Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12
Запорожье. 2026-жылдын 9-октябры.
Запорожье. 2026-жылдын 9-октябры.

"Алты авиабомба ташталды". Запорожье шаарындагы курмандыктар

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:18 13.1.2025

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Der Spiegel басылмасынын канцлер Олаф Шольцтун администрациясы Украинага 3 млрд евролук аскердик жардамды бөгөттөгөнү тууралуу маалыматын төгүндөдү.

Мурдараак "жашылдар" канцлер Шольцту шайлоо алдында "жоопкерчиликсиз жүрүшү үчүн" айыпташкан. Алар канцлердин администрациясы тышкы иштер министри Анналена Бербоктун Борис Писториус менен чогуу иштеп чыккан Украинага кошумча аскердик жардам долбоорун бөгөттөдү деп билдиришкен.

"Эч кандай бөгөт жок. Коргоо министрлигинде Украинага жаңы аскердик жардам даярдалды. Бирок немис өкмөтүндөгү ички макулдашуу жараяндары аягына чыга элек", - деп билдирди Писториус Tagesspiegel басылмасына. Олаф Шольцтун партиялашы оң чечим болоруна ишеничин кошумчалады.

Süddeutsche Zeitung басылмасы Коргоо министрлигинен Украинага берилүүчү аскердик жардам тууралуу документтерди алган. Анда абадан коргонуучу үч Iris-T SLS/SLM системалары, "Пэтриот" деп аталган башкарылуучу ракеталар, үч Skyranger системалары, 30 миң артиллериялык куралдар, 20 зооттолгон унаа, 10 гаубица жана ошондой эле дрон сатып алууга 50 млн евро бөлүнгөн.

Басылма жазгандай, Шольцтун администрациясы Украинага жардам мурда пландалгандай, өз мөөнөтүндө берилип жатат деп эсептейт. Киев мурда Батыштагы өнөктөштөрүнөн берилген 50 млрд евролук аскердик жардамдын эсебинен курал-жарак сатып ала алат.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта Киевге АКШ жана Батыш өлкөлөрү ондогон миллиард долларлык аскердик жардам берип келди. АКШ Украинага дагы 5,9 млрд доллар аскердик жардам көрсөтөрүн президент Жо Байден 2024-жылдын 30-декабрында билдирген.

18:51 12.1.2025

12-январда Түштүк Корея Украина күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Бир күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский анын коопсуздук кызматы Орусиянын Курск аймагында кармалган эки согушкерди суракка алып жатканын кабарлаган.

14:08 11.1.2025

Украинанын Запорожье облусунда 11-январдын таңында Орусиянын дрон чабуулунан бир аял мүрт кетти. Бул тууралуу облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, учкучсуз учак беш адам кетип бараткан автоунаага тийген. Анын кесепетинен 47 жаштагы аял окуя болгон жерден каза болуп, калган төрт киши ооруканага жеткирилген. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү орус армиясы түн ичинде 74 учкучсуз учак учурганын билдирди. Алардын 47си он бир аймактан атып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган аба чабуулдарына комментарий берген жок.

Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.

Орус армиясынын 8-январдын кечинде Запорожье шаарындагы аба чабуулунан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылган, жараат алгандардын саны 100дөн ашкан.

Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат.

17:09 10.1.2025

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууга даярдык жүрүп жатканын билдирди. Ал жолугушуу качан болорун тактаган жок.

"Ал жолуккусу келип жатыптыр. Биз даярдык көрүүдөбүз", - деди шайланган президент. Ал ошондой эле Путин өз каалоосун ачык айтканын кошумчалады.

"Биз бул согушка чекит коюшубуз керек", - деди Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында республикачыл губернаторлор менен кездешүү алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кремль азырынча Трамптын билдирүүсүнө комментарий бере элек. 8-январда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Трамптын байланышка чыгуу ниетин кубаттай турганын, бирок азырынча эч кандай сунуш түшө электигин айткан.

Песков Трамптын расмий кызматка киришүүсүн күтө туруу керектигин кошумчалаган.

Трамп былтыр шайлоо өнөктүгү маалында кызматка киришкенден кийинки 24 саатта Украинадагы согушка чекит коёрун билдирген. Эми ал жакынкы алты ай ичинде аскердик аракеттерди токтото аларына үмүттөнүп жатканын айтууда.

“Бул алты айдан эртерээк деле болот деген үмүттөмүн”, - деди Трамп 7-январдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамптын "күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн болбогон мүнөзү" Орусия менен согушка чекит коюуга жардам бериши ыктымал экенин билдирген.

"Трамптын мүнөзү абдан күчтүү, ал күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн эмес чечимдерге бара алат. Мен анын дал ушундай мүнөзүн Орусияга карата колдонушун абдан каалайт элем", - деген украин президенти 2-январда.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президентинин Украина жана Орусия боюнча чабарманы болуп дайындала турган атайын өкүлү Кит Келлог Дональд Трамп согушту токтотуу маселесинде Киевдин кызыкчылыгын эске алып, адилеттүү чечим кабыл алынышын көздөй турганын жана куралдуу жаңжалга 100 күндүн ичинде чекит коюларын айткан.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG