31-декабрдын таңында баш калаа Киевде ракеталык коркунуч тууралуу эскерткен сиреналар кайрадан жаңырды. Атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин сыныгы менчик турак жайга түшкөнүн калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко жазды.
"Киевге жасалган ракеталык соккунун жыйынтыгында баш калаанын Дарницкий районуна сыныктар түшкөн. Маалыматка караганда, алар менчик үйдүн чатырына тийген. Өрт же олуттуу талкалоо катталган жок. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок",- деди Попко.
Сумы облусунда Шостка шаары катуу чабуулга дуушар болду. Аймак башчысы Николай Нога билдиргендей, 12 көп кабаттуу үй, эки билим берүү мекемеси, бейтапкана, жатакана жана башка социалдык обьектилер жабыркады. Ал арада Орусиянын Смоленск облусундагы мунай базасына 31-декабрга караган түнү дрондордун чабуулу болуп, өрт тутанды.
Кошмо Штаттар 30-декабрда Украинага 5,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөтөрүн жарыялады.
"Мен өз администрацияма Украинага көбүрөөк жардам берүүнү тездетүүнү улантууну тапшырдым. Анын ичине Украина үчүн эски америкалык жабдыктар да кирет. Аларды тезинен согуш талаасына жеткирүү керек. Андан кийин өз запастарыбызды жаңы курал-жабдык менен толтуруп, модернизациялоо үчүн АКШнын коргонуу-өндүрүш базасын калыбына келтирүү зарыл", - деди АКШ президенти Жо Байден.
Бул жолку жардамга абадан коргонуу системалары, артиллериялык снаряддар жана башка керектүү курал-жабдыктар кирет. Анын жарымы Пентагондун запастарынан жөнөтүлөт.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен "Биздин түз каржы колдообуз Орусия украин жарандарына жана абдан маанилүү инфратүзүмдөрүнө соккуларды күчөтүп жаткан маалда көрсөтүлүп жатат" деп билдирди.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтон "маанилүү чечим" тууралуу жарыяларын айткан.
Орусиянын президенти Владимир Путин "Экстремизмге каршы стратегия" тууралуу жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтардын расмий сайтына жарыяланды.
"Свобода" радиосу билдиргендей, жаңыланган стратегияда русофобия түшүнүгү алгачкы жолу киргизилген. Русофобия - "Орусиянын жарандарына, орус тилине жана маданиятына кастык, бир тараптуу, душмандык мамиле" деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Орусияга дос эмес өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан дискриминациялык аракеттер да русофобия деп саналат.
Стратегияда экстремизм айрым мамлекеттер тарабынан гибриддик согуштар жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Андагы экстремизмдин булактарынын арасында, "Орусияга коркунуч туудурган “радикалдуу неонацисттик түзүлүштөр” колдоого алынат" деген негизде Украина да аталган.
Документте украин кризиси русофобиялык маанайды күчөтүүгө жана Орусияга каршы гибриддик согуштарга кызмат кыларын белгиленип, Украина тараптан болуп жаткан коркунучтарды жок кылуу башкы милдет катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле туруксуздукка алып келүүчү факторлордун ичинде "атайылап" массалык башаламандыкка өтүп кетүүчү каршылык акциялары, мигранттардын мыйзамсыз аракеттери, эл аралык бейөкмөт уюмдардын "бүлүк салуучу иштери" аталган.
Стратегияда мындан тышкары чет өлкөлөргө "экстремисттик ишмердүүлүк кылганы" жана "дос эмес өлкөлөрдө экстремизмдин жышааны бар окуу борборлоруна окуганы " чыгып жаткан жарандарды каттоого алуу каралган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 28-декабрда өлкө аймагында Украинанын 56 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Дрондордун 17си Ростов облусунда, 11и Белгороддо, калганы Воронеж облусунун үстүнөн жок кылынганы кабарланды.
Белгород облусунда Красногвардейский району бутага алынган. Палатово аймагында эки адам жаракат алганы губернатор Вячеслав Гладков маалымдады.
Казан аэропортунда таңкы саат 6:00дөн тартып учактардын учуусуна жана конуусуна уруксат берилбегенин Росавиация маалымдады.
Воронежде учкучсуз учактын сыныгы темир жолдун байланыш тармагын үзүп кеткен. Ростовдо кыйроолор болбогону айтылды.
Украин тарап Орусия өз аймагын "Герань" деп аталган жана башка типтеги дрондор менен аткылаганын, баары - 16 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.