Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:09 29.10.2024

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарындагы "Орусиянын атайын бөлүктөр университети" деп аталган жайдын имаратына "абадан учкучсуз учак чабуулу жасалганын" 29-октябрда билдирди. Аталган шаар Орусиянын курамындагы бул республиканын борбор калаасы Грозныйдан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Чеченстандын аймагына дрон чабуулу коюлган окуя буга чейин каттала элек болчу.

Кадыров Telegram каналына жазгандай, чабуул 29-октябрда эртең менен болду, натыйжада “окуу жайдын бош турган имаратынын чатыры күйдү”, эч ким жабыркаган жок, өрт өчүрүлдү.

Орусиянын аймагы Украинанын дрон чабуулдарына соңку кезде көбүрөөк кабылууда. Чеченстан Украинадан 500 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Азырынча украин тарап Кадыровдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

"Орусиянын атайын бөлүктөр университети" деп аталган жай 2013-жылы ачылган. Ага орус президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган. Чеченстандын жетекчилигинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери ал жерде миңдеген киши аскердик даярдыктан өтүп, майданга жөнөтүлгөн.

Кадыров 16 жаштагы уулу Адамды бул жайдын куратору кылып дайындаганы быйыл апрель айында маалымдалган.

14:36 29.10.2024

Киевде шейшембиге караган түндө Орусиянын дрон чабуулунан турак жайларгы зыян келтирилип, автоунаалар өрттөлдү. Шаардын аскердик администрациясы алты адам жабыркаганын билдирди. Бир адам бутунан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, дрондун калдыктары Соломенск жана Святошинск райондоруна түшкөн. Дүкөндө өрт чыккан. Абадан чабуул болору тууралуу эскертүүлөр төрт сааттан ашык жаңырып турду.

Харьковдун бийлиги түнкү саат 02:51де жер тамдарга ракета тийип, бир үй толугу менен талкаланганын, ондогон имараттар жабыркаганын билдирди. Төрт киши каза болгон.

Днепропетров облусунун Кривой Рог шаарында ракеталык аткылоодон бир киши каза таап, 14ү киши жараат алганын облустук аскердик администрациясы билдирди.

Орусия тарап Киев, Харьков жана Кривой Рогдогу соккулар тууралуу комментарий берген жок.

17:59 28.10.2024

Түндүк Кореянын аскерлери Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусуна жеткени анык экенин НАТО тастыктайт. Бул тууралуу 28-октябрда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдирди.

Рютте мындай кадамды Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушундагы “олуттуу эскалация” деп атады жана орус президенти Владимир Путиндин согушта 600 миңден ашуун аскерин жоготкондон кийин “айласы куруп жаткандыгынын” белгиси экенин айтты.

Украинанын Аскердик чалгын кызматы түндүк кореялык аскерлердин алгачкы бөлүктөрү Орусиянын Курск облусуна жайгаштырылганын 24-октябрда маалымдаган.

Кошмо Штаттар Түндүк Корея Орусияга 3 миң аскерин жөнөткөнүн билдирген жана Москвага согушууга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатканы үчүн Пхеньян тийиштүү кесепеттерге кабылышы ыктымал экенин эскерткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деп 24-октябрда аталган өлкөнүн аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп берип жатып айткан.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун айрым айыл-кыштактарын азыркы тапта украин аскерлери ээлеп турат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

13:49 28.10.2024

Воронеж облусунда эки ишканага дрон чабуулу болду

Орусиянын Воронеж облусунда украиналык дрондордун чабуулунда жабыр тарткандар бар экени тууралуу облустун губернатору Александр Гусев билдирди.

Ишканалардын бири Новохоперск районунда жайгашкан. Губернатор кайсы ишкана экенин тактаган жок.

Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга таянып, бул Красное айылындагы "Этанол спирт" заводу экенин билдирди. Гусевдин айтымында, "дрондун түшүүсүнүн" кесепетинен чарбалык имараттын чатыры жабыркаган. Бир нече саат мурун ал эки турак үй жана бир чарбалык имарат жабыркап, бир адам жаракат алганын жазган. Красное айылындагы "Этанол спирт" заводуна 22-октябрга караган түнү да дрондор сокку урган.

Экинчи ишкана Аннин районунда жайгашкан, ал жерде эки адам жаракат алганын Воронеж облусунун губернатору билдирди. "Өрт түн ортосунда өчүрүлдү. Ар кандай максаттагы бир нече имарат жана курулмалар, ошондой эле техника өрттөн жабыркады. Ишкананын сыртында өрт эки гаражды жана электр өткөрүү линиясынын бир бөлүгүн камтыды", - деп жазды ал.

Телеграм-каналдардын маалыматы боюнча, экинчи ишкана - "Аннинский" спирт заводу. Shot каналынын маалыматында, дрон чабуулунан кийин өрт чыгып, аны бир нече сааттан кийин өчүрүүгө жетишишкен. Анна айылында октябрь башында дрондор кол салган мунай базасы да жайгашкан.

Спирт заводдорунда армиянын муктаждыгы үчүн күйүүчү май жана жардыргыч заттар да өндүрүлөт.

Губернатор аймак үстүнөн 10 дрон атылып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 21 дрон жок кылынганын билдирди. 13ү Белгород облусунун үстүнөн, алтоо Брянск облусунун үстүнөн жана бирден Воронеж жана Курск облустарынын үстүнөн жок кылынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG