Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:43 22.9.2024

Орусиянын армиясынын Украинанын Харьков шаарына жекшембиге караган түнкү чабуулунан жараат алгандар 21ге жетти. Анын үчөө балдар.

Бул тууралуу Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди.

10:37 22.9.2024

Харьковдун мэри Игорь Терехов жекшембиге караган түнү көп кабаттуу бомба тийгени тууралуу маалыматтарды тастыктады.

Анын айтымында, кеминде 12 киши жараат алды. Издөө-куткаруу иши жүрүп жатат.

19:20 21.9.2024

Орусиянын аскер күчтөрү 21-сентябрдын түнү Украинанын Днепропетровск облусунун Кривой Рог шаарына сокку уруп, үч киши каза болду.

Облустун аскердик администрация башчысы Сергей Лысак 75-79 жаштагы эки аял жана 12 жаштагы бала набыт болгонун билдирди. Жараат алган үч адам ооруканага жеткирилип, абалы орточо оор деп бааланууда.

Лысактын айтымында, чабуулдан эки үй күйүп, жыйырмадай үй, мектеп талкаланды. Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы түндө Днепрга жасалган чабуул жөнүндө кабарлады. Андан бир адам жабыркап, имараттар талкаланды.

“Азаттыктын” украин кызматы Кривой Рогго жасалган чабуулдун кесепеттеринен кийинки сүрөт, видеолорду жарыялады. Басылма сокку жай тургандар жашаган аймакка урулганын белгиледи.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматында, Орусиянын армиясы Днепропетровск облусуна баллистикалык төрт “Искандер-М”/KN-23 жана беш авиациялык башкарылуучу Х-59/69 ракетасы менен чабуул жасаган. 16 дрон учурулган. Украинанын аскер күчтөрү беш ракетаны жана 11 дронду атып түшүргөн.

18:29 21.9.2024

Киев мэри Виталий Кличко украин аскерлерге 550 дрон берди

"Донбасстагы кырдаал оор болуп жаткан жердеги жана Купянск багытындагы биздин коргоочуларга барып келдим. Киевден Mavic 3Т 550 дронун алып барып, тапшырдым (бул түндө душманды жок кыла турган учкучсуз учактар), - деп жазды Кличко.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG