Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:02 15.9.2024

"Чоң жетиге" мүчө болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ирандан Орусияга курал-жарак жөнөтүүнү токтотууну талап кылды. Алардын биргелешкен кайрылуусунда Тегерандын Москвага баллистикалык ракета жөнөткөнү сынга кабылган.

Соңку күндөрү бир катар Батыш мамлекеттери Иран Орусияга Fath-360 үлгүсүндөгү ракеталарды жөнөткөнүн билдирип жатат. Тегеран мындай маалыматтарды четке каккан, Москва болсо комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул жагдайга байланыштуу Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдарына байланыштуу келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкен.

АКШ дагы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизген. Тегеран бул кадамдарга жооп берилерин эскерткен.

"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат.

Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

11:01 15.9.2024

Украин президенти Владимир Зеленский103төн туткун алмашуудан кийин мекенине кайтарылган украин аскерлеринин сүрөттөрүн жарыялады.

Бул акыркы эки күндүн ичиндеги экинчи жолку туткун алмашуу. 13-сентябрда 49х49 схемасы менен туткун айырбашталган.

09:49 15.9.2024

Москва менен Киев ишембиде, 14-сентябрда 103 кишиге 103 адам деген форматта туткун айырбаштады. Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец анда мекенине негизинен согуштун биринчи күнүндө колго түшкөндөр, “Азовсталь” ишканасын кайтаргандар кайтып келгенин маалымдады. Туткундардын 82си катардагы жоокерлер менен сержанттар, калган 21и офицерлер экени айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, айырбашталган туткундардын арасында Курск багытында колго түшкөн жоокерлер бар. Учурда алар Беларуска жеткирилип, тиешелүү жардам берилип жатат. Мекенине кайтып келгенден кийин дарылоо, реабилитациядан өткөрүлөт.

Министрлик туткун айырбаштоого Бириккен Араб Эмирлиги ортомчулук кылганын белгиледи.

Эки өлкө 13-сентябрда дагы 49-49 деген форматта туткун алмашкан.

Украин президенти Владимир Зеленский анда үйүнө кайткандардын арасында 2022-жылы декабрда Орусия аннексиялап алган Крымдагы оорулуу атасын көрүп келгени барган, орус бийлиги тыңчылыкка айыптаган крымдык татар Ление Умерова, "Азовсталь" ишканасынын коргоочулары жана Украинанын Баатыры, аскердик дарыгер Виктор Ивчук да бар экенин айткан.

"Украинская правда" кабарлагандай, туткундан бошотулгандар арасында эки жылдан бери камакта отурган, Мариуполдо колго түшүрүлгөн "Азов" полкунун 15 аскер кызматкери да бар, алардын көбү аялдар болгон.

17:12 14.9.2024

Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кир Стармердин жолугушуусунда Украинага алыскы аралыкка учкан ракеталарды колдонууга жол ачкан чечим кабыл алынган жок.

Ак үйдүн бул жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу тараткан маалыматында мындай куралды колдонууга уруксат берилгени тууралуу сөз болгон эмес. Анда Кошмо Штаттары менен Британия Украинаны колдоосун, аны Орусиянын зомбулугунан коргоону улантары гана көрсөтүлгөн.

Стармер Байден менен жолугушууда Украинага карата "кандайдыр бир конкреттүү кадамдар же тактика эмес" эки өлкөнүн стратегиясы талкууланганын ырастады. Ал ошондой эле жагдайдын андан ары өнүгүшү ушул айдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынан кийин белгилүү болорун кыйытты.

Украинанын президент Владимир Зеленский бул жолугушуу тууралуу комментарий берип жатып "Путин биздин шаарларды, айылдарды өрттөп жаткан маалда "биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз" деген сөздөрдү такай угуу оор" болорун билдирди.

Киев көптөн бери эле өнөктөштөрүнөн алыскы аралыкка учкан ракеталарды колдонууга уруксат берүүнү суранып келет.

Шаршемби күнү кечинде Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Зеленский менен жолуккан. Анда Украинага берилген алыска атыуучу курал-жаракты колдонууга салынган тыюуну алып салуу маселеси талкууланган. Блинкен талкуулардын мазмунун Байденге жеткирерин билдирген. Ошол эле маалда ал алыска атуучу куралдарды Орусиядагы бутага колдонууга уруксат берүү эскалацияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар талкууда негизги роль ойноорун белгилеген. .

The Guardian басылмасы британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып шаршемби кечинде Лондон Украинага Storm Shadow ракеталарын Орусиядагы буталарга каршы колдонууга уруксат бергенин кабарлаган.

Бул айда Вашингтондо Байден менен Зеленский жолугушуусу мүмкүн. Буга чейин украин президенти анда "Украинанын жеңиш планы" менен тааныштырарын маалымдаган жана бул планды ишке ашыруу АКШнын жардамына байланыштуу экенин айткан.

Орусиялык армия кошунасын түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келет. Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын ар дайым танат.

Киев жана эл аралык коомчулук андай соккуларды согуш кылмышы катары сыпаттайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG