Орусиянын бийлиги Краснодар аймагы менен аннексияланган Крымды байланыштырган Керч кысыгындагы көпүрөнүн кире беришинде паспорттук көзөмөл тартибин киргизди. Жарым аралды көздөй бараткан айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн документтери текшерилип жатканын Крым.Реалии басылмасы жазды.
Орусиянын Крымдагы транспорт министри Александр Овдиенко билдиргендей, бул чечим атайын кызматтын ишине байланыштуу. Алар антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылууда. Буга кандай жагдай себеп болгону так айтыла элек.
Паспорттук көзөмөл режими канча убакытка созулары да айтылган жок. Орусиянын бийлиги Украинанын Крым аймагындагы ракеталык жана деңиз күчтөрүнүн чабуулдары учурунда көпүрөдөгү кыймылды үзгүлтүксүз жаап турат.
Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири.
Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган Крым көпүрөсү 2020-жылы ачылган. 2022-жылы 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси 2023-жылы 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жума күнү чет өлкөгө берилип келген гранттарды 90 күнгө токтото туруу боюнча токтом чыгарды. Мамлекеттик департаменттеги жетекчилерди нес кылган бул документ Украинага аскердик жардамга байланыштуу экенин Politico басылмасы жазды.
Рубионун бардык дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жөнөтүлгөн көрсөтмөсүндө департаменттин кызматкерлерине “бардык тышкы гранттык жардамдар боюнча жумушту токтотуу" жөнүндө жазылган. Politico басылмасына тийген документке ылайык, мындай талап дароо күчүнө кирет.
Басылма Рубионун көрсөтмөлөрү президент Дональд Трамптын Мамлекеттик департаментке тышкы жардам гранттарын мамлекеттик катчы карап чыкканга чейин 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыгынан улам чыкканын божомолдогон. Трамптын жарлыгында чектөөнүн Украинага буга чейин бөлүнгөн каржылык колдоого тиешеси бары-жогу такталган эмес.
Документте бир катар өзгөчөлүктөр да бар. Алсак, Египетке жана Израилге аскердик жардам көрсөтүү улана турганы жазылган.
Мамлекеттик департаменттин азыркы бир өкүлү жана Байдендин администрациясынын мурдагы эки кызматкери бул “тыныгуу” Украина, Иордания жана Тайван сыяктуу маанилүү өнөктөштөргө берилип келген жардамды кыскартарын билдиришкен.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү бул боюнча комментарий бере элек. Украинанын жардам алгандардын катарынан чыгып калышы Орусияны жеңиши үчүн Киевге колдоо көрсөткүсү келген америкалык чиновниктерди тынчсыздандырып жатканын Politico белгилеген.
Трамп жана республикачылар жылдар бою Обама менен Байдендин администрацияларынын тышкы жардамын “ысырапкорчулукка” теңеп келишкен. Бирок Трамп соңку күндөрү Орусияга каршы риторикасын күчөтүп, Москва Украинага каршы дээрлик үч жылга созулган согушун токтотпосо санкциялар күтүп турарын, согушту токтотуу үчүн Путин жооптуу экенин билдирди.
Reuters агенттиги Трамптын 21-январда чыгарган жарлыгы анын биринчи мөөнөтүндө чет элдик гранттарды башкарууга “сарамжал мамиле кылуу” аракетин эске саларын жазды.
Мамдепартамент жаңы бийлик ишке киришкенден 85 күн ичинде отчет даярдап, андан соң Рубионун сунуштамасынын негизинде эл аралык жардамдын кайсынысы уланары, кайсылары кыскарары белгилүү болору күтүлүүдө.
Орусиянын армиясы 24-январга караган түнү Украинанын аймактарына 58 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Николай Калашник билдиргендей, орус армиясынын соккуларынын бири 10 кабат үйгө тийген. Полиция жалпы 11 батир жабыркаганын кошумчалады. Үч киши набыт болуп, дагы бирөө оор жараат алды.
Андан тышкары сегиз менчик үй, үч автоунаа, дүкөн бузулганы маалым болду. 58 дрондун 25и абадан атып түшүрүлдү.
Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карата Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин кошумчалап келет.
Москва бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, далилдерге карабастан карапайым тургундарга урулган соккуларды четке кагат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга видео байланыш аркылуу катышып, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун тынчтык жолу менен жөнгө салууга байланыштуу иштер башталганын билдирди. Бул тууралуу Свобода" радиосу жазды.
Трамп мунайдын баасы өтө жогору экенин жана бул Орусияга Украинадагы согушун улантууга шарт түзүп жатканын айтты. Ал негизги мунай өндүрүүчүлөрүн, өзгөчө Сауд Арабиясы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуy (мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бирикмеси)согушту токтотуу үчүн өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө чакырды.
"Сауд Арабиясынан жана ОПЕКтен мунайдын баасын төмөндөтүүнү суранам. Бааны төмөндөтүш керек! Эгер мунай баасы түшсө Орусия менен Украинанын согушу тез арада токтойт", - деди Трамп.
Учурда мунайдын бир баррелинин баасы болжол менен 80 долларды түзөт. Трамптын сөзүнөн кийин анын баасы орто эсеп менен бир долларга түшкөн.
АКШнын президенти Эр-Рияд Кошмо Штаттарына 600 млрд доллар инвестиция сала турганын, бул сумманы триллионго чейин жеткирүү керектигин белгиледи.
"Анткени АКШ Сауд Арабиясына "көп жакшылык кылган", - деди ал.
Ошондой эле Трамп жакын арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканын кайталады. Трамптын белгилешинче, "Украина сүйлөшүүгө даяр". Киев жана Москва менен сүйлөшүүлөрдүн маңызы кандай болорун ал тактаган жок.
Кытай АКШга Орусиянын Украинадагы согушун токтотууга жардам берерине үмүттөнөрүн айткан Трамп Вашингтон менен Бээжиндин мамилесин "абдан жакшы" деп атады.
"Кытайдын Орусияга согушту дароо токтотушуна таасир эте турган күчү жетиштүү. Муну Кытай менен бирге жасайбыз", - деди Трамп.
Мындан сырткары Кошмо Штаттардын президенти НАТОго кирген өлкөлөргө кайрылып, коргонуу чыгымдарынын көлөмүн ички дүң өнүмдөгү 5% чейин жеткирүүнү өтүндү.
Трамп ошондой эле АКШ Орусия жана Кытай менен бирге өзөктүк арсеналын кыскартууну каалай турганын айтты. Америкалык лидердин айтымында, Кремль бул идеяны колдойт.
22-январда Трамп Путинге кайрылып, "келишим түзүп", согушту токтотууга чакырган. Эгер Орусия андан баш тартса жаңы санкциялар салынарын белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүгө "күчтүү позиция" болгон шартта гана макул болорун, юридикалык жактан азыр Орусия убактылуу көзөмөлдөп жаткан өз аймактарынан баш тартпай турганын белгилеген.