Орус армиясы 30-январга караган түнү Украинанын Сумы шаарына жасаган аба чабуулу маалында дрондордун бири көп кабаттуу үйгө тийип, төрт кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланууда. Тогуз киши жараат алганын куткаруучулар кабарлашты. Алардын арасында жети жаштагы тестиер жана 18 жаштагы жигит бар. Алардын бири оор абалда.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай, дрон тогуз кабат үйгө тийген. Анын жыйынтыгында тогуз батир талкаланган. Жалпысынан 118 киши коопсуз жакка көчүрүлдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумыдагы соккуну "үрөй учурган трагедия жана кылмыш" деп атап, өнөктөш мамлекеттерди "Орусияга тынымсыз басым жасоого" чакырды.
Ошол эле маалда орус армиясы Дунай дарыясындагы украин портторуна кайрадан чабуул кое баштаганы кабарланды. "Одесса INFO" телеграм-каналы Измаил портунун айланасында жардыруулардын үнү угулганын жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундардын өлүмү тууралуу же үн катпайт же украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап коет.
29-январга карата маалымат боюнча, фронт тилкесинде бир суткада 174 жерде атышуу, кармаш болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Айрыкча Покровск багытында абал жеңил эмес болуп жатканы кабарланды.
Украинанын Одесса облусунда, Дунайдын жээгиндеги Килия портунда Орусиянын дрон чабуулунан 29-январга караган түнү өрт тутанганын «Одесса INFO» Телеграм-каналы маалымдады. Жергиликтүү мониторинг каналдары андан бир нече саат мурдараак Калия тарапка согуштук дрондор учуп баратканын кабарлашкан.
Украинанын түндүк-чыгышындагы бир нече облуста абадан эскертүү берилип, борбор калаа Киевде абадан коргонуу системалары иштеп жатканы айтылды.
Ал тапта украиналык DeepState долбоору өзүнүн кезектеги баяндамасында фронт тилкесинин картасын жарыялап, Украинанын дагы бир шаары Великая Новоселка орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Бул чакан шаар Донецк, Запорожье жана Днепропетров облустарынын чек арасы кесилишкен жердеги стратегиялык мааниге ээ тилке.
Орусиянын Коргоо министрлиги Великая Новоселка алынганын 26-январда жарыялаган, бирок Украинанын расмий органдары азырынча расмий комментарий бере элек.
Аталган шаар үчүн кармаш эки ай уланды. Орусия Украинага кол салганга чейинки мезгилде шаарда беш миңдей калк жашачу.
Украинанын Днепр шаарында дүйшөмбүгө караган түнү дрон чабуулунан көп кабаттуу үч турак жай жабыркады.
Аймактын өзгөчө кырдаал кызматы билдиргендей, тогуз кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыкты. Дагы эки турак жайга зыян келтирилип, өрт өчүрүүчүлөр өрттү убагында өчүрүүгө жетишти.
Днепрдин Самара районунда инфраструктура объектиси, үч жер там да дрон соккусунан жабыркаганы айтылды.
Украина тарап Ивано-Франков жана Сумы облустарындагы маанилүү инфраструктура жайлары бутага алынганын билдирди. Орусия тарап комментарий бере элек.
Орус Коргоо министрлиги түнү Орусиянын аймагында 32 дрон атып түшүрүлгөнүн, анын 15и Воронеж, 11и Белгород, калганы Курск, Орлов жана Тверь облустарында жок кылынганын кабарлады.
Белгороддун Грайворон районунда электр линиясы менен газ түтүгү зыянга учурап, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калганын кабарлады.
Донецк облусундагы Покровск шаарынан бардык балдар эвакуацияланганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Кабарга караганда, орусиялык аскерлер алга жылып, калаа борборунан 5 километр жерге чейин жетишти.
Согушка чейин Покровканын калкы 380 миң киши болчу. Ушу тапта 10 миндей киши калганын шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Добряк билдирди. Анын айтуусунда, айрым үй-бүлөлөр балдары менен коопсуз жерлерге көчүрүлүп, бирок кайра кайтып келген учурлар болгон. Аларды кайра эвакуациялоого туура келген. Азыр жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн алып кетип жатышат.
Украиналык DeepState аналитикалык борбору орус армиясы Донецк облусунун түштүгүндө алдыга жылып, Времовка айылын көзөмөлгө алганын, Великая Новосёлканы дээрлик толугу менен ээлегенин маалымдады.
Орусиялык согушчул блогерлер Великая Новосёлканын борборунда орус желеги орнотулганын жазышууда. Орусиянын Коргоо министрлиги ал калктуу жай үчүн кармаш уланып жатканын билдирди.
Украин куралдуу күчтөрүнүн «Хортица» оперативдүү-стратегиялык тобунун өкүлү Виктор Трегубов Великая Новосёлка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү деп айтууга болбосун маалымдады. Ал эми 110-мотобригаданын командачылыгы украин аскерлери ал айылда курчоого алынат деген коркунуч жок экенин Телеграм-каналга жазды.
Ошол эле маалда украин аскерлери Великая Новосёлкадан чегинишкенин, бирок толугу менен ал жактан чыгып кетпегенин маалымдады.
Согуш жүрүп жаткан жерлерден түшкөн маалыматтарды ыкчам түрдө көз карандысыз тараптардан тастыктоо мүмкүн эмес.