Украинада 5-ноябрда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, дагы тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу аймактын администрация башчысы Иван Федоров Telegram каналына жазды.
Ракета түшкөн жерде өрт чыкканы, орус аскерлери бутага инфраструктура объектисин алганы белгиленди.
Согуш башталганга чейин калкы 700 миңдей болгон бул шаар Запорожье атомдук станциясынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Европадагы ири АЭС Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус тараптын көзөмөлүндө турат.
Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаар Орусиянын учкучсуз учактарынын эки толкун болуп урулган соккусуна кабылганын билдирди.
Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо эки аял жараат алганын мэр Игорь Терехов маалымдады.
Орусия соңку апталарда Киев, Харьков жана башка шаарларды дээрлик күн сайын аткылоодо.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Одесса, Киев, Сумы, Полтава, Житомир, Черкасск, Чернигов жана Хмельницкий облустарына учурулган 79 согуштук дрондун 48и атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Өлкөнүн дан жана башка продукциясы экспорттолуучу негизги порту Одессада "Кинжал" ракеталарынан экөө атып түшүрүлдү.
Ал эми Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Брянск облусунда украиндердин учкучсуз алты учагы кармалганын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украина менен чектеш Курск облусунда Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты. Ал буга өноктөштөрү жетиштүү деңгээлде реакция кылбай жатканын билдирди.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башка комиссары Жозеп Боррел 4-ноябрда Түштүк Кореяны Украинаны колдоону күчөтүүгө чакырды.
1-ноябрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда бул өлкөнүн башкы дипломаты Цой Сон Хи түндүк кореялык аскерлер Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе айткан эмес, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өткөн аптада Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Украина менен чектеш Курск облусуна жайгашып, жакын арада согушка салынганы жатканын билдирген.
Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.
Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок 4-ноябрда Украинанын борбор калаасы Киевге кезектеги иш сапары менен барды. Согуш башталгандан бери Киевди колдоп келе жаткан Бербок ушуну менен Украинага сегизинчи жолу барышы.
"Германия дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өнөктөштөрү менен бирге Украина тарапта бекем турат. Украиналыктар адилет тынчтыкка карай өз жолунда бизге канчалык муктаж болсо, аларды ошончолук колдойбуз", - деди Киевге поезд менен барган немис министри.
Буга чейин Бербок Украинага 21-майда коопсуздук чараларынан улам алдын ала жарыяланбаган сапар менен барган. Германиянын башкы дипломаты Орусиянын чабуулдары күчөгөн шартта Украинага эл аралык колдоо, абадан коргонуу системалары жагынан жардам өтө маанилүү экенин белгилеген.
2022-жылдын февралынан бери Орусиянын баскынчылык согушуна каршы күрөшүп келе жаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский бул кармашта жеңип чыгуу үчүн өнөктөштөрдүн жардамы керек болуп жатканын айтууда.
Анын белгилешинче, “Путин (Орусия президенти Владимир Путин) кошумча күчтөрүн даярдап, согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүүдө.
Харьковго жасалган соккудан жаракат алгандар саны 15 адамга жетти
Харьковго жасалган орус аскерлеринин соккусунан жабыр тарткандардын саны 14 адамга жетти. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Андай айтылгандай, 15 адамдын жарылуудан жаракат алышкан, алардын ичинде төрт полиция кызматкери бар.
Мурда 11 адамдын жабыр тартканы белгилүү болгон.
3-ноябрь күнү кечинде орус аскерлери Харьковдун Шевченко районун жана Харьков облусунун Дергачев аймактык коомчулугун авиабомбалар менен аткылашкан.
Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, УМПКдан ФАБ-250 авиасоккуларынын натыйжасында Харьковдо супермаркет, көп кабаттуу турак үйлөр, турак эмес имараттар, базардагы имараттардын терезелери жабыр тарткан.
Саат 22:30да Харьков облусунун Дергачев коомчулугунун аймагындагы көрүстөндүн жанындагы жерге орус КАБы түшкөн – үйлөр жабыркаган, жабыр тарткандар жөнүндө маалымат болгон эмес.
Түн ортосунан кийин Харьков мэри Игорь Терехов шаардын Холодногор районундагы базарлардын биринин жанында дагы бир сокку болгонун билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, андан жабыр тарткандар жок, терезелер сынган.
Орус аскерлери ар кандай куралдарды - согуучу учкучсуз учактарды, ракеталарды, КАБдарды, РСЗОлорду колдонуп, үзгүлтүксүз түрдө украин аймактарына, анын ичинде Харьков жана облуска кол салып келе жатат.
Орусия жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын соккулар жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен жабдуу объекттерин бузуп жатканын четке кагууда.
Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары катары баалашууда.