Кыргызстан менен Украинанын кызматташтыгы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Андрей Сибиганын Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясы учурунда өткөн жолугушууда талкууланганын Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси 23-сентябрда билдирди.
АКШда жүргөн Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-сентябрда The Golden Plate Award сыйлыгын алып жатып, "Бизде убакыт аз. Кийинки бир нече айлар бул согушта чечүүчү ролду ойнойт, Орусиянын Украинага каршы согушу - бул эркиндикке каршы согуш. Бизде анын жыйынтыгы кандай болорун аныктоого убакыт аз", - деди.
Зеленский "Биз ыкчам болуп согушта он жылдыкты жоготпошубуз үчүн бир дагы айды текке кетирбешибиз керек", - деп Киевдин өнөктөштөрүн тезирээк аракет кылууга чакырды.
Зеленский БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сүйлөй турганы күтүлүүдө. 26-сентябрда АКШ президенти Жо Байден менен, АКШ президенттигине талапкер Камала Харрис жана Дональд Трамп менен жолугууну көздөп турат. Зеленскийдин айтымында, жакынкы күндөрү Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн жана "Чоң жетинин" лидерлери, Европа мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.
Зеленский: Согуш айрымдар ойлогондой эмес, бүтөрүнө аз калды
АКШга барган Владимир Зеленский ABC телекомпаниясына маек куруп, Орусия менен согуш башкалар ойлогондой эмес экенин, бүтөрүнө жакын калганын белгиледи. Маектин толук версиясы шейшемби күнү таңда көрсөтүлөт.
Телеканалдын анонс катары берген үзүндүсүндө Украинанын президенти Жо Байденге бейшембиде жеңиш планын сунуштай турганын айтканын көрүүгө болот.
"Биз ошол себептүү өнөктөштөрдөн күчтөндүрүүнү сурандык. Бул абдан маанилүү. Менин көз карашымда биз көпчүлүк ойлогондой эмес, тынчтыкка жакынбыз. Биз согуштун акырына жакындап калдык", - деп белгиледи Владимир Зеленский.
"Жеңиш планы" Орусия менен сүйлөшүүлөрдү эске алабы деген суроого жооп берип жатып, Украинанын президенти тынчтык планында Орусия менен сүйлөшүү жок экенин белгиледи. Анын сунушу Украинаны күчтөндүрүү экенин айтып, "Биз Путинди дипломатиянын арты менен гана тынчтыкка көндүрө алабыз", - деди. Анын айтымында, Орусиянын президенти Украинанын Курск облусундагы аскердик операциясынан коркуп турат, орусиялыктар Путин өлкө аймагын коргой албасын өз көздөрү менен көрүштү.
Шаршемби күнү Зеленский Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөйт. "Чоң жетинин" жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.
Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) бул уюмдун мелдештерине Орусияны жана Беларусту кайрадан катыштыруу тууралуу сунушту колдогон жок. Мындай чечим федерациянын Венгрияда өткөн соңку жыйынында кабыл алынды.
Ал эми аталган эки өлкөнүн спортчуларынын айрым категорияларын, тагыраак айтканда, 12 жашка чейинки курактагы балдардын жана майыптардын катышуусуна уруксат берүү жөнүндөгү сунуш талкуулоо үчүн FIDE Кеңешине жана Эл аралык олимпиада комитети жөнөтүлгөнү маалымдалды.
2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин олимпиада комитети жана көптөгөн эл аралык спорттук бирикмелер сыяктуу эле аталган федерация да орусиялык жана беларусиялык спортчуларга чектөө киргизген. Мындай чектөөнү толук алып салуу тууралуу сунушу менен Кыргызстандын Шахмат федерациясы кайрылган. Кыргызстандын демилгесине Украина жана АКШ каршы чыккан.