Орусиянын 28-сентябрдагы таңкы соккуларынан Украинанын Сумы шаарында жети киши каза болуп, 12 адам оор жараат алды. Бул тууралуу аймактык администрациядан кабарлашты.
Украинанын ички иштер министри (ИИМ) Игорь Клименко орусиялык күчтөр Сумыдагы медициналык мекемеге эки жолу сокку урганын билдирди. Алгачкы соккусунда бир адам өлүп, оорукананын бир нече кабаты талкаланган. Ал жерде полиция жана куткаруучулар бейтаптарды эвакуация кылып жатканда экинчи чабуул жасалган. Сокку турак үйлөргө дагы тийген.
Харьковдогу аткылоодон 68 жаштагы эркек жана аял жараат алып, үйү талкаланды. Украинанын Коргоо күчтөрү 28-сентябрда түндө Орусия армиясы төрт ракета жана 73 “жанкечти” дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Эки ракета жана 69 дрон атып түшүрүлгөн. Украинанын 13 облусунда айгай жаңырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар жөнүндө комментарий берген жок.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, эки жылдан бери согушта Украинада 10 миңден ашууна адам өлүп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.
Financial Times: УАК согушка жаңы баргандарды көбүрөөк жоготууда
Британиялык Financial Times украиналык командирлер менен бир канча маектер камтылган макала жарыялады.
Алар басылмага УАКка жаңы алынгандарга аскердик билим жетпей жатканын, көбү ок атылганда эле өзүн жоготуп, элеңдеп калганын айтышкан Украин армиясындагы жөө аскерлердин орточо жашы 45те.
"Аларга чыдамкайлык, тажрыйба жана машыгуу жетпей жатат. Айрымдары курал менен иштегенди билбейт. 50дөн 70% чейин жаңы алынгандар бир канча күн өтпөй эле каза таап, жарадар болушууда", - деген УАКтын офицерлердин бири Financial Times басылмасына.
Басылманын иаектештеринин биринин айтымында, украин армиясы жоготуулардан кийин айрым багыттардан чегинүүдө.
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушканда ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкса Украинадагы согушка чекит коюу үчүн "эки тарап менен тең иштерин" билдирди. Ал Украинадагы кырдаалды "тез эле чечип койсо болот" деп ишенет.
"[Зеленский] менен алакаларым абдан жакшы, ошондой эле, өзүңөр билгендей президент [Владимир] Путин менен да жакшы мамиледемин", - деди Трамп 27-сентябрда Нью-Йорктогу жолугушуу өткөн Trump Tower комплексинде туруп.
Буга чейин бир катар америкалык маалымат каражаттары экөөнүн жолугушуусу болбой калышы мүмкүн деп боолгошкон. Буга Зеленскийдин The New Yorker басылмасына Трамп "чындыгында согушту кантип токтотушту билбейт" деп айтканы түрткү болгон. АКШнын экс-президенти буга жооп катары Киев согушту токтотуу үчүн "макулдашууга барышы керек" экенин айткан.
Зеленский Трамп менен учурашып жатып, "Украинадагы согушту токтотуу керек экени жана Путин аны жеңе албастыгы тууралуу бир пикирдебиз деген ойдомун",- деди.
26-сентябрда Зеленский Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолуккан. Харрис учурда демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Трамптын башкы атаандашы.
Орусиянын соккусунан Измаилде үч адам каза болду
27-сентябрда таңга жуук Орусия Измаилге (Одесса облусу) ири сокку уруп, үч адам каза болуп, дагы 11 киши, анын ичинде бир бала жаракат алды. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
«Орусиялыктар биздин аймактын түштүгүнө сокку уруучу дрондорду учурушту. Абадан коргонуу күчтөрүнүн иши узак жана чыңалуу менен өттү. Тилекке каршы, чабуулдан үч адам: 1934-жылы жана 1955-жылы туулган эки аял жана 73 жаштагы эркек каза болду», — деп жазды Кипер.
Анын айтымында, жеке үйлөргө, көп кабаттуу үйлөргө, короолорго, имараттарга жана автоунааларга зыян келтирилген.
«Чабуулдун натыйжасында бир нече өрт чыкты, биздин өрт өчүргүчтөр тарабынан тез арада өчүрүлдү. Укук коргоо органдары орусиялыктардын террористтик чабуулунун кесепеттерин каттап жатышат. Жабыркагандарга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деп кошумчалады облус башчысы.
Украинанын аба күчтөрү түнү менен Одесса облусуна Орусия тарабынан «Шахед» дрондору сокку урганын маалымдаган.
Орусиянын аскерлери Украина аймактарын учкучсуз учактар, ракеталар жана башка куралдар менен үзгүлтүксүз аткылап келет. Орусиянын жетекчилиги согуш маалында жарандык инфраструктурага атайын сокку урулуп жатканын четке кагууда. Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуш кылмышы деп баалап, алардын атайын багытталганын белгилешет.