Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:26

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:19 6.11.2024

Украинанын куралдуу күчтөрү: Үч айда орусиялык 4 миңдей дрон өлкө аймагына чабуул койду

"Август айында сентябрь жана октябрда орусиялык аскерлер Украинага каршы 4300 дронду колдонду, анын 71%, тагыраагы 3063ү атып түшүрүлдү. 24% түзгөн 1052 дрон радиоэлектрондук тоскоолдуктун жана башка себептердин негизинде радардан жоголду. Бутага таамай тийгени 5% түздү" деп айтылат билдирүүдө. Октябрь дрондор эң көп учурулган ай болуп калды, орусиялык күчтөр коңшу өлкөнү карай баш-аягы 2072 дрон менен чабуул койгон.

12:51 6.11.2024

Украинанын аскер аба күчөрүнүн учкучсуз учактары биринчи жолу Дагестанга чабуул койду. Махачкаладагы аэропорт ишин токтотту. Аймактын башчысы Сергей Меликов дрон атып түшүрүлгөнүн, республиканын жашоочуларын коргоо үчүн чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

12:48 6.11.2024

18:14 5.11.2024

Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка катышкандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө паспорт берүүгө жол ачуучу жарлыгына ылайык, быйыл жыл башынан бери 3344 чет өлкөлүккө орус жарандыгы берилди. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Бул аскер кызматкерлеринин гана саныбы же алардын жакындарын кошкондогу жалпы көрсөткүчпү, Волк тактап айткан жок.

Путин орус армиясы же орусиячыл аскердик түзүмдөр менен бир жылдык келишим түзгөн аскер кызматкерлерине жарандык ыйгаруу тууралуу мыйзамга 2022-жылы кол койгон.

Украинага каршы согуш ачкандан бери Орусияда бул өлкөнүн паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбай койгондорду жарандыктан ажыратуу боюнча да мыйзам кабыл алынган. Быйыл сентябрь айында Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул мыйзам аткарыла баштаганын билдирген.

Орусиянын жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдү паспортунан ажыратууга негиз болуучу себептер тизмеси кеңейтилген. ИИМдин маалыматына караганда, быйыл сегиз айда 1117 киши Орусиянын жарандыгынан ажыратылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG