Москва менен Вашингтондун Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча байланышы күчөгөнүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.
"Айрым ведомстволордун ортосунда чындыгында байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.
Песков ошондой эле орус президенти Путиндин украин лидерин легитимсиз деп бир нече жолу айтканына карабай, Москва Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.
Шейшембиде украин президенти Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.
"Эгер бул украиндерге тынчтык алып келип, адамдардын өлүмүн алдын ала турган болсо, биз мындай жолго да барууга даярбыз ", - деди Зеленский.
3-февралда Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп жатканын, анын администрациясы болсо эки өлкө менен, башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген.
Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.
Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бир миллион доллар бөлүү тууралуу жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын расмий сайтына 5-февралда жарыяланган маалыматка караганда, каражатты Азербайжандын Энергетика министрлиги алат.
Министрлик электр жабдууларды сатып алып, Украинага жөнөтүшү керек. Алиев кол койгон документте Баку менен Киевдин мамилеси достук жана өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканы белгиленди жана "Украинадагы кырдаалга байланыштуу украин элине бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү", - деп жазылды.
Азербайжан 2023-жылы гумжардам катары Украинага 7,6 млн долларлык электр каражаттарын жөнөткөн.
Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Алиев Баку бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген. "Биз башка өлкөлөр сыяктуу Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз жана муну ачык билдиребиз, дарактын артына жашынбайбыз”, - деген ал.
Өткөн жылы Чеченстанда Азербайжандын үч жараны – Нихад Рзаев, Эльхан Ширинов жана Вугар Магеррамов кармалганына байланыштуу Баку Орусиядан азербайжан жарандарынын укугун коргоону талап кылган. Азербайжан өз жарандары Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлгөнүн билдирген.
Харьковдун бийлиги "Шахед" дрондорунун соккусуна кабылганын билдирди.
Сокку 5-февралга караган түнү болгонун шаар мэри Игорь Терехов маалымдады.
Анын айтымында, бутага Салтов районундагы административдик имарат туш болуп, өрт чыккан, анын тушундагы көп кабаттуу үйдүн терезелери талкаланды.
Дагы бир чабуул шаардын Основянский районунда болуп, өрт чыкканы кабарланды.
Британиянын тышкы иштер министри Киевге барды
Украинадагы сапары учурунда Дэвид Лэмми өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого байланышкан биргелешкен долбоорлорду, мындан аркы кызматташтыкты талкуулай турганы күтулүп жатат.
Украинанын Британиядагы элчиси Валерий Залужный билдиргендей, Лэмми Киевге каржылык колдоо үчүн Лондон кошумча 55 миллион фунт стерлинг бөлөрүн жарыялайт.
Сапар Киев АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы менен тыгыз мамиле курууга умтулуп жаткан учурга туш келди.
Трамп үч жылдан бери уланып жаткан украин-орус согушуна тез арада чекит коерун айткан.