Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуу үчүн каражаттарды көбөйтүү үчүн бюджеттен 495 млрд гривен бөлгөн мыйзамга кол койду.
Мыйзам Украинанын парламентинде 298 добушу менен 18-сентябрда колдоо тапкан.
Депутат Ярослав Железняктын айтымында, чыгымдарга 3,73 трлн гривен жумшоо каралып рекорд коюлду, бул ири масштабдуу согуш башталганга чейинкиге караганда 2,3 эсе көп.
Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан Херсон облусунда бир сутка ичинде эки адам каза таап, жети адам жарадар болду. Бул тууралуу Херсон облустук аскер администрациясы билдирди.
Донецк облусунда 17 адам каза тапканын аймактын аскердик администрациясы билдирди.
Харьков облусундагы орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан жабыркагандардын саны 15ке жеткенин мэр Игорь Терехов билдирди.
Запорожьеде турак жай жана инфраструктура кыйраганы тууралуу 55 билдирүү түшкөнүн облустук аскердик администрация кабарлады.
21-сентябрдагы учкучсуз аппараттардын чабуулунан Краснодар аймагындагы Тихорецк жана Тверь облусунун Торопец шаарындагы курал-жарак сакталган кампа күйүп кетти.
Кампада өрт чыкканын аймактын губернатору Вениамин Кондратьев ырастады. Ал эки дрон атып түшүрүлүп, анын калдыктары кампадагы жарылуучу заттарга тийип, өрт тутанганын билдирди. Кондратьевдын маалыматында, жабыркагандар жок. Өрттөнгөн кампанын жанындагы айылдар эвакуация болууда. Айрым медиалар курал-жарак, анын ичинде түндүк кореялык снаряддар сакталган кампа бутага алынганын кабарлады.
21-сентябрдын таңында дрон чабуулдарынан Тверь облусунун Торопец шаарынын жакасындагы курал-жарак кампасы өртөнүп кетти. Губернатор Игорь Руденя учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн жазды. Жабыркагандар боюнча маалымат чыккан жок. Октябрь темир жолу “Старая Торопа” станциясы эвакуацияланганын билдирди. Бир нече күн мурда Торопец шаарындагы курал-жарак сактаган дагы башка кампа күйүп кеткен.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жети аймакка чабуул жасаган жүзгө жакын дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери өзүнүн согуш тилкесине жакын аймактары байма-бай дрон чабуулдарына кабылып жатат. Москва аларды атып түшүрүп жатканын айтууда. Чабуулдардан адам өлгөн учурлар бар, имараттар талкаланууда. Расмий Киев бул чабууларга комментарий бербейт.
Орусиянын Тергөө комитети Украинанын Москва көзөмөлдөгөн Донецк шаарында АКШнын жараны Рассел Бентлинин өлүмү боюнча тергөө аяктаганын билдирди. Мекеменин 20-сентябрдагы маалыматына караганда, аны кыйнап өлтүрүшкөн жана кылмышынын изин жашырууга аракет кылышкан.
64 жаштагы Бентли быйыл 8-апрелде Донецкиде дайынсыз жоголгон, анын сөөгүн он күндөн кийин табышкан. Жергиликтүү маалымат булактары аны орусиялык аскер кызматкерлери аскердик базага жасалган ракеталык соккуну видеого тартканы үчүн тыңчылыкка айыптап, уурдап кетишкенин жазышкан. Аялы орус бийлигинен бул окуяны териштирүүнү талап кылган.
Кармалгандардын бирине да адам өлтүрүү боюнча айып тагылган жок. РБК билдиргендей, алар кызмат абалынан аша чапкан, өлгөн кишинин сөөгүн мазактаган жана кылмышты жашырган деп гана айыпталууда.
Америкалык жаран Донецкиде 2014-жылы бул шаарды орусиячыл жикчилер ээлеп алгандан бери жашап келген. Башында алардын катарында согушуп жүргөн, кийин жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам чогултуп, видеоблог жүргүзүүгө өткөн. Кремлдин үгүтчүлөрү анын берген маалыматтарын өз материалдарында колдонуп келишкен. Бентли орусиялык мамлекеттин "Спутник" агенттиги менен да кызматташчу.
Өзүн "донбасстык ковбой" атаган Бентли АКШ өкмөтүн сындап да жүргөн, Донецкиде жашап калгандан бери ал Орусия жарандыгын алган.