Москва Украинага согуш ачкандан бери фронтто Орусия тарапта согушкан 88 миңден көп аскер набыт болгонун журналисттер такташты. "Би-Би-Синин" орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы ыктыярчылар менен биргеликте жүргүзгөн эсепке ылайык, орус армиясы согушта алты миңден көп тандалма аскеринен ажырады. Бул категорияга журналисттер аба-десанттык бөлүктөрдү, деңиз аскерлерин, Коргоо министрлигине жана Росгвардияга караштуу атайын бөлүктөрдү, аскер учкучтарын киргизишкен. Алардын арасынан баарынан көп жоготууга аба-десанттык бөлүктөр учураган.
Андан тышкары Башкы штабдын негизги башкармалыгына (ГРУ) караштуу атайын кызматтын 580 аскери окко учкан. Алардын ар бир бешинчиси офицер болгон. "Би-Би-Си" белгилегендей, бул бөлүктүн аскерлерин даярдоого бир нече жыл сарпталат.
Ошондой эле кеминде 267 учкучтун өмүрү кыйылганы аныкталды. Журналисттер бул маалыматтарды ачык булактардан, көрүстөндөрдөн, жарыяланган некрологдордон топтошкон. Алар согушта өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан алда канча жогору экенин белгилешет. Анткени соңку айларда набыт болгондордун сөөгү дагы эле согуш талааларында жаткан болушу мүмкүн.
Москва менен Киев согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат берүүдөн карманып келишет.
Буга чейин "Медиазонанын" жана "Би-Би-Синин" орус кызматынын жардамы менен "Азаттык" Украинадагы согушта өлгөн теги кыргызстандыктардын аты-жөнүн тактаган.
АКШ Украинага 500 миллион долларга жакын аскердик жардам берилерин жарыялады. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин бейшембиде Киевдин өнөктөштөрүнүн Германиянын “Рамштайн” базасында өткөн жыйында билдирди.
Министр жаңы пакетке “Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар, көбүрөөк ок-дары, аба-жер системасынын ракеталары жана украиналык F-16 учактарын колдоо үчүн башка жабдыктар кирерин” айтты.
“Украинанын эркин жана коопсуз жашоосу, адилет дүйнө орнотуу үчүн бар аракет көрүүгө жигердүүбүз. Биздин биргелешкен аракетибиз уланууга тийиш”, - деп билдирди Остин.
Бул - АКШда шайланган президент Дональд Трамптын бийликке келүүсү алдында Рамштайн форматындагы акыркы жыйын болду. Ага украин президенти Владимир Зеленский да катышты.
Украинаны коргоо боюнча контакт тобу 2022-жылы АКШнын эгидасы менен Киевге берилген аскердик жардамды координациялоо үчүн түзүлгөн. Ага 50дөн ашуун мамлекет кирет, басымдуусу НАТОнун мүчөлөрү.
Трамп согушка чекит коюуга убада кылганы менен Киевге берилген жардамдын көлөмүн сындап келатат. Урушту токтотуу планынын чоо-жайын да жарыялай элек.
Запорожьеде орус армиясынын бомбалоосунан жарадар болгондор 113 кишиге жетти. Ооруканаларда 59 киши жатканын облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров маалымдады. Шаршембидеги чабуулдан 13 киши каза болгон.
Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийинки саат 4 чамасында кымгуут түшкөн көчөгө сокку урулган. Көп кабаттуу үйлөр, өнөр жай объектиси жана башка инфраструктура жабыркаган.
Фёдоров чабуулдун кесепеттери, набыт болгон, жараат алган адамдар тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялады.
Украин президенти Владимир Зеленский: «Карапайым адамдар жабыкарын билип туруп шаарды бомбалоодон өтөөр ырайымсыздык жок», - деп жазды.
Мунун алдында облус бийлиги авиабомбалар же баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалышы ыктымал экенин эскерткен. Сокку урууда кандай курал колдонулганы азырынча так белгисиз.
Запорожьеде аза күтүү жарыяланды.
Орусиянын бийлиги соккуну комментарийлеген жок.
Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.
Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат.
Украинанын Запорожье шаарындагы өнөр жай ишканасына урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду, ондогон адам жабыркады. Бул тууралуу облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров билдирди.
Соңку маалыматтарда 30 киши ооруканаларга жеткирилгени айтылды.
Фёдоров чабуулдун кесепеттери, набыт болгон, жараат алган адамдар тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялады.
Бир нече автоунаа өрттөнүп, трамвай жана трамвайдын жолдору зыян тартты.
Украин президенти Владимир Зеленский: «Карапайым адамдар жабыкарын билип туруп шаарды бомбалоодон өтөөр ырайымсыздык жок», - деп жазды.
Мунун алдында Запорожьенин бийлиги авиабомбалар же баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалышы ыктымал экенин эскерткен. Сокку урууда кандай курал колдонулганы азырынча айтыла элек.
Орусиянын армиясы аны азырынча комментарийлеген жок. Орусиялык бийликчил блогерлер башкарылган авиабомба ташталган деп болжолдошот. Бутага Запорожьедеги ири «Мотор-Сич» заводу алынган болушу мүмкүн экени айтылууда.
Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.
Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат.