Харьковго авиасокку урулду, бир адам каза таап, 30 адам жарадар
Орусиялык аскерлер 30-октябрдын кечинде Харьковго авиасокку урду. Эки адам каза тапты, отуздайы жабыркады. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, 12 жаштагы бала чарчап калды. Аны уранды астынан башы жарылып, сөөк-саагы сынган абалда таап чыгышты. Уранды астында дагы 15 жаштагы эркек бала бар.
АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинага каршы согушуна түндүк кореялык аскерлердин тартып жатышын "кооптуу жана дестабилдештирүүчү эскалация" деп атап, бул кадам жаңжалды дагы узартып жибериши мүмкүн деген пикирин бөлүштү.
Пентагондо 30-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйында Остин Орусиянын чыгышында 10 миңдей түндүк кореялык аскер жайгаштырылганын кошумчалады.
Маалыматка караганда, орус армиясынын формасын кийип, курал-жарагы менен жабдылган аскерлердин бир бөлүгү Курск облусуна багыт алды. Дагы бир бөлүгү Курск облусуна жайгаштырылды.
Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.
Кошмо Штаттар түндүк кореялык аскерлердин жаңжалга тартылышына олуттуу карап, Кремлди бул кадамдан баш тартууга чакырып жатат.
Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчиси Нью-Йоркто 30-октябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия менен Түндүк Кореянын алакасы эл аралык укукка каршы келбестигин жана "үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганын" айтты.
Василия Небензя ошондой эле түндүк кореялык аскерлердин фронтко салынганы тууралуу кабарларды четке какты.
Түндүк кореялык аскерлер Орусияга жайгаштырылганы тууралуу маалыматты алгач расмий Сеул бир нече жума мурда билдирген. Кийин бул кабарларды украин бийлиги, андан соң НАТО ырастады.
Украинанын борбор калаасы Киевде 30-октябрда Орусиянын учкучсуз учактарынын чабуулунан кеминде тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу Telegram каналы аркылуу шаардын аскердик администрациясы кабарлады.
Бутага Соломенский району алынганы, көп кабат үйлөрдүн бириндеги бир нече батирде өрт чыкканы, 18 киши эвакуация болгону, жараат алган тогуз кишинин бири бала экени маалымдалды.
Жалпысынан өткөн түнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу системалары он облустун (Киев, Черкасск, Хмельницкий, Харьков, Запорожье, Донецк, Днепропетров, Сумы, Чернигов жана Полтава) аймагына учурулган 62 согуштук дрондун 33үн атып түшүрүүгө үлгүргөнү маалым болду.
Ал тапта АКШнын Коргоо министрлиги Орусия Түндүк Кореядан барган аскерлердин айрымдарын Украина менен чектешкен Курск облусуна жеткиргенин 29-октябрда ырастап, алар украин аскерлерине каршы согушка салынышы ыктымал экенин эскертти.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден түндүк кореялык аскерлер Курскиде экендигине тынчсыздануусун билдирип, эгер Украинанын аймагына кире турган болсо жооп катары аларга каршы ок ачса болорун айткан.
Норвегия өкмөтү Румынияга 127 миллион доллар бөлүп жатканын жарыялады. Бул каражат Румыниянын НАТОнун мүчөсү катары Украинага жардам көрсөтүү максатында ракетадан коргоочу Patriot системасын берип, анын ордуна жаңысын сатып алууга кете турган чыгымынын бир бөлүгүнүн ордун толтурууга жумшалат.
Башында Бухарест АКШда жасалуучу мындай системасын Украинага бергени туура болобу же жокпу деп талкуулап жатканы маалымдалган. Украина Румыниядан Patriot алганын быйыл июнь айында ырастаган.
2017-жылы Румыния Patriot батареяларынан жетөөнө (жалпы баасы 4 миллиард долларлык) буюртма берген. Азыркыга чейин андай системалардан төртөө колуна тийген. Украинага бирөөнү бергенден кийин калган үчөөнүн экөө пайдаланууда турат. Patriot батареясынын ар биринин наркы 400 миллионго жетет.
Украина 2022-жылдын февраль айынан бери коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы согушуп келе жатат. Курал-жарак жана каржы жагынан Батыштагы өнөктөштөрү жардам берүүдө. Өлкө НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу аракетин көрүүдө. (RK)