Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:16
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.

Украинадагы согуш: элдешүү келишими сакталган жок

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:14 29.9.2024

Украинанын Запорожье шаарында орус армиясынын жекшембидеги соккусунан көп кабаттуу үй талкаланды.

Азыр куткаруу иштери уланып жатканын Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, төрт адам жабыркап, бирөө урандылардын астынан куткарылган. Дагы бир аял уранды алдында калган болушу мүмкүн.

Издөө-куткаруу иштерине 40тан ашык куткаруучу, милиция кызматкерлери, саперлор, Кызыл Чырым уюмунун ыктыярчылары катышууда.

16:12 29.9.2024
Украина: Сумыдагы ооруканага урулган соккунун кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

11:12 29.9.2024

Орусиянын армиясынын Украинанын Сумы шаарындагы ооруканага ишембиде урган соккусунун курмандыктары көбөйдү.

Сумы аймактык аскер администрациясынын акыркы маалыматына караганда, каза болгондор 10го жетти, 22 киши жараат алды.

Украинанын ички иштер министри (ИИМ) Игорь Клименко орусиялык күчтөр Сумыдагы медициналык мекемеге эки жолу сокку урганын билдирди. Орусия ооруканага жасалган сокку тууралуу комментарий берген эмес.

19:25 28.9.2024

Орусиялык күчтөр Украинанын Донецк облусундагы өнөр жай шаары катары таанылып, согушка чейин 15 миң калк жашаган Угледарга жакындап калды. Эки жылдык курчоого карабай, калаа украин армиясынын көзөмөлүндө турган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG