Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:22 1.10.2024

Украинада 1-октябрда "Коргоочулар күнү" белгиленип жатат. Ал тапта Орусиянын армиясы дрондор менен сокку урууну улантууда. Өлкө чыгышында кырдаал дагы эле курч бойдон калууда.

Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогуздарда мекенин коргоп жатып курман болгон украиналыктарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Телеграмга жазган билдирүүсүндө украин армиясынын башкы командачысы, генерал Александр Сырский украин аскерлерин куттуктап, аларды соңку 2,5 жылда буга чейин "дүйнөнүн экинчи армиясы" катары саналган орус күчтөрүнө туруштук берип, алардын мизин кайтарып келаткан "кебелбес жоокерлер" деп атады.

Коргоо министри Рустем Умеров өз куттуктоосунда ар бир украин аскерине биримдик, эрдик жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз эмне үчүн күрөшүп жатканыбызды так билебиз: үйүбүз үчүн, ачык асманды кыялданган жакындарыбыз үчүн, орус аскерлеринен арылууну көздөп жаткан шаар-кыштактар үчүн, өз жеринде коркпостон жашай турган келечек муун үчүн", - деди Умеров өз кайрылуусунда.

Украинада "Коргочуулар күнү" 2014-жылы, Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз оккупациялап, Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алгандан кийин пайда болгон.

1-октябрдын таңында орус армиясы Украинанын аймактарына дрон менен чабуул коюуну улантты. Украин күчтөрү билдиргендей, 32 учкучсуз аппараттын 29у атып түшүрүлдү.

30-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында аскерлери "оор кырдаалга" туш болушканын дагы бир ирет ырастады. Ал жакта орус күчтөрү Донецк облусуна караштуу Покровск логистикалык борборун басып алуу аракетин бир нече айдан бери көрүп келишет.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 1-октябрдын таңында Украина менен чек аралаш Белгород облусунун аймагында сегиз дронду атып түшүргөнүн билдирди. Москва бул чабуулдарды Киевден көрөт. Украин бийлиги адаттагыдай үн катпайт.

Ал эми орус бийлиги бир катар фото жана видео далилдерге карабастан Украинанын аймагындагы жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

15:47 1.10.2024

АКШ: Украина өз куралы менен Орусиянын ички аймактарына сокку ура алат

Украинага Орусиягы сокку уруу үчүн АКШнын уруксаты кереги жок. Киев өз алдынча өндүргөн курал менен сокку ура алат. Андай куралы көп. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер билдирди.

Анын айтымында, Украинанын коргонуу үчүн куралы жетиштүү, андыктан Батыштын Орусиянын түпкүрүдөгү аймактарына сокку уруу согуштун жүрүшүн өзгөртүүчү куралы жомок эмес. Ушундай эле сөздү буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин айткан.

Биз Украинага бардык мүмкүнчүлүктү жана тактиканы колдоо катары карап, бул өлкөнүн согуштагы тактикасына кандай таасир эткенин көрөбүз", - деген Миллер.

15:37 1.10.2024

Херсондо орусиялык күчтөрдүн соккусу борбордук базарга түштү

Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү Телеграм-каналдар сокку коомдук транспорт токтогон жер менен базардагы соода катарларынын ортосунда түшкөн. Сокку таңкы саат 9да урулган. Жети адам каза таап, алтоо жарадар болуп, анын бешөө ооруканага жеткирилгени кабарланды.

19:20 29.9.2024

Украина 29-сентябрда Орусиянын чабуулдарынан бир нече аймакта жыйырма чакты жайкын тургуну жараат алганын, соккулар учкучсуз учактар менен жасалганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн расмий маалыматына караганда, украин аскерлери кеминде төрт облуста Орусия учурган 22 согуштук дрондун 15ин атып түшүрүүгө үлгүрүштү.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров дарыгерлерге жардам сурап 16 киши кайрылганын, алардын тогузу аялдар, бири 17 жаштагы жигит жана дагы бири сегиз жаштагы кыз экенин айтты.

Украинанын Башкы штабы соңку суткада фронтто болгон 165 кагылышуунун төрттөн бири чыгыштагы Донецк облусунда, Орусиянын чабуулдары токтобой жаткан стратегиялык шаар Покровск тилкесинде катталганын билдирди.

28-сентябрда Харьковдо орус аскерлеринин аба соккуларынан чек арадагы Сумы аймагында оорукана талкаланып, кеминде тогуз киши каза болгон, 12 киши жараат алган. Ошол эле күнү гуманитардык жүк таратып жүргөн машиналардын бири бутага алынып, ичиндеги айдоочусу каза тапкан, үч жүргүнчүсү оор жараат алган. «Азаттыктын» украин кызматы 29-сентябрда билдиргендей, мерт кеткен киши Украинанын Жогорку сотунун судьясы, 61 жаштагы Леонид Лобойко экени аныкталды.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 28-сентябрда Fox News телеканалына курган маегинде мурдагы президент Дональд Трамп менен жолугушууда ал эгер шайлоодо утса Киевге жардамын убада кылганын айтты. 27-сентябрда Нью-Йоркто өткөн жолугушуусу тууралуу украин президенти "Шайлоодон кийин эмне болорун жана ким президент болорун билбейм... Бирок мен Дональд Трамптан анын биз тарапта болору, Украинаны колдой турганы тууралуу так маалымат алдым", — деп айтты.

Орусиянын 29-сентябрдагы расмий маалыматында бир күндө Украина учурган 125 согуштук дрон атып түшүрүлгөнү, чек арадагы Шебекино шаарында бир адам каза болгону айтылды. Жергиликтүү Телеграм каналдар бул жолу дрон чабуулуна эң көп Волгоград облусу кабылганын жазып жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG