеканалы жазган. Иран расмий түрдө маалыматты четке кагууда.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку өкүлү Фазлулла Нозари 9-сентябрда Батыштын андай маалыматы “психологиялык согуштун” бир бөлүгүн түзөрүн ирандык медиага айтты.
Associated Press (АР) агенттиги жекшембиде кабарлагандай, АКШ Иран Украинада колдонсун деп, жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракетеларды Орусияга бергени тууралуу өнөктөштөрүн кабардар кылды. Агенттиктин атын атабаган маектештери канча курал, кандай жагдайда өткөрүлүп бергенинин чоо-жайын айтышкан жок.
Ошол эле маалда Ак үй Тегеран Москвага ракеталарды бергенин расмий бышыктай элек. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши, андай маалымат тастыкталса, «олуттуу эскалацияны» билдирерин белгиледи.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымат каражаттары жарыялаган кабарларга тынчсыздануусун билдирип, ал чын болуп чыкса, украин-иран мамилелерине «кыйратуучу залакасын» тийгизерин белгиледи.
Согуш башталгандан бери буга чейин Иран орусиялык кардарларды жүздөгөн дрон менен камсыз кылган. Муну менен катар Тегеран Москва Украинага кол салгандан бери курал бергенин четке кагууда. Иран ал бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.
Орус аскерлери 9-сентябрга караган түнү Киевге сокку урду. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, дрондордун бардыгы атып түшүрүлдү.
“Сентябрдын башынан бери Киевге бешинчи жолу абадан сокку урулду. Түн ичинде орус армиясы Курск аймагынан учкучсуз учактарды, болжолу менен "Shahed" дрондорун учурду”, - деп жазды Попко Телеграм каналына.
Алдын ала маалыматка караганда, башкалаада кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Украинанын борбору Киевдеги автоунаа ишканасынын (АТП) аймагында 8-сентябрда жарылуу болду. Шаар мэри Виталий Кличко жарылуунун себеби азырынча белгисиз экенин, урандылардын алдынан эки кишинин сөөгү табылганын билдирди.
Жекшемби күнү Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.
Облус башчысы абадан коргонуу системасы бир нече дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Жергиликтүү бийлик снаряддар эки жер тамды талкалаганын, төрт көп кабаттуу үй, эки коммерциялык объект зыян тартканын кабарлоодо. Андан тышкары, сыныктар бир автобус менен үч автоунаага тийген.