Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлери Орусиянын Рязань облусундагы мунай иштетүүчу компаниянын жайларына сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, ал ишкана орус армиясын күйүүчү май менен камсыздайт. Башкы штаб буталар жайгашкан аймакта жарылуулар болгонун жана өрт тутанганын кошумчалады.
Украин армиясы завод “Орусиянын эң ири төрт мунай иштетүүчү жайлардын катарына кирерин”, дизель жана реактивдүү ТС-1 суюк отунун чыгарарын эске салды.
Буга чейин орусиялык Телеграм-каналдар 26-январга караган түнү дрондор Рязань мунай кайра иштетүүчү заводуна чабуул койгонун, артынан ири өрт тутанганын жазган.
Облус губернатору Павел Малков эч ким жабыркабаганын, материалдык зыян такталып жатканын маалымдаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Рязанда украиналык 15, Курскиде 6 жана Белгороддо бир учкучсуз учак жок кылынганын билдирген.
2024-жылдын башынан бери орусиялык мунай иштетүүчү жайлар украиналык дрондордун соккуларына туш болуп келатат. Айрым заводдордо жабдыктар иштен чыкканы, орус бийлиги аларды жарым-жартылай оңдогону кабарланган.
“Би-Би-Си” былтыр августта чыгарган маалыматка ылайык, согуш башталгандан бери украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы мунай иштетүүчу заводдорду жана мунай инфраструктурасын 64 жолу бутага алган.
Киев чабуулдарды андай ишканалар украин жергесине басып кирген армияны күйүүчү май менен камсыздап жатканы менен түшүндүрөт.
Орусиянын бийлиги Краснодар аймагы менен аннексияланган Крымды байланыштырган Керч кысыгындагы көпүрөнүн кире беришинде паспорттук көзөмөл тартибин киргизди. Жарым аралды көздөй бараткан айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн документтери текшерилип жатканын Крым.Реалии басылмасы жазды.
Орусиянын Крымдагы транспорт министри Александр Овдиенко билдиргендей, бул чечим атайын кызматтын ишине байланыштуу. Алар антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылууда. Буга кандай жагдай себеп болгону так айтыла элек.
Паспорттук көзөмөл режими канча убакытка созулары да айтылган жок. Орусиянын бийлиги Украинанын Крым аймагындагы ракеталык жана деңиз күчтөрүнүн чабуулдары учурунда көпүрөдөгү кыймылды үзгүлтүксүз жаап турат.
Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири.
Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган Крым көпүрөсү 2020-жылы ачылган. 2022-жылы 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси 2023-жылы 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жума күнү чет өлкөгө берилип келген гранттарды 90 күнгө токтото туруу боюнча токтом чыгарды. Мамлекеттик департаменттеги жетекчилерди нес кылган бул документ Украинага аскердик жардамга байланыштуу экенин Politico басылмасы жазды.
Рубионун бардык дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жөнөтүлгөн көрсөтмөсүндө департаменттин кызматкерлерине “бардык тышкы гранттык жардамдар боюнча жумушту токтотуу" жөнүндө жазылган. Politico басылмасына тийген документке ылайык, мындай талап дароо күчүнө кирет.
Басылма Рубионун көрсөтмөлөрү президент Дональд Трамптын Мамлекеттик департаментке тышкы жардам гранттарын мамлекеттик катчы карап чыкканга чейин 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыгынан улам чыкканын божомолдогон. Трамптын жарлыгында чектөөнүн Украинага буга чейин бөлүнгөн каржылык колдоого тиешеси бары-жогу такталган эмес.
Документте бир катар өзгөчөлүктөр да бар. Алсак, Египетке жана Израилге аскердик жардам көрсөтүү улана турганы жазылган.
Мамлекеттик департаменттин азыркы бир өкүлү жана Байдендин администрациясынын мурдагы эки кызматкери бул “тыныгуу” Украина, Иордания жана Тайван сыяктуу маанилүү өнөктөштөргө берилип келген жардамды кыскартарын билдиришкен.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү бул боюнча комментарий бере элек. Украинанын жардам алгандардын катарынан чыгып калышы Орусияны жеңиши үчүн Киевге колдоо көрсөткүсү келген америкалык чиновниктерди тынчсыздандырып жатканын Politico белгилеген.
Трамп жана республикачылар жылдар бою Обама менен Байдендин администрацияларынын тышкы жардамын “ысырапкорчулукка” теңеп келишкен. Бирок Трамп соңку күндөрү Орусияга каршы риторикасын күчөтүп, Москва Украинага каршы дээрлик үч жылга созулган согушун токтотпосо санкциялар күтүп турарын, согушту токтотуу үчүн Путин жооптуу экенин билдирди.
Reuters агенттиги Трамптын 21-январда чыгарган жарлыгы анын биринчи мөөнөтүндө чет элдик гранттарды башкарууга “сарамжал мамиле кылуу” аракетин эске саларын жазды.
Мамдепартамент жаңы бийлик ишке киришкенден 85 күн ичинде отчет даярдап, андан соң Рубионун сунуштамасынын негизинде эл аралык жардамдын кайсынысы уланары, кайсылары кыскарары белгилүү болору күтүлүүдө.
Орусиянын армиясы 24-январга караган түнү Украинанын аймактарына 58 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Николай Калашник билдиргендей, орус армиясынын соккуларынын бири 10 кабат үйгө тийген. Полиция жалпы 11 батир жабыркаганын кошумчалады. Үч киши набыт болуп, дагы бирөө оор жараат алды.
Андан тышкары сегиз менчик үй, үч автоунаа, дүкөн бузулганы маалым болду. 58 дрондун 25и абадан атып түшүрүлдү.
Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карата Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин кошумчалап келет.
Москва бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, далилдерге карабастан карапайым тургундарга урулган соккуларды четке кагат.