Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijani Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.
Бул тууралуу AFP кабарлады. Дмитрий Ядров ошол маалда калааны коюу туман каптаганын, “аэропортто аба ырайынын шарты абдан татаал болгонун” Телеграм-каналга жазды. Анын айтымында, кырсыкка учураган учак эки жолу конууга аракеттенген.
“Пилотко башка аэропорттор сунуш кылынган. Бирок ал Казакстандын Актау шаарына багыт алууну чечкен", - деп кошумчалады Ядров.
Украин армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер кабарларга караганда жарааттарынан көз жумду.
Түштүк Кореянын "Рёнхап" агенттиги 27-декабрда маалымдагандай, орусиялык күчтөрдүн катарында согушуп жүргөн аскер Украинанын атайын операциясы маалында колго түшүрүлгөн, ага чейин жарадар болгон.
AFP агенттигинин Сеулдагы булактары туткунга алынган кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз деп билдиришти.
Алдыңкы күнү украиналык "Мілітарний" Телеграм-каналы түндүк кореялык делген аскер туткундалганын жазып, сүрөтүн чыгарган.
Украиналык айрым Телеграм-каналдардын маалыматында, окуя Орусиянын Курск облусунда болгон.
Быйыл октябрда түндүк кореялык жоокерлер Орусияга жөнөп жатканы тууралуу кабарлар тараган.
Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Курскиде орус тарапта согушуп жүрүп окко учкан түндүк кореялыктардын саны 3 миңден ашканын билдирген. Көз карандысыз булактардын муну ырастаган маалыматтары жок. Адатта согушуп жаткан өлкөлөр каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өздөрүнүкүн азайтып көрсөтүшөт.
Түштүк Кореянын чалгынчылары кошуна өлкөсүнүн жоготуулары 1100дүн айланасында деп билдирген.
Сеулдун айтымында, Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана техника жөнөтүүгө даярданууда.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы: Украинанын Куралдуу Күчтөрү Түндүк Кореянын аскерин туткунга алды
Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин аскерлери Орусия тарапта Украинага каршы согушкан Түндүк Кореянын жоокерин туткунга алганын ырастады. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги билдирет.
"Достук мамиледеги өлкөнүн чалгын мекемеси менен реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашуунун негизинде жарадар болгон түндүк кореялык аскердин кармалганы тастыкталды", — деп Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын билдирүүсүн агенттик келтирет.
Түштүк Кореянын чалгын кызматындагы булак түндүк кореялык жоокер кайсы жерде туткунга алынганы боюнча азырынча так маалымат жок экенин билдирди.
26-декабрдын кечинде "Мілітарний" Telegram-каналы түндүк кореялык аскердики делген сүрөттү жарыялады. Постто Украинанын Куралдуу күчтөрү, балким, "Корея Эл Демократиялык Республикасынан (КНДР) келген биринчи жоокерди туткунга алышы мүмкүн" деп айтылган. Украинанын бийлиги бул маалыматка азырынча комментарий берген жок.
Түндүк Кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр 2024-жылдын октябрь айында чыга баштаган. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Курск облусундагы түндүк кореялык аскерлерге бул өлкөнүн Башкы штабынын жетекчи орун басары, генерал Ким Ён Бок командачылык кылат.
Дүйшөмбү күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Курск облусунда Орусия армиясынын катарында согушуп жаткан түндүк кореялыктардын өлгөндөрү жана жарадарлары үч миңден ашканын айткан.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы Орусиянын Украинага каршы согушунда Түндүк Кореянын жоготуулары болжол менен 1100 адамды түзөрүн баалаган. Сеул ошондой эле Пхеньян Орусияга кошумча аскерлерди жана жаңы курал-жарактарды жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-декабрда Курск облусунда түндүк кореялык аскерлер чабуул жасоого тартылганын жарыялаган.
Эки күндөн кийин украин аскерлери курск багытында жакында болгон чабуулдардан каза болгон орусиялык жоокерлердин сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялашкан. "Схемы" ("Азаттыктын" украин кызматынын долбоору) маалымат булагына таянып, каза болгондордун арасында Түндүк Кореянын аскерлери да болгонун билдирген.
Орус аскерлери бейшембиде Днепропетровск облусундагы Никополь шаарындагы базарга сокку урганын, алты киши жабыркаганын Украинанын чукул кырдаалдар кызматы билдирди.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак шаар жанкечти дрондордун чабуулуна кабылганын тактады. Маалыматка ылайык, үч аялдын абалы оор деп бааланууда, калгандары орточо оор абалда.
Украинанын аба күчтөрү 26-декабрга караган түнү өлкөгө 31 «Шахед» дрону жана учкучсуз учактардын башка түрлөрү учурулганын, Харьков, Киев, Чернигов жана Днепропетровск облустарында 20 жабдык атып түшурүлгөнүн маалымдаган. Дагы 11 дрондун локациясы жоголгону айтылган.
Ал арада Орусиянын Волгоград облусунда украиналык учкучсуз учактын сыныктары өнөр жай ишканасынын аймагына урап түшкөнү кабарланды. Губернатор Андрей Бочаров эч ким жабыркабаганын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Волгоградда үч, Воронеж жана Белгороддо бирден дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Шаршембиге караган түнү жана 25-декабрда Украина Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жатканда өлкө аймагы жапырт аткыланып, энергетика инфраструктурасы бутага алынганы маалымдалган.