Орус аскерлеринин Харьковдун Изюм шаарына урган соккусунан карапайым төрт киши набыт болду, 24ү жараат алды. Бул тууралуу аймактын башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Алдын ала маалыматка караганда, орус армиясы шаардын борборуна аткан ракета административдик имаратка тийген. Жабыркагандар, арасында 15 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилип, үчөөнө операция жасалды.
Соккудан көп кабаттуу бир нече турак жай жана дагы бир административдик имарат зыян тартты. Синегубов ал жакта аскердик жайлар жок экенин кошумчалады.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 4-февралга караган түнү Орусия 65 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, 37си атып түшүрүлгөнүн, калгандардын локациясы табылбай калганын билдирди.
Мындан тышкары украин бийлиги Сумы аймагында тогуз турак үй, Черкасы облусунда үч менчик ишкана, Днепропетровск облусунда темир жол депосу жабыркаганын маалымдады.
Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн жарандык жайларын жана жайкын тургундарын бутага алганын танып келатат.
БУУнун Украинадагы адам укуктарынын абалына көз салган миссиясы былтыркы август айынан бери Орусиянын туткунуна түшкөн украиналык 79 аскер сотсуз өмүрүнөн ажыратылганын каттады.
Миссиянын маалыматына караганда, багынып берген же колго түшкөн жоокерлердин көбү ошол эле жерде атып өлтүрүлгөн. Күбөлөр куралсыз жана жарадар болгон аскерлерди да атып салуу учурларын айтып беришкен.
Рейтер агенттиги жазгандай, БУУнун тобу 79 аскер өлтүрүлгөн 24 окуянын материалдарын талдап чыгып, күбөлөр менен маектешкен. Геолокация жана окуялардын хронологиясы сотсуз атып салуу учурлары орус армиясы чабуул койгон райондордо болгонун көрсөтүүдө.
Мисиянын жетекчиси Даниэл Белл белгилегендей: «Орусиянын коомдук ишмерлери туткундалган украин аскерлерине ырайымсыз мамиле кылууга, атүгүл атып салууга ачыктаначык чакырып жүрүшөт. Мындай билдирүүлөр мыйзамсыз иштерге тукуруп же шыкакташы мүмкүн».
БУУнун өкүлү орусиялык командирлер соттун өкүмүсуз өмүрдөн ажыратуу учурларын иликтеши, согуш туткундарына гумандуу мамиле жасоону эске салышы керектигин айтты.
Орусиянын Коргоо министрлиги Рейтер агенттигинин бул маалыматка комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига согуш кылмыштарын жасагандарды жоопко тартуу үчүн «жаңы жана натыйжалуу ыкма» зарыл деп билдирди.
Былтыр декабрда Украина парламентинин омбудсмени Дмитрий Лубинец Орусия басып киргенден бери украиналык 177 туткундун көзү тазаланганын билдирген. Анын айтымында, абал 2024-жылы кескин начаралган. Баш прокурордун маалыматына ылайык, андай учурлардын көбү Донецк облусуна туура келет.
БУУнун миссиясы ошондой эле туткунга түшкөн орусиялык аскердин украин жоокерлери тарабынан өлтүрүлүшүн каттаган. Ал окуянын чоо-жайы маалымдалган жок.
Тараптар туккундарга ырайымсыз мамиле кылууда деп бири-бирин айыптап келатышат.
Согуш туткундарын өлтүрүү Женева конвенциясын бузуу, согуш кылмышы болуп эсептелет.
Орус армиясынын Херсон облусуна урулган соккусунан бир киши набыт болду, кеминде 13 тургун, арасында эки наристе жабыркады. Бул тууралуу 3-февралда жергиликтүү администрация билдирди.
Бийлик бутага маанилүү инфраструктура, турак жайлар жайгашкан райондор алынганын айыптады. 24 саатта төрт көп кабаттуу үй жана 21 жер там зыян тартты. Бардыгы болуп облустагы калк жашаган 28 айыл-кыштакка сокку урулган.
Маалыматка караганда, Херсондо, Антоновкада жана Бериславда пилотсуз учактар көчөдөгү кишилерге каршы колдонулган.
Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин ага чейин дрондор Херсон шаарында эл ташыган унааны бутага алганын, беш киши, анын ичинде эки бала жарадар болгонун маалымдаган. Жетекчи ошондой эле жарым-жартылай ураган үйдүн, өрттөнүп жаткан машинанын видеосун чыгарды.
Ал арада Полтавада аман калгандарды издөө иши токтоду. 1-февралда көп кабаттуу үйгө урулган сокку 14 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы билдирди.
БУУнун январдын башында жарыялаган маалыматы боюнча Орусия кошуна өлкөсүнө кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада 12 миңден ашуун жайкын тургун каза тапты, 27 миңге жакыны жарадар болду. Уюм реалдуу сандар мындан жогору болушу ыктымал деп болжолдойт.
Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келатат.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен "жетишерлик жакшы" талкуу жүрүп жатканын, ал эми анын администрациясы эки өлкө менен да, башка жактар менен да "жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү" пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын 3-февралда "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
"Ар кыл тараптар, анын ичинде Украина жана Орусия менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр пландалууда. Дискуссия жетишерлик жакшы жүрүп жатат деген ойдомун", - деген Трамп андан башка деталдарды айткан жок.
Андан бир нече саат мурдараак Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Кит Келлогг эгер эки тарап тең согушту токтотуу келишимине жетишүүгө үмүттөнүп жатса шарттарга макул болушу керек экенин эскерткен.
Трамп орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин айткан. Бирок Кремль Вашингтондон азырынча эч кандай конкреттүү сунуш боло электигин билдирген.
Украин президенти Владимир Зеленский Associated Press агенттигине курган маегинде согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү расмий Киевсиз өткөрүүнү кооптуу идея деп атаган.
Орус армиясынын Украинанын Полтава шаарындагы ракеталык соккусунан улам каза болгондордун саны 14кө жетти, арасында бир нече бала бар. 1-февраль күнү эртең менен орус армиясынын ракетасы Полтавадагы беш кабат үйгө тийген. Соккудан улам имараттын бир подъезди кулап түшкөн.
Зеленский Украинага көбүрөөк колдоо жана абага каршы коргонуу куралдары зарыл болуп турганын билдирген.