Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:23 17.9.2024

Украин президенти Владимир Зеленский 16-сентябрдын кечиндеги видеокайрылуусунда фронтто айыгышкан кармаш Курахово жана Покровск багыттарында уланып жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операция планга ылайык жүргүзүлүп келатканын айтты.

Украинанын бул согуштагы Жеңиш планын даярдоо боюнча иштер 90% аяктап калганын белгилеген Зеленский пландын ар бир пунктунун аскердик, саясий, дипломатиялык жана экономикалык өңүтү такталып жатканын, зарыл кадамдар так аныкталып калганын кошумчалады:

«Бизге чыныгы жана калыс тынчтыкты жакындатуу үчүн болушунча күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү түзө ала турган кадамдар. Ар бир кадамдын так аныктамасы бар. Ал жерде колдон келгис эч нерсе жок. 90% жазылып бүтүп калды», – деди украин президенти.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-сентябрга караган түнү украин тараптан учурулган 16 учкучсуз учактын мизи кайтарылганын билдирди. Дрондордун 15и Брянск облусунда, бирөө Курск облусунда атып түшүрүлгөн.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.

15:23 17.9.2024

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына согуштук дрондордон 51ди учурганын, анын 34үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Бир нече аймакта дагы 12 жанкечти дрондун локациясы аныкталбай калганы, жабыркагандар тууралуу маалымат түшпөгөнү, эки дрон кайра Орусиянын аймагына кайтканы кабарланды.

Абадан коргонуу системасы түнкүсүн жалпысынан беш облуста – Николаев, Херсон, Сумы, Полтава жана Харьков аймактарында иштеди.

Сумы облусунда, жергиликтүү аскердик администрация билдиргендей, энергетика системасынын ишканалары Shahed дрондору менен жапырт бутага алынды.

«Суу каналдары, ооруканалар жана башка эң зарыл объектилер резервдеги системаларга туташтырылды», — деп айтылды мекеменин маалыматында.

11:27 17.9.2024

Украина чыгышында өрт чыкты

Харьков, Полтава, Днепропетровск жана Донецк облусунда өрт ири аянтка жайылып, токой жана шалбаалар өрттөнүүдө. Катуу шамал кырдаалды курчутту. Харьковдун Салтов районунда өрт турак жайларга жабылууда.

10:58 17.9.2024

Орусия Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскерлердин санын дагы көбөйтүүдө. Жаңы документ армиянын штаттык санын 2 миллион 389 миң адамга, анын ичинде аскер кызматкерлеринин санын 1,5 миллионго жеткирүүнү көздөйт.

Тиешелүү жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Документ укуктук актылар порталында жарыяланды. "Жарлык 2024-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет", - деп белгилейт ТАСС агенттиги. Жаңы документ күчүнө кирери менен президенттин мурдагы жарлыгы күчүн жоготот.

Путин былтыр 1-декабрда Орусиянын армиясында штаттык кызматкерлердин санын 2,2 миллонго, аскер кызматкерлердин санын 1,3 млн кишиге көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Орусия басып кирген аймактарда штаттагылардын 45% жүрөт.

Ага чейин орус президенти 2022-жылы августта жарым-жартылай мобилизация жарыяланган учурда армиянын штаттык санын 137 миңге көбөйткөн.

Орусиянын Коргоо министрилиги Путиндин жаңы жарлыгына комментарий бере элек.

Декабрда CNN телеканалы АКШнын чалгындоо кызматындагы булактарына таянып, Орусия 2022-жылы басып алууга катышкан 360 миң аскердин 315 миңинен айрылышы мүмкүн экенин билдирген. Адегенде согушка орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Луганскидеги аскер бөлүктөрү катышса, азыр Орусиянын аскердик түзүмдөрүнө интеграциялангандар тартылууда.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Би-Би-Синин орус кызматы Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG