Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон, 6-январь, 2026-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон, 6-январь, 2026-жыл

Франция Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү дрондорду берди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:06 26.12.2024

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Коргоо министрлигинин жогорку аткаминерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы теракттардын алдын алганын билдирди.

ФСБнин айтымында, кол салууларды украин атайын кызматы жалдаган орус жарандары ишке ашырмак. Кармалган төрт киши өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши ыктымал.

Орус атайын кызматынын маалыматында аткаруучулардын бири 2020-жылдан бери Украинада жашаган орусиялык киши экени айтылат. Быйыл ноябрда Молдова жана Грузия аркылуу Орусияга депортацияланган деп келген. Ал Коргоо министрлигиндеги жогорку жетекчинин машинесине жардыргыч затты коймок.

"Дагы бир аткаминерди документтер салынган папкеге коюлган бомба менен жардырышмак", - деп санайт ФСБ.

Москванын тургуну украин атайын кызматынын тапшырмасы менен министрликтин жогорку кызматкерлери иштеген жана жашаган жерлерди тартып, “теракттарды даярдоо үчүн кураторлоруна салып турган” деп шектелүүдө.

Кармалгандардан байланыш жабдыктары жана колго жасалган жардыргычтар табылганы, аларга теракт даярдоо жана мамлекетке чыккынчылык кылуу беренелери менен айып тагылганы маалымдалды.

Украин тараптан маалыматка байланыштуу комментарий жасала элек.

17-декабрда эртең менен Москвада Орусиянын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон. Эртеси күнү шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалып, кийин эки айга камалды. Тергөөчүлөр аны укриан атайын кызматы 100 миң долларга жалдаган деп айтышкан.

Генералды жок кылуу операциясын Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын ал мекемедеги булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна, AFP, "Би-Би-Си" жана бир катар маалымат каражаттарына айтып беришкен.

Бул окуяга Киев комментарий берген жок жана маалыматты көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эмес.

10:51 26.12.2024

АКШ президенти Жо Байден шаршембиде Коргоо министрлигине Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетилген шартта улантууну тапшырды.

Мындай билдирүү орус күчтөрү Украинанын энергетикалык системасын жапырт аткылай баштагандан кийин жарыяланды. Бул тууралуу “Америка авазы” басылмасы жазып чыкты.

“Рождествонун башталганда Орусия ракета жана дрондор менен Украинанын шаарларын жана өтө маанилүү энергетикалык объектилерге сокку урган. Мындай чектен ашкан чабуулдун максаты – украин элин кышында жарыксыз жана жылуулуксуз калтыруу, энергетикалык коопсуздукту коркунучка кептөө”, - деп айтылат Байдендин Ак үй тараткан билдирүүсүндө.

Соңку айларда Кошмо Штаттар Украинага жүздөгөн ракеталарды жана абадан коргонуу системаларын берген. Байдендин айтымында, алардын көбү жолдо.

Шаршембинин таңында Орусия Украинанын энергетикалык системаларына жана шаарларына канаттуу, баллистикалык ракеталар, дрондор менен сокку урган. Украинанын аймактык башчыларынын айтымында, соккулардын кесепетинен Харьковдо кеминде алты адам жараат алган, Днепропетровск облусунда бир киши каза болгон.

22:49 25.12.2024

Миңдеген украиналыктар Рождество майрамын белгилеп жатканда Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына жапырт ракеталык сокку урду. Ал арада Орусиянын Курск облусундагы Льгов шаары аба чабуулуна дуушар болуп, беш кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди.

24-декабрдын кечинде жүздөгөн украиналыктар ыйык Рождество майрамын белгилөө үчүн Киевдеги чиркөөлөрдүн бирине чогулган кезде эле аба чабуулдар тууралуу эскерткен сиреналар жаңыра баштады.

Түн дагы тынч өткөн жок. Киевдин тургундарынын көбү майрамды үйлөрүндө дасторкон жайып эмес, жер төлөлөрдө, бомбадан коргонуучу жайларда, метролордо өткөрүүгө аргасыз болушту.

"Балам бар, ошондуктан абдан корком. Албетте мен дагы үйдө болуп, майрамдагым келет. Бирок биз коргонуп, бул жакка түшүүгө аргасыз болдук. Үйдө калуу коркунучтуу. Биз тынчтыкты каалайбыз", - дейт баш калаа Киевдин тургуну Наталия Зюмченко.

Украинанын бийлиги билдиргендей, орус армиясы өлкөнүн энергетикалык жайларын жана жарандык объектилерди бутага алып, жапырт ракеталык сокку урду.

Орус армиясынын аба чабуулунан Рождество майрамын метродо тосуп жаткан украиналыктар. 25-декабрь, 2024-жыл.
Орус армиясынын аба чабуулунан Рождество майрамын метродо тосуп жаткан украиналыктар. 25-декабрь, 2024-жыл.

