Орус армиясынын Полтава шаарындагы ракеталык соккусунан улам каза болгондордун саны 14кө жетти. Анын экөө жаш балдар. Полтава облустук администрациясы бери дегенде 17 киши жабыркаганын, анын төртөө жаш балдар экенин билдирип жатат.
1-февраль күнү эрте менен орус армиясынын ракетасы Полтавадагы беш кабат турак үйгө тийген. Соккудан улам имараттын бир подъезди кулап түшкөн. Куткаруучулар урандынын астынан 22 кишини алып чыгышкан.
Владимир Зеленский Украинага көбүрөөк колдоолор жана абага каршы коргонуу куралдары зарыл болуп турганын билдирген.
Зеленскийдин билдирүүсү боюнча, 31-январда жана 1-февралда эртең менен Украинанын Полтава, Запаорожье, Одесса, Сумск, Харьков, Хмельницк жана Киев облустары орус соккусуна кабылган.
Орус тарап Полтавадагы сокку тууралуу комментарий берген жок.
Украина: Орус армиясынын Полтавадагы соккусунун курмандыктары 12ге жетти
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганада, Орусиянын Полтавага 1-февралда урган соккусунан каза тапкандар 12 кишиге жетти. Анын экөө балдар.
Дагы 17 киши, арасында төрт бала жараат алды. 22 киши куткарылды. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланууда.
Украин аскерлеринин билдиришинче, орус армиясы ишемби күнү кечинде Курск облусунун Суджа шаарындагы мектеп интернатынын имаратына сокку урду. Имарат өткөн жылдын август айынан бери украин армиясынын көзөмөлүндө турган. Орусиянын Коргоо министрлиги соккуга украин аскерлерин айыптоодо.
Башкарылма авиабомба менен урулган сокку тууралуу алгач Суджада иштеп жаткан украин комендатурасы, андан кийин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн (ВСУ) Башкы штабы кабар таркатты. Сокку маалында имаратта эвакуацияга камынып жаткан жай тургундар болгону айтылат.
Ишембинин кечинде Украина армиясынын Башкы штабы Суджадагы соккудан 4 киши курман болгонун, төртөө оор жарадар экенин жана 84 жабырлануучу канааттандырарлык абалда экенин кабарлады. Жеринде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Мурдараак украин комендатурасынын өкүлү интернаттын имаратында 95 киши болгонун, негизинен кары-картаңдар жана майыптар экенин, алардын көпчүлүгү урандынын астында калышканын билдирген.
Башкы штаб имаратта ондогон адамдар, алардын ичинде аялдар жана балдар бар экенин билдирүүдө. Соккунун кесепеттерин көрсөткөн видеону дагы жарыялашты. Музыка менен коштолгон видеодо мектеп-интернаттын жарым-жартылай бузулган имаратынын сүрөттөрү көрүнөт.
Башкы штабдын маалыматында Суджадагы интернатка урулган сокку “орус бийлигинин жайкын калкка каршы кезектеги аскердик кылмышы” деп аталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече сааттан кийин Суджадагы окуя боюнча өзүнүн маалыматын чыгарды. Мекеме интернатка урулган соккуну ырастап, бирок аны украин аскерлери жасаганын билдирди. Соккунун максаты чагым жасоо деп аталган. “Сумы облусунан душман ракета учурганын орус абага каршы коргонуу каражаттары байкаганы” айтылат. Мурдараак ушундай эле маалыматтар Орусиянын бир катар аскердик телеграм-каналдарында да пайда болгон. Украина тарап сыяктуу эле, Орусиянын Коргоо министрлиги дагы окуяны аскердик кылмыш деп атоодо.
Согуштан жана Суджада байланыштын жоктугунан улам тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес. Тараптар буга чейин да бири-бирин жарандык жайларга максаттуу сокку урууга айыптап келишкен
31-январда кечинде Орусиянын армиясы Украинанын Одесса облусуна ракетадан сокку уруп, жети киши жараат алды, тарыхый жай зыян тартты. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Киперге шилтеме кылып “Свобода” радиосу жазды.
Анын айтымында, жараат алгандардын бардыгы ооруканага жаткырылды, алардын абалы орточо оор деп бааланып жатат. Каза болгондор жок экени кабарланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский сокку урулган аймакта норвегиялык дипломаттар дагы болгонун билдирди.
Мындан сырткары Орусия армиясынын соккусунан ЮНЕСКОнун коргоо аймагындагы бир нече имарат зыян тартты. Алардын катарында музей, филармония жана XIX кылымда курулган “Бристоль” тарыхый мейманкана дагы бар.
Зеленский орус тараптын Одессадагы тарыхый жайларды аткылоосун “атайылап жасалган сокку” деп атады.
Украинанын ыктыярчылардан турган “Юг” армиясынын өкүлү Сергей Братчук Орусия оккупацияланган Крым аймагынан болжол менен "Искандер-М" ракетасы менен атканын белгиледи.
Учурда чабуулдун жагдайлары дагы такталып жатканы кабарланды. Аскерий кылмыш беренеси боюнча иш козголду.
Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карай Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин эске салган.