Владикавказдагы "Алания Молл" соода борборунда жарылуу болду. ТАСС чукул кызматтарга таянып, бир киши каза тапканын, тогузу жараат алганын кабарлады.
Түндүк Осетиянын жетекчиси Сергей Меняйло жарылуу болгон маалда имараттын ичинде жүргөн аял каза тапканын тактады. Жабыркагандар борбордун кызматкерлери жана жанынан өтүп бараткандар. Окуя болгон кезде молл жабык болчу.
Адегенде газ баллону жарылганы маалымдалган. Кийинчерээк Меняйло Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме менен жардыруу жана өрт атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары кулаганда келип чыкканын билдирди.
«Бул версияны тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыктары да бышыктайт. Көзөмөл камераларынан жарылуу имараттын сыртында болгону көрүнүп турат», - деп жазды жетекечи.
Коргоо министрлиги Түндүк Осетиянын үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондор тууралуу билдире элек.
Baza Телеграм-каналынын маалыматына караганда, жарылуу саат 8.30да имараттын жогорку кабатында болгон.
Ал эми Чукул кырдаалдар министрлиги өрт үчүнчү кабатта тутанганын билдирген.
Шаршембиге караган түнү жана эртең менен Украина жапырт аба соккусуна кабылды. “Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, түн бою көптөгөн облустарда орусиялык дрондордун чабуулунан улам сиреналар жаңырып турду, таңга маал ракеталар менен аткылашты.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов бир нече жерде өрт тутанганын, кеминде үч киши ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Харьков шаарында ондон ашуун жарылуу болду.
Днепропетровск облусу менен Днепр шаары авиациялык жана канаттуу ракеталар менен бутага алынганын аймактын башчысы билдирди.
Сергей Лысактын айтымында, каршы тарап “региондун энергетикалык системасын жок кылууну көздөп жатат”.
Чабуул коркунучун эскерткен сиреналар Киев, Кременчуг, Кривой Рог, Запорожье, Полтава жана Кировоград облустарында да жаңырды.
Украинанын энергетика министри Герман Галущенко энергетикалык жайларга жапырт сокку урулганын билдирди. Өлкөнүн ири энергетикалык компаниясы жылуулук станцияларынын жабдуулары катуу зыянга учураганын маалымдады.
"Укрэнерго" жарыкты керектөө чукул кыскартыларын жарыялады.
Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путин соккулардын бутасын гана эмес, атайылап Рождество күнүн тандаганын айтты.
24-декабрда Кривой Рог шаарына коюлган чабуулдан төрт кабаттуу турак жай жабыркап, бир киши набыт болгон, 15и жараат алган.
Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды, карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат.
Киев андай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.
Орусиянын Ростов облусундагы Миллерово шаары 23-декабрдын кечинде дрондордун чабуулуна кабылды. Ал жакта аскердик аэродром жайгашкан. Коргоо министрлиги жана аймак губернатору Юрий Слюсарь чабуулдун артында Украина турганын билдирди.
Слюсарь кошумчалагандай, Миллерово аймагында сегиз дрон атып түшүрүлдү. Жабыркандар тууралуу маалымат жок.
Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга расмий комментарий бербейт. Бул жолу Украинанын Коопсуздук кызматына караштуу Жалган маалыматка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко Миллероводогу аэродром орус армиясы үчүн абдан маанилүү экенин айтты.
"Ростов облусундагы аэродром Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Украинанын чыгышында жана түштүгүндө аскерлердин жардамы менен бир катар тапшырмаларды аткарып жаткан фронт авиациясынын базасы болуп саналат”, - деп жазды ал Телеграмга.
19-декабрда ушул эле Ростов облусундагы Новошахтинск заводуна жасалган дрон соккуларынан өрт тутанган.
Соңку жумаларда Орусия менен Украина ортосунда аба чабуулдар күч алды. Москва Украинанын аймагын дрондор жана ракеталар менен аткылоодо. Орусиянын армиясы негизинен жарандык жайларды жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алып жатканы кабарланып жатат.
Кремль Орусиянын лидери Владимир Путиндин АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсү планда жок экенин билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу 23-декабрда ТАСС агенттигине айтты.
Трамп 22-декабрда "Путин аны менен тезирээк жолугушууну каалап жатканын" билдирген. Ал ошондой эле Орусиянын Украинага ачкан согушун токтотуу үчүн бардык чараларды көрөрүн кошумчалаган.
"Биз бул согушка чекит коюшубуз керек. Бул абдан жаман согуш", - деди Трамп жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүндө.
Ал эми Путин өткөн жумада өткөргөн маалымат жыйында Трамп менен сүйлөшө элегине төрт жылдан ашканын, бирок аны менен качан болбосун жолугууга даяр экенин айткан.
Декабрь айынын башында дагы Трамп Украинадагы ок атышууну дароо токтотуу жана согушка чекит коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын билдирген. Бул тууралуу ал Парижде Украина менен Франциянын лидерлери менен жолугуп жатып айткан. Украин президенти Владимир Зеленский биринчи кезекте Украина үчүн коопсуздук кепилдигин талап кылган.
Соңку жумаларда Орусия менен Украина ортосунда аба чабуулдар күч алды. Москва Украинанын аймагын дрондор жана ракеталар менен аткылоодо. Орусиянын армиясы негизинен жарандык жайларды жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алып жатканы кабарланууда.
Ошол эле маалда Орусиянын бир катар облустары да дрон чабуулуна кабылды.