Харьков облусуна баллистикалык ракета менен жасалган чабуулдан кеминде үч киши жараат алганын аймак башчысы Олег Синегубов билдирди. Харьков калаасы согуш башталгандан бери биринчи жолу жаңы жылдык майрамдарга карата кооздолгонун 24-декабрда шаар мэри Игорь Терехов социалдык тармактар аркылуу билдирген эле.

Анын айтуусуна караганда, муну менен украиналыктар канчалык багынгыс экенин байкоого болот.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулду "адамгерчиликсиз" деп мүнөздөп, Москва Украинанын энергетикалык жайларын талкалоо менен өлкөнү "караңгы түнгө батыргысы келерин" билдирди.

"Бүгүн Путин атайылап чабуул үчүн Рождествону тандап алды. Мындан адамгерчиликсиз кадам болобу? Жетимиштен ашуун ракета, анын ичинде баллистикалык ракеталар бар. Жүздөн ашуун дрондор. Алардын максаты - биздин энергетикалык система", - деди Зеленский.

Украинанын президенти калкын Рождество майрамы менен куттуктап жатат. 24-декабрь, 2024-жыл.
Украинанын президенти калкын Рождество майрамы менен куттуктап жатат. 24-декабрь, 2024-жыл.

Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнө уланып жактан чабуулду Британиянын өкмөт башчысы Кейр Страмер да айыптады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын энергетикалык жайларына сокку урганын ырастады. Мекеме билдиргендей, бул обьектилер аскердик-өндүрүш комплексинин ишин камсыздаганы үчүн чабуул коюлду. Буга чейинки чабуулдарын Москва Орусиянын аймагына жасалган дрон чабуулдарына жооп чара катары мүнөздөгөн.

Украина Орусиянын аймагында болгон чабуулдар үчүн эч качан расмий жоопкерчилик алган эмес.

Курск облусунун Льгов шаары аба чабуулга кабылды

25-декабрга караган түнү да 60тай дрон абадан атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Алардын көбү Белгород, Воронеж облустарында, үчтөн дрон Курск, Брянск жана Тамбов облусунда кулатылганы маалым болду.

Ал эми Украина менен чектешкен Орусиянын Курск облусунун Льгов шаары аба чабуулга дуушар болду. Аймак башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Александр Хинштейн кол салууну украин армиясынан көрдү. Алдын ала маалыматка караганда, төрт адамдын өмүрү кыйылды. Беш киши ооруканага жеткирилгенин, бирөөнүн абалы оор экенин жергиликтүү бийлик билдирди.

Андан тышкары үч менчик турак жай, сулуулук салону, ондон ашуун жеңил автоунаа жабыркаганы маалым болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги Льгов тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

Ушул эле жумада Курск облусунун Рыльск шаары да жапырт аткылоого дуушар болгон. Анда жергиликтүү бийлик беш карапайым адамдын өмүрү кыйылганын маалымдаган.

Аталган облустун бир катар райондорун украин армиясы быйыл августта кирип барып, өз карамагына алууга жетишкен.

Зеленский бул кадамга Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү максатында барышканын түшүндүргөн. Харьков аймагы боюнча Украинанын экинчи чоң шаары саналат.

Жайдан бери Орусия украин күчтөрүн артка сүрүп, басып алынган аймактын дээрлик теңин кайтарды

Ал арада Рим Папасы Франциск ыйык Рождество майрамына карата жасаган кайрылуусунда "бардык адамдарды, улуттарды жана өлкөлөрдү куралды таштап, пикир келишпестиктерди жоюуга" чакырды.

"Азап чеккен Украинада октун үнүн токтосун", - деген Франциск "бекем жана адилеттүү тынчтыкка жетүү үчүн" сүйлөшүүлөргө келүүгө үндөдү.

19:08 25.12.2024

Украин аскерлери Орусиянын Курск облусундагы Льгов шаарына сокку урганын региондун башчысынын милдетин аткаруучу Александр Хинштейн билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, 4 киши каза болду, бешөө жараат алды, бир кишинин абалы оор. 3 турак жай, 12 машине зыян тартканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаардын аткыланышы тууралуу маалымдай элек.

Эртең менен мекеме түн ичинде украиналык 59 дрон жок кылынганын билдирген.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев райондордун биринде дрондун сыныктары кулап түшкөндө электр зымдары, бир үйдүн чатыры зыянга учураганын кабарлады.

Брянскиде учкучсуз учактардын чабуулунан эч ким жабыркабаганын, зыян келтирилбегенин региондун башчысы Александр Богомаз Телеграм-каналына жазды.

Шаршембиге караган түнү жана 25-декабрда Украина Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жатканда өлкө аймагы жапырт аткыланып, энергетика инфраструктурасы бутага алынганы маалымдалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG