АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер Иран менен Түндүк Кореянын Орусияны курал-жарак менен камсыздап жатканына тынчсыздануу билдиришти.
Ак үйдүн маалыматына караганда, 13-сентябрда Вашингтондогу жолугушуудан кийин тараптар Кытайдын Орусиянын коргонуу тармагындагы өнөр жай базасын колдоосуна да бушаймандыгын айтышты.
Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын Коргоо кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык диалогду тереңдетүү маселелерин талкуулаганын Reuters Түндүк Кореянын KCNA маалымат агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Алар аймактык жана эл аралык кырдаалды, коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн өз ара кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашканы кабарланды. Ким Чен Ын Түндүк Корея Орусия менен кызматташтыгын кеңейтүүнү улантарын айткан.
Reuters АКШ, Украина жана көз карандысыз талдоочулар Түндүк Корея Москвадан экономикалык жана аскердик жардамалып, анын ордуна Орусияга ракета, снаряддарды берип жатканын айтып келатканын белгилейт.
Украина Орусияда туткунда кармалып турган 49 жаранын бошотуп алганын, мекенине кайткандар арасында аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар бар экенин 13-сентябрда өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал туткундан кайткандардын сүрөтүн жарыялап, орусиялыктарды туткунга алып жаткан, «айырбаштоо фондун» толуктап келаткан украин аскерлерине ыраазычылыгын айтты.
Орус тарап азырынча маалымат бере элек, бирок айрым бийликчил блогерлердин айтымында, айырбаштоо 49х49 схемасы менен жүргүзүлдү, бошотулгандар арасында кечээ жакында эле Курск облусунда украиндердин колуна түшкөн жаш аскерлер бар.
Зеленский үйүнө кайткандар арасында 2022-жылы декабрда Орусия аннексиялап алган Крымдагы оорулуу атасын көрүп келгени барган, орус бийлиги тыңчылыкка айыптаган крымдык татар Ление Умерова, "Азовсталь" ишканасынын коргоочулары жана Украинанын Баатыры, аскердик дарыгер Виктор Ивчук да бар экенин айтты.
"Украинская правда" кабарлагандай, туткундан бошотулгандар арасында эки жылдан бери камакта отурган, Мариуполдо колго түшүрүлгөн "Азов" полкунун 15 аскер кызматкери да бар, алардын көбү аялдар.
АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кейр Стармер 13-сентябрда Вашингтондо жолугат. Мунун алдында орус президенти Владимир Путиндин "Батыштын Орусияга узак аралыкка атуучу ракеталык чабуулдарына макул болгону НАТОнун согушка катышарын билдирет" деген билдирүүсү тарады.
Орус аскерлери Украинага дрондор менен чабуул койду
13-сентябрга караган түнү орус аскерлери Украинаны 26 “Шахед” үлгүсүндөгү чабуулчу дрондор менен аткылашканын Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдады.
«Абадан коргонуу учурунда украин авиациясы, зениттик-ракеталык аскерлер, мобилдик атуу топторунун бөлүктөрү жана радиоэлектрондук күрөш күчтөрү тарабынан Николаев, Одесса, Хмельницкий жана Ивано-Франковск облустарынын аймагында душмандын 24 чабуулчу дрону атып түшүрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.
Мурдарак Николаев шаарынын мэри Александр Сенкевич абадан коргонуу күчтөрүнүн иш-аракетинин натыйжасында атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары шаардын азык-түлүк ишканасынын аймагына кулап, өрт чыкканын, өрт өчүрүлгөнүн маалымдаган.