Европа биримдигинин элчилери Орусиянын Борбордук банкынын камактагы активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен Украинага 35 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүүнү макулдашты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Европа иштери боюнча редактору Рикард Йозвяк X социалдык тармагына жазды.
"Каржылык жардам Орусиянын агрессиясынын күчөшүнөн улам Украинанын чукул каржылык муктаждыктарын дароо канааттандырууга багытталган", - деп айтылат Евробиримдиктин кеңешинин билдирүүсүндө.
Йозвяктын айтымында, орусиялык активдерге каршы санкцияларды узартуу маселеси Венгриянын каршылыгынан улам чечиле элек.
Буга чейин Венгриянын финансы министри Михай Варга Будапешт Евробиримдиктин Орусиянын камактагы активдерине каршы санкцияларын өзгөртүүнү колдобой турганын, бул Украинага насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген. Анын айтымында, Будапешт буга байланыштуу чечимди 2024-жылдын 5-ноябрында өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого чейин күтүүнү туура көрөт.
Украинага орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен 35 миллиард евро насыя бөлүнөрүн Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен 20-сентябрда билдирген.
Насыя үчүн каражат Европада камакка алынган орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен алынат. Украина насыяны кырк жыл ичинде кайтарып бериши керек.
Евробиримдиктин башчысы менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйынында Урсула фон дер Ляйен ири суммадагы насыянын берилиши “Чоң жетинин” (G7) Украинаны колдоо милдеттеринин кезектеги кадамы экенин айткан.
“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери июль айында Вильнюстагы НАТОнун саммитинде аскердик жардам, согуш жүрүп жатканда жана бүткөндөн кийинки калыбына келтирүүгө жардам берерин билдиришкен.
Камактагы орусиялык активдердин көп бөлүгү (228 миллиард доллар) - Европада, 10 миллиард доллар Кошмо Штаттарда, 30 миллиард доллар Жапонияда, 10 миллиард доллар Британияда.
Шейшембиде Орусиянын Харьковго урган соккусунан кеминде 30 киши жараат алды. Бул тууралуу Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирип, тынымсыз урулган соккунун кесепеттерин жоюу иши уланып жатканын Телеграмга жазды.
Буга чейин турак жайга тийген соккудан эки адам каза болуп, бешөө жарадар болгону кабарланган.
Жергиликтүү прокуратура Харьковдун Салтов районунда айланасында эл жыш отурукташкан көлмөгө дүрмөт түшкөнүн билдирди. Анын кесепетинен эки киши каза тапкан.
Чабуулдар Харьковдун башка райондорунда жана шаардын чет жакаларына да жасалды.
Орусиянын аскерлери чабуул үчүн Белгород облусунан ФАБ-250 авиабомбалары менен эки Су-34 учагын колдонгон.
Москва Украинанын мындай билдирүүлөрүнө комментарий берген жок.
Орусия 8-октябрда эртең менен Украинага жакын чек ара тилкеси учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын билдирип, бул үчүн украин тарапты айыптады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары жалпысынан 16 согуштук дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Жанкечти дрондордун 14ү Украина менен чек арасындагы Белгород облусунда кармалганы, калган экөө Кара деңиз жээгинде жок кылынганы кабарланды.
Украина 8-октябрда Орусиянын чабуулдарынан бир нече аймагында адамдар жараат алып, кыйроолор катталганын билдирүүдө.
Херсон облусунда артиллериялык аткылоодон бир нече киши жараат алганы, бир дүкөн талкаланганы, 51 жаштагы аял көчөдө кетип бараткан учурда ага дрон менен жардыргыч ыргытылганы, Харьков облусунда жарандык өндүрүш ишканасы кыйраганы, 16 жергиликтүү тургун жараат алганы, үчөөнүн абалы оор экени маалымдалды.
Фронтто соңку суткада 172 жолу кагылышуу болгонун, оор абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталып турганын, аскерлер жайгашкан жерлер менен калктуу пункттар жалпысынан 4420 жолу аткыланганын, төрт жолу ракеталык, 72 жолу авиациялык, 1508 жолу дрон менен сокку урулганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Одесса аймагына дрон жана баллистикалык ракета менен бүгүн да сокку урулду. Кечээ бул аймакта Украинанын Кара деңиздеги эки негизги портуна чабуул жасалып, дан азыктарын ташыган кемеге ракета тийген, облус губернатору Олег Кипер 60 жаштагы жергиликтүү кызматкер каза болгонун, чет өлкөлүк беш жумушчу жараат алганын билдирген. Тышкы иштер министри Андрей Сибига Орусиянын бул кол салуусун «атайын жасалган террордук тактика» деп атаган.