Орусиянын аскерлери Харьков жана Херсонго чабуул койду
28-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Харьков шаарына бир нече сокку урулуп, анын ичинде Холодногорск району жана дагы бир нече жер жабыркады. Холодногорск районунда снаряд тогуз кабаттуу үйдүн жанына түшүп, жогорку кабаттагы дубалдарды, терезелерди талкалап, өрт чыккан.
Харьков облусунун аскердик администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бул түнкү аткылоодо 10дон ашык адам жаракат алды. Ал эми Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун маалыматы боюнча, аткылоонун натыйжасында 16 жаштагы кызды кошкондо жети адам жабыркады. Ошондой эле сегизинчи жана тогузунчу кабаттардын ортосу урап, үч батир кыйрады.
27-октябрдын кечинде орус армиясы башкарылуучу авиабомбалар менен Харьковдун Шевченко, Киев жана Салтовка райондоруна сокку урган. Негизги сокку жеке үйлөргө түшүп, 21 үй жана бир нече автоунаа талкаланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, бул чабуулда кеминде алты адам жабыркаган.
Херсондо дагы орус күчтөрүнүн аткылоосунан беш адам каза тапканын облус губернатору Александр Прокудин билдирди. Акыркы айларда орусиялык күчтөр фронттон алыс жайгашкан шаарларды, анын ичинде Харьков менен Запорожьеге чабуул жасоодо көбүрөөк башкарылуучу авиабомбаларды колдонууда. Бул чабуулдардын кесепетинен көптөгөн турак жайлар жана жарандык инфраструктура объектилери талкаланып, каза тапкандар жана жаракат алгандар катталууда.
27-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге кайрадан чабуул койду.
Киевдин аскердик администрациясы үч жарым сааттай убакыт абадан чабуул болору тууралуу эскертүү жаңырып турганын билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, дрон чабуулунан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Киевге түндө бир ай ичинде 16-жолу орусиялык дрондордун чабуул койгонун шаардык администрация билдирди. Кечээ кечке чейин аба айгайы үч жолу жаңырып, 7,5 саатка созулду. Абадан коргонуу күчтөрү ондогон орусиялык дронду атып түшүрдү.
Бир дрон көп кабаттуу үйгө түшүп, 20-кабаттагы батирде өрт чыгып, бир кыз каза тапты. Үйдүн үстүңкү кабаттары жабыркап, алты адам жараат алды. Жүздөй адам эвакуация болду.
Ал эми Киев облусунда түндөгү чабуулдан бир адам каза таап, 13 жаштагы бала жараат алды.
Ишембиде Херсон жана Херсон облусунда орусиялык армиянын соккусунан эки адам каза таап. бирөө оор абалда ооруканага жетирилген.
26-октябрда орусиянын ракета соккусунан Днепрде үч адам каза таап, 19 адам жабыркаганын Днепропетровскинин администрация башчысы Сергей Лысак билдирди.
Лысак сегиз жарадар ооруканага жаткырылганын, айрымдарынын абалы оор экенин тактады. Анын айтымында соккудан эки кабаттуу үй жана гараж, көп батирлүү 13 жана эки жеке турак жай талкаланган. Сокку тийген жерден 80 тонна таштанды чыгарылды. Лысактын айтымында, орусиялык армия Никопол жана Марганецке да артиллерия, дрондор менен чабуул койгон.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казан шаарында БРИКС саммити учурунда жолугушканда Орусиянын Украинага басып кириши БУУ Уставын жана эл аралык мыйзамдарды бузгандык болуп эсептелерин айтты. Бул тууралуу маалымат БУУнун сайтына 24-октябрда жарыяланды.
Анда “Башкы катчы Орусиянын Украинага басып кириши БУУ Уставына жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет деген позициясын кайталады. Ал БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөзүндө БУУ тынчтыкты колдой турганын баса белгиледи. Башкы катчы Кара деңизде кемелердин жүрүү эркиндигин орнотуу Украина, Орусия үчүн жана дүйнөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу үчүн эң маанилүү экенине ишенерин билдирди”, - деп айтылды.
Гутерриш Путин менен акыркы жолу согуш башталган алгачкы мезгилде, 2022-жылдын апрелинде жолуккан.
Айрым талдоочулар Гутерриш ошондон бери Украинанын шаар-кыштактарын, инфраструктурасын талкалап жаткан орус президенти Путин менен кол алышканын сындап жатышат.