АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга видео байланыш аркылуу катышып, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун тынчтык жолу менен жөнгө салууга байланыштуу иштер башталганын билдирди. Бул тууралуу Свобода" радиосу жазды.
Трамп мунайдын баасы өтө жогору экенин жана бул Орусияга Украинадагы согушун улантууга шарт түзүп жатканын айтты. Ал негизги мунай өндүрүүчүлөрүн, өзгөчө Сауд Арабиясы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуy (мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бирикмеси)согушту токтотуу үчүн өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө чакырды.
"Сауд Арабиясынан жана ОПЕКтен мунайдын баасын төмөндөтүүнү суранам. Бааны төмөндөтүш керек! Эгер мунай баасы түшсө Орусия менен Украинанын согушу тез арада токтойт", - деди Трамп.
Учурда мунайдын бир баррелинин баасы болжол менен 80 долларды түзөт. Трамптын сөзүнөн кийин анын баасы орто эсеп менен бир долларга түшкөн.
АКШнын президенти Эр-Рияд Кошмо Штаттарына 600 млрд доллар инвестиция сала турганын, бул сумманы триллионго чейин жеткирүү керектигин белгиледи.
"Анткени АКШ Сауд Арабиясына "көп жакшылык кылган", - деди ал.
Ошондой эле Трамп жакын арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканын кайталады. Трамптын белгилешинче, "Украина сүйлөшүүгө даяр". Киев жана Москва менен сүйлөшүүлөрдүн маңызы кандай болорун ал тактаган жок.
Кытай АКШга Орусиянын Украинадагы согушун токтотууга жардам берерине үмүттөнөрүн айткан Трамп Вашингтон менен Бээжиндин мамилесин "абдан жакшы" деп атады.
"Кытайдын Орусияга согушту дароо токтотушуна таасир эте турган күчү жетиштүү. Муну Кытай менен бирге жасайбыз", - деди Трамп.
Мындан сырткары Кошмо Штаттардын президенти НАТОго кирген өлкөлөргө кайрылып, коргонуу чыгымдарынын көлөмүн ички дүң өнүмдөгү 5% чейин жеткирүүнү өтүндү.
Трамп ошондой эле АКШ Орусия жана Кытай менен бирге өзөктүк арсеналын кыскартууну каалай турганын айтты. Америкалык лидердин айтымында, Кремль бул идеяны колдойт.
22-январда Трамп Путинге кайрылып, "келишим түзүп", согушту токтотууга чакырган. Эгер Орусия андан баш тартса жаңы санкциялар салынарын белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүгө "күчтүү позиция" болгон шартта гана макул болорун, юридикалык жактан азыр Орусия убактылуу көзөмөлдөп жаткан өз аймактарынан баш тартпай турганын белгилеген.
Орусиянын армиясы 23-январга караган түнү Запорожье облусуна жасаган чабуулда бир киши набыт болуп, 25и жараат алды. Жабыркагандардын арасында эки айлык ымыркай бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
"Запорожьеге жасалган ракеталык чабуул бир адамдын өмүрүн алды. 47 жаштагы киши көз жумду",- деп жазды облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров.
Жараат алгандардын арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү дагы бар. Беш кишинин абалы оор.
Соккунун жыйынтыгында калаадагы карапайым адамдар жашаган адамдардын үйлөрү талкаланды. Жарылуунун толкунунан бир катар үйлөрдүн терезелери күбүлүп түштү.
Федоровдун айтымында, 20 миңдей киши электр жарыксыз калды, дагы 17 миңдей кишинин үйүндө жылуулук жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожьеге жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок.
Согуш талаасынан ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан Запорожье облусу утур-утур аба чабуулга дуушар болуп келет.
Ушул жылдын январь айында эле орус армиясы Запорожьени бир нече ирет бутага алды. 9-январга караган түнү жасалган чабуул 13 кишинин өмүрүн алып, 113 киши жабыркаган. 18-январдагы ракеталык соккудан тогуз тургун жараат алган.
Орусиянын армиясы 22-январга караган түнү Украинанын Сумы жана Николаев облустарына дрондор менен абадан чабуул койду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Сумыда үч киши жабыркады. Ал эми Николаевде эки тургун жараат алганын облус администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.
Сумыда чабуулдун айынан эки кабатуу менчик үйдө өрт тутанган. Тиешелүү кызматтар тилсиз жоону убагында өчүрүштү. Андан башка дагы 13 үй талкаланганы маалым болду.
Ал эми Николаевде "Шахед" дронунун сыныктары түшкөн алты жерде өрт тутанды. Алты кабат үй жабыркап, ичиндеги 200дөй адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Жардыруунун толкунунан бир нече үйдүн, оорукананын, административдик имараттардын терезелери күбүлүп түшкөн.
22-январга караган түнү бул эки облустан тышкары Киев, Чернигов, Харьков, Полтава жана Днепропетровск облустарында чабуул тууралуу эскертүү сиреналары жаңырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Украинадагы аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган соккуларды же комментарийлебейт же украин армиясынын абадан коргонуу системасына шылтап жүрөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Орусия президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, анын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын 21-январда айтты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттигине шилтеме кылып "Свобода" радиосу жазды.
Трамп администрациясы Украинага курал жөнөтүү маселесин караштырып жатканын, Европа Биримдиги Киевге көбүрөөк жардам бериши зарылдыгын белгилеген.
"Биз Зеленский [Украинанын президенти] менен сүйлөшүп жатабыз, жакын арада биз президент Путин менен сүйлөшөбүз», — деди Трамп.
Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылбай, “Орусияны жок кылып жатканын” билдирген. Ал "Орусия чоң кыйынчылыкка кабылат" деп айткан.
Батыштын комментаторлору муну Дональд Трамптын Путиндин дарегине айткан катуу сын-пикирлеринин бири деп аташты.
АКШнын 47-президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс 20-январда салтанаттуу ант берип, кызматка расмий киришти.