Шейшемби күнү кечинде Филадельфияда Демократиялык жана Республикалык партиянын президенттикке талапкерлери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы дебаты болуп өттү.
Талкуунун жүрүшүндө бир топ убакыт Орусиянын Украинага басып киришине арналды. Дональд Трамп Украинанын жеңишин каалайбы деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.
"Мен согуштун токтотулушун каалайм. Мен адамдардын өмүрүн сактап калгым келет", - деп жооп берди Трамп. Ал тез арада согушту токтото аларын кайталады. Анткени ал Зеленский менен Путинди жакшы билет, алар аны сыйлашат. Трамп президент катары кызматка киришкенге чейин эле аларды согушту токтотууга көндүрө аларын белгиледи.
Ал Байдендин администрациясын "алсыз" саясаты, АКШ аскерлеринин Ооганстандан чукул чыгарылышы Путинди Украинага бастырып кирүүгө шыктандырды деп айыптады.
Камала Харрис Украинага кол салуу менен Орусия эл аралык нормаларды бузганын, өзү Киевге зарыл жардамды берүү үчүн коалиция түзүүгө өбөлгө болгонун белгиледи. "Эгер Трамп президент болгондо, Путин Европага көз салып Киевде отурмак", - деп айтты Харрис. Америкага Американын дүйнөдөгү маанилүү ролун тааныган президент керек", - деди Харрис.
АКШ Украинага орус агрессиясына туруштук берүү үчүн узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга киргизилген чектөөнү алууну караштырууда.
Бул тууралуу шейшембиде АКШ президенти Жо Байден билдирди. Маалыматка караганда, Ак үйдүн администрациясы “маселенин үстүнөн иштеп жатат”. Азырынча Вашингтон алыска сокку урган андай оор куралды, өзгөчө Америкада өндүрүлгөн системаларды жаңжалдын күчөшүнөн чочулап, Орусиядагы буталарга каршы колдонууга расмий уруксат бере элек. CNN телеканалынын Байдендин администрациясындагы булактары андай саясат өзгөрүүсүз каларын билдиришти.
Ошол эле маалда 11-сентябрда Киевге бараткан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен уруксат берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбасын The Times жазды.
Башкы дипломат Украинанын “орус агрессиясына натыйжалуу жооп кайтаруу жөндөмүнө көз саларын” айтты.
Блинкен Вашингтон украин президенти Владимир Зеленскийдин сунуштарын “угуп жана карап чыгарын” кошумчалады. Зеленский америкалык ракеталарды Орусиядагы маанилүү аскердик буталарга уруу уруксатын алууга аракет көрүп келет.
Өткөн аптада украин лидери Германиядагы жыйында Батышты орус аскерлерине каршы күрөшүп жаткан өлкөнүн жөндөмүн чектөбөөгө чакырган. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин чектөөнү алып салуу согуштун нугун олуттуу өзгөртпөйт деп эсептейт.
Украинанын баш калаасына АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми барат.
Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинен кабарлашты. Сапардын программасына Украинаны орусиялык агрессиядан коргоо үчүн өлкө президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу да кирген.
АКШ Орусия Ирандан баллистикалык ракета алганын ырастады
Бул тууралуу шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми менен Лондондо жолукканда билдирди.
Ракеталар тууралуу айткан Блинкен чалгын кызматынын маалыматы АКШнын бардык өнөктөштөрүнө берилгенин белгиледи.
Блинкендин айтымында, Ирандын ракеталары Орусияга Украинадагы согуш болуп жаткан линиялардан алыс аймактарды атууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Орусия Иранга ракета ордуна өзөктүк жана бир катар технологияларды берген.
Блинкен Иранга каршы жаңы санкция тууралуу да айтты - бул жолу ага Iran Air авиакомпаниясы дагы илинген.