Орусиялык аскерлер Селидового чабуул коюуда
Орусиялык аскерлер Донецк облусунун чыгышындагы украин аскерлеринин логистикалык борбору Покровскинин түштүк тарабындагы Селидово шаарында алга жылууда. Бул орусиялык чабуулдун быйылкы эң маанилүү багыты. Украиналык күчтөрдүн башкы штабы күн сайын бул багыттагы орусиялык чабуул тууралуу маалымат берүүдө.
Селидовону орусиялык күчтөр үч тарабынан курчап турат. Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоору "активдүү курчоо" жүрүп жатканын, Орусия бул шаарга болгон күчүн таштаганын билдирди.
Америкалык согушту изилдөө институту орусиялык күчтөрдүн "маанилүү тактикалык алга жылууларын" белгилеп, бирок Селидового басым кылуу анын Покровскиге чабуулун чектей турганын билдирди.
Аналитиктер буга чейин Орусия Селидовону Покровскиге чабуулга чейин басып алып, флангдарын сактоону көздөп жатканын айтышкан.
Орусиянын армиясы Херсондун борборундагы көп кабаттуу үйгө сокку урду, эки киши жабыркады.
Бул тууралуу облустук аскердик администрация кабарлады. Бийликтин маалыматында, 64 жаштагы аял бутунан жараат алса, 72 жаштагы киши контузия алган деген диагноз коюлган.
Аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. 24-октябрда кечинде орус армиясы Донецк облусундагы "Жаңы почта" бөлүмүнө сокку урган. Эки киши каза болуп, бирөө жараат алды.
"Орусия кайрадан жарандык объектилерге сокку урду, андан сырткары администрациялык имарат дагы зыян тартты", - деди Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин.
Украинанын абадан коргонуу системалары бейшембиге караган түнү жана эртең менен өлкөнүн 11 аймагында Орусия учурган согуштук 50 дрондун 40ын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн, жетөө электрондук жана навигациялык тоскоолдуктан улам адаштырылганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирген.
Учкучсуз учактар Одесса, Николаев, Днепропетровск, Винница, Житомир, Хмельницкий, Черкасск, Кировоград, Киев, Полтава жана Чернигов облустарынын аймагына учурулганы маалымдалды. Дрондордун экөө Орусияга жана Беларуска кайткан.
Украинанын абадан коргонуу системалары бейшембиге караган түнү жана эртең менен өлкөнүн 11 аймагында Орусия учурган согуштук 50 дрондун 40ын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн, жетөө электрондук жана навигациялык тоскоолдуктан улам адаштырылганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди.
Учкучсуз учактар Одесса, Николаев, Днепропетров, Винница, Житомир, Хмельницкий, Черкасск, Кировоград, Киев, Полтава жана Чернигов облустарынын аймагына учурулганы маалымдалды. Дрондордун экөө Орусиянын жана Беларустун аймагына кайткан.
Ал эми Харьков облусунда Купянск шаарында орус аскерлеринин соккусунан адамдар жабыркаганын, арасында каза болгондор бар экенин, баштапкы маалымат боюнча өлгөндөр экөө деп эсептелип жатканын облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди.
Хмельницкийде дрондун сыныктары түшкөн жерде өрт чыгып, турак үйдүн жана мейманкананын 40ка жакын тургуну эвакуация болду.
Дрондон тышкары Орусия бул жолу Украинаны башкарылуучу эки жана дагы канаттуу эки ракета менен атты. Алардын бири да максатына жетпегени белгиленди.
Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн «жеңиш планы» толук ишке ашканда украин тарап демилгелеген Тынчтык саммитине Орусия да катышарын бүгүн 24-октябрда «Крым платформасы» саммитинин катышуучуларына кайрылуусунда айтты. Планда Орусияны согушун токтотууга аргасыз кыла турган бардык кадамдар жазылганын белгиледи.
Зеленский беш пункттан турган «жеңиш планын» өлкө парламенти Жогорку Радага 16-октябрда айтып берген. Ал өнөктөштөрдү “алыска атуучу куралды Украинанын Орусия басып алган бардык аймактарында жана Орусиянын өзүндө, анын аскердик инфраструктурасында колдонууга каршы чектөөнү алып салууга” жана “запастагы бригадаларды жабдууга жардам берүүгө” чакырган.
Орусия Украинага кол салбаганын, атайын аскердик операция гана жүргүзүп жатканын айтууда.
АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын камакка алынган активдеринен алынган үстөк пайызынын эсебинен Украинага 20 миллиард долларлык насыя бөлүнөрүн билдирди. "Чоң жети" Орусия Украинага карата агрессиясын токтотуп, алып келген зыяндын ордун толтурганга чейин активдер камакта болоруна кепилдик берүүдө.
"Орусия бул жаңжалда жеңбейт. Украинанын эли жеңишке жетет. Бул Владимир Путинге дүйнө Украинанын айланасында чогулганын жана АКШ менен биздин G7 өнөктөштөрүбүз аны ар бир кадам сайын колдоону уланта берерин дагы бир жолу эскертет", - деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.
Шейшембиде АКШнын каржы министри Жанет Йеллен "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүү боюнча "аз убакытта" бир чечимге келерин билдирген.
Ушул эле күнү G7 жана Европарламент Украинанын коргонуусуна жана кайра куруу иштерине 35 миллиард евро (38 млрд доллар) кредит берүүнү жактырды. Карыз Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин Батышта тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен кайтарылмакчы.
Шаршемби күнү Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңеши Байдендин администрациясы Украинага 10 млрд долларлык аскердик жардам бөлүүгө аракет кылып жатканын билдирген.
АКШ декабрь айына чейин 10 миллиард долларлык экономикалык жардам берүүнү пландаштырууда, бирок дагы 10 миллиард долларлык аскерий жардам үчүн мыйзам чыгаруучулардын макулдугу керек экенин Улуттук коопсуздук кеңеши билдирүүдө.
Маалыматта АКШ өз үлүшүндөгү 20 млрд доллар насыяны декабрда Дүйнөлүк банктын Трасттык фондуна которушу мүмкүн экенин, Ак үй жакынкы жумада Конгресс менен сүйлөшүүлөрдү уланта турганы айтылган.
Орусия 300 млрд долларга тете активдерин колдонуу мыйзамсыз болорун айтып, өч аларын эскертип жатат.