Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өткөн 24 саатта майданда 218 кармаш жүргөнүн, орус аскерлери Курск облусунда (94) жана Покровск багытында эң көп чабуул койгонун билдирди.
Штабдын маалыматы боюнча Орусиянын армиясы Харьков, Купянск, Лиман, Северск жана башка аймактарда алга жылууга аракет кылды.
АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) 6-январдагы отчетунда айтылгандай, украин күчтөрү Орусиянын Курск облусунда жана фронттун башка жерлеринде координацияланган операцияга өтүшү ыктымал.
Институт украин аскерлери Курскидеги бир нече райондо алга жылууга жетишкенин белгиледи.
Украин армиясы өткөн жылдын августунда чек арадагы Курск облусунда операция баштаган. Киев орус аймагына кирүү менен өз жерлерин, асыресе Сумы облусун коргоону максат кылганын билдирген.
Жекшембиде Украинанын расмий өкүлдөрү армия Курскиде орус аскерлерине каршы «бир нече багыттан күтүүсүздөн чабуул койгонун» билдирди. Маалыматты Орусиянын айрым бийликчил блогерлери да бышыктады.
Өткөн ноябрда Рейтер агенттиги украиналык жогорку расмий өкүлгө таянып, Украина Курскиде августта көзөмөлгө алган аймактардын 40% кол жууганын маалымдаган.
Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлгө алышы болочок “сүйлөшүүлөрдө эске алынары калетсиз” экенин айткан.
5-январга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына 100дөн ашуун дрон менен чабуул койгонун бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди. "Шахед" үлгүсүндөгү 61, сокку урган жана башка учуучу аппараттар Полтава, Сумы, Харьков, Чернигов, Черкассы, Днепропетровск, Житомир, Хмельницкий облустарынын үстүнөн атып түшүрүлгөнү маалым болду. Дагы 42 дрон абага көтөрүлгөндөн кийин “белгисиз жагдайда жок болгон”.
Чернигов облусундагы Семеновка шаарында чабуулдан кемине жети киши жараат алганын облустук администрация башчысы Вячеслав Чаус кабарлады.
“4-январдын кечинде орустар чектеш Семеновка шаарына төрт башкарылуучу авиабомба таштады. Алар шаардын борборун, эл жашаган жерди бутага алган. Түнкү саат 11деги маалымат боюнча жети киши жараат алды, аларга зарыл жардам берилип жатат. Издөө-куткаруу иштери уланууда”, - деп Чаус Телеграм-каналына жазды.
Харьков облусунда пилотсуз учактардын чабуулунан бир нече үй жабыркаганын облустун аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди. Ал Краснокутск айылына "Шахед" дрону кулаганда үч киши жабыр тартканын, төрт үй бузулганын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы жылдык кайрылуусунда бир жыл ичинде өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү орус армиясынын 1310 канаттуу жана баллистикалык ракетасын, 7800 "Шахед" дронун атып түшүргөнүн белгилеген.
Орусиянын бийлиги Украинадагы согушта коңшу өлкөнүн шаар-кыштактарындагы жарандык жайларга сокку уруп жатканын, карапайым калктын каны төгүлгөнүн танат.
Киев жана эл аралык уюмдар жарандык жайларды бутага алган чабуулдарды Орусиянын аскердик кылмышы катары баалайт.
Орусиянын "Газпром" компаниясы Москва убактысы боюнча эртең менен саат 8де Украина аркылуу газ транзитин токтотту. Украинанын "Нафтогаз" компаниясы менен "Газпромдун" беш жылдык келишиминин мөөнөтү аяктады.
Киев орус газынын транзити токтогонун ырастады.
"Бул тарыхый окуя. Орусия базарды жоготууда жана каржылык жоготууларга учурайт", - деди Украинанын энергетика министри Герман Галущенко.
Мындай кадам улуттук коопсуздук максатында жасалганы айтылат украин тараптын билдирүүсүндө.
Украина буга чейин транзит келишимин узартуудан баш тартып келген. Орус президенти Владимир Путин 2025-жылдын башына чейин жаңы келишим түзүү мүмкүн эместигин айткан.
Орусиянын Украина аркылуу өткөн газ кууру Словакиянын аймагына чыгат.
Братислава орус газын алууну улантууну көздөп, Украинадан келишимди узартууну талап кылган. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо орус газынын транзити токтосо, Европа Биримдиги жылына 60–70 миллиард евро чыгым тартарын билдирген. Фицо ЕБдин жетекчилигине ачык кат жолдоп, Украинанын бийлигин мындай чечим үчүн сынга алган.
Роберт Фицо 22-декабрда Москвага сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Тараптардын күтүүсүз жолугушуусунан кийин 23-декабрда Братиславда миңдеген киши өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан.
Украинада 1-январга караган түнү, жыл жаңыргандан кийин эле Орусиянын дрон чабуулу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, учкучсуз учактар Харьков, Полтава, Черкассы жана Чернигов облустарына багытталган.
Аба чабуулу боюнча эскертүү Киев облусунда да жарыяланганы кабарланды.
Буга чейин орусиялык учкучсуз учактар Украинанын түштүк аймактарына, анын ичинде Запорожьеге чабуул жасап жатканы маалымдалган.
Аймактын башчысы Иван Федоров соккунун кесепетинен Запорожье облусундагы калктуу пункттардын биринде бир нече турак жай өрттөнүп, бир аял куткарылганын билдирген.