Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.

АКШ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү Абу-Дабиде кайрадан жолугушат

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:44 8.2.2025

Украина ишембиге караган түнү Орусиянын армиясы 140тай дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Өлкөнүн Аба күчтөрү анын теңине жакыны атып түшүрүлгөнүн, калганы максатына жетпей, жолдон жоголуп кеткенин, жалпысынан 14 облус бутага алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, Сумы, Полтава, Днепропетровск жана Киев облустарында айрым турак жайлар, имараттар жабыркады, өрт чыккан учурлар катталды. Набыт болгондор, жараат алгандар жок.

Киев облусунда айгай салган система жети сааттан ашык убакыт иштеди.

Орусия өз кезегинде 8-февралга караган түнү үч аймагы украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын, турак жайлар, ишканалардын имараты жабыркаганын маалымдады.

Ростов-на-Дону аймагынын башчысы Юрий Слюсарь 14 кабаттуу үйдүн терезелери сынып, 70тей киши эвакуацияланганын, дагы бир үйдүн газ түтүгү жарылганын кабарлады.

Соңку учурда Украина жооп кайтарып, Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп келет.

17:06 7.2.2025

Дональд Трамптын администрациясы Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу The New York Post басылмасына курган маегинде АКШ президентинин Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог билдирди. Ал ошондой эле Киев да, Москва да эпке келүүгө аргасыз болорун кошумчалады.

"Санкцияларды чындап күчөтсө болот, өзгөчө соңку санкцияларды (ред.: мунай өндүрүүнү жана экспорттоону чектөө)", - деди ал.

Келлогдун айтымында, Трамп "согушту токтотуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө" аракеттенип жатат.

Атайын өкүл Орусия фронттогу жапырт жоготууларга анчейин тынчсызданбай турганын кошумчалады.

"Алар буга көнгөн. Бул өлкө жоготууларга даяр, Сталинград салгылашуусунда жарым жылда 700 миң адамын жоготкондо да тоготкон эмес", - деген Келлог Орусияга бир гана аскердик жактан эмес, экономикалык жана дипломатиялык жактан да басым жасоо керек экенин белгиледи.

Президент Трамп былтыр шайлоо өнөктүгүнүн маалында Украинадагы согушту кызматка киришери менен токтоторун убада кылган. 20-январда ант берип, ишке киришкен соң ал жакынкы алты айда же андан аз убакытта бул маселени чечүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Кремль соңку күндөрү бул багытта АКШ менен байланыш күчөгөнүн маалымдаган.

17:05 7.2.2025

Украина Орусиянын Курск облусунда аскердик операциясын баштаганына туура жарым жыл болду.

"Бүгүн Курск операциясына алты ай болду. Орусиянын аймагындагы активдүү аракеттерибиздин натыйжасында биз согушту Орусияга кайтардык", - деди Зеленский 7-февралга караган түнү жасаган кайрылуусунда.

Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Кийинчерээк Зеленский бул кадамды Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.

Харьков Украинанын экинчи чоң шаары болуп саналат.

"Кайсы бир учурда согушту дипломатиялык жол менен жайгаруу баскычына жеткенде бул операция канчалык маанилүү болгонун көрөсүңөр", - деген Зеленский 5-февралда курган маектеринин биринде.

Зеленскийдин кеңсеси Украина чек аралаш аймактарда жашаган жүздөгөн карапайым орус жарандарына чыгып кетүүгө шарт түзүү үчүн гуманитардык коридор ачууга даяр экенин 6-февралда билдирди. Курск облусунун райондорунда 1500дөй жайкын тургундар калууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана украиналык блогерлеи соңку күндөрү украин армиясы бир катар айыл-кыштактардын тегерегинде чабуулдарын күчөткөнүн жазышкан. Зеленский бул тууралуу үн каткан жок. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги украин армиясынын кезектеги чабуулунун мизин кайтарганын, украиндер чоң жоготууларга учураганын кабарлады. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

21:52 6.2.2025

Москва менен Киев сүйлөшүүгө даярбы?

Кремль АКШ менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.

Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Вашингтондун байланышы күчөгөнүн 5-февралда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Айрым мекемелердин ортосунда иш жүзүндө байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.

Ал ошондой эле орус президенти Путиндин украин лидерин "легитимсиз" деп бир нече жолу айтканына карабай, Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин айткан. Зеленский ошондой АКШ менен Украинанын да сүйлөшүүлөрү илгерилегенин дагы билдирди:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Биз АКШ администрациясы менен байланыштарды олуттуу түрдө активдештирип жатабыз. Украинага реалдуу, туруктуу жана кепилдик берилген тынчтык керек. Биз күчтүү дипломатияга ачыкпыз. Ал үчүн бизге жоокерлерибиздин туруктуулугу, армиябыздын эффективдүүлүгү жана күчтөрүбүздү модернизациялоо керек»".

5-февралдагы бул билдирүүсүндө Зеленский Украина АКШдан жардам алууну улантып жатканын, бирок жаңы жардам пакети тууралуу сүйлөшүүлөр боло электигин кошумчалады.

Ал тапта Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, АКШ президенти Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Мюнхен конференциясында согушту жайгаруу планын сунуштарын жазды. Маалыматка караганда, жыйын 14-16-февраль күндөрү өтөт.

Кит Келлог
Кит Келлог

"Мен Дональд Трамптын Украинадагы абдан кымбатка турган кандуу согушту токтотуу максаты тууралуу сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн", - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

Буга чейин Келлог Трамптын командасында согушту токтотуп, Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча ишенимдүү план бар экенин билдирген.

Вашингтондун планынын чоо-жайы азырынча белгисиз. Bloomberg белгилегендей, соңку жумаларда Келлог жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү өз сөздөрүндө "күч аркылуу тынчтыкка жетүү" планы тууралуу кыйытып келишкен. Ага ылайык, куралдуу жаңжал убактылуу токтотулуп, Орусия оккупациялап алган аймактардын макамы арсар абалда калат. Андан тышкары Украинанын коопсуздугуна кепилдик берилери күтүлүүдө. Бирок анын шарттары азырынча белгисиз.

3-февралда Трамп Украина жана Орусия менен “жетишерлик жакшы” талкуу жүрүп, анын администрациясы эки өлкө жана башка тараптар менен да “жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү” пландап жатканын билдирген.

Кремль буга чейин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын сунуш кылган. Расмий Москва ал үчүн Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таанып, Украинага бейтарап макам берүү жана санкцияларды алып салуу талабын койгон.

Владимир Зеленский муну ультиматум катары баалап, НАТОнун коопсуздук кепилдигин жана курал-жарак жеткирүүнү улантууну талап кылган.

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып кирип, ар тараптан согуш ачкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